Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 13-апрели, № 137-б
Жалпы билим берүүчү уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 28-ноябрындагы № 190 Мыйзамы менен ратификациялынган Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы "Билим берүү секторун реформалоого контракт" (DCI-ASIE/2015/037-809) программасы боюнча финансылык макулдашуунун шарттарынын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашып, 2018-жылдын башына карата Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетиндеги каражаттардын калдыгынын эсебинен компьютер жана компьютердик жабдууларды сатып алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине 30,0 (отуз) миллион сом өлчөмүндө кошумча финансы каражаттарын бөлсүн;
- "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул буйругунан келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү караштырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыздасын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жана билим берүү маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С. Дж. Исаков |