КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 31-декабры № 517-б
Кыргыз Республикасынын жарандарына идентификациялык жеке номер ыйгаруунун жол-жобосун өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматы:
- 2020-жылдын 10-январынан 31-августуна чейин мамлекеттик жөлөкпулдарды алуу үчүн кайрылган жарандардын идентификациялык жеке номерин алууга арыздарын кабыл алуу жана каттоо функциясын Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин аткаруусу жана аларды андан ары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын идентификациялык жеке номерди ыйгарган аймактык органдарына өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоорду Чүй облусунун Ысык-Ата, Аламүдүн, Москва райондорунда жана Бишкек шаарынын Свердлов районунун аймагында өткөрсүн;
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-августундагы № 279-б буйругунун редакциясына ылайык)
- пилоттук долбоордун алкагында мамлекеттик жөлөкпулдар үчүн кайрылган, идентификациялык жеке номери жок жарандарга идентификациялык жеке номерди ыйгаруу максатында эки жумалык мөөнөттө ведомстволор аралык электрондук маалымат алмашуу боюнча өз ара аракеттенүү тартибин иштеп чыксын жана өзүнүн чечими менен бекитсин;
- пилоттук долбоорду өткөрүүгө байланышкан уюштуруу-техникалык маселелерди чечсин;
- калк арасында пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө түшүндүрүү-маалымат берүү иштерин жүргүзсүн;
- 2020-жылдын 15-сентябрына чейинки мөөнөттө пилоттук долбоорду аткаруунун жыйынтыктарын жалпыласын, мамлекеттик жөлөкпулдар үчүн кайрылган жарандарга идентификациялык жеке номерди ыйгаруу бөлүгүндө ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу негизде уюштуруу боюнча сунуштарды пилоттук долбоорду ишке ашыруунун оң натыйжалары менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-августундагы № 279-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүгүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | К.А. Боронов |