Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 17-январы № 10-б
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 10-январындагы № 2 "Исхак Раззаковдун туулган күнүнүн 110 жылдыгын майрамдоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле иш-чараларды өз убагында даярдоо жана улуттук жогорку деңгээлде ийгиликтүү өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Исхак Раззаковдун туулган күнүнүн 110 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Исхак Раззаковдун туулган күнүнүн 110 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын белгиленген тартипте иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен зарыл болгон финансы каражаттарын бөлүп берүүнү караштырсын.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Исхак Раззаковдун туулган күнүнүн 110 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ
Кызматы боюнча:
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри;
Кыргыз Республикасынын Финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти;
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору.
Жекече:
Тиллаев Таабалды Гапырович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Шарапов Закир Эшматович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Орозова Карамат Бабашевна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Джумагулов Апас Джумагулович | - | мамлекеттик жана саясий ишмер (макулдашуу боюнча); |
Мамытов Миталип Мамытович | - | мамлекеттик жана саясий ишмер (макулдашуу боюнча); |
Мадаминов Гапыр Маматкулович | - | коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); |
Молдокасымов Кыяс Сатарович | - | коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); |
Осмонов Замирбек Бабакулович | - | "И.Раззаковдун Республикалык фонду" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Артыков Ажимурат Ашимович | - | Исхак Раззаковдун тууганы (макулдашуу боюнча). |