Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 20-марты № 92-б
Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирус инфекциясынын кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүү, экономикалык чараларды ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 114 жана 115-беренелерине, "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Ушул буйруктун тиркемесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар, мамлекеттик мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары (макулдашуу боюнча) үчүн 2020-жылдын 22, 28, 29-марты, 4, 5, 7, 11, 12, 26 апрели, 2, 3, 4-майы иш күндөрү деп белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-апрелиндеги № 139-б, 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 155-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
2. Ушул буйруктун тиркемесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын, мамлекеттик мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) жетекчилери:
- Кыргыз Республикасынын эмгектик укук мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамдарына ылайык ушул буйруктун 1-пунктунда аталган иш күндөрүндө иштөөчү кызматкерлердин (кызматчылардын) тизмесин аныкташсын;
- ушул буйруктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды ыкчам тартипте көрүшсүн.
3. Рекомендовать коммерческим банкам Кыргызской Республики, осуществляющим обслуживание бюджетных учреждений:
- объявить 22, 28, 29 марта, 4, 5, 7, 11, 12, 25, 26 апреля, 2, 3, 4 мая 2020 года рабочими днями;
- определить список работников, которые будут привлечены для осуществления трудовой деятельности в рабочие дни, указанные в абзаце втором настоящего пункта, в соответствии с законодательством Кыргызской Республики, регулирующим трудовые правоотношения;
- в срочном порядке принять соответствующие меры, вытекающие из настоящего распоряжения.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-апрелиндеги № 139-б, 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 155-б буйруктарынын редакцияларына ылайык
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
2020-жылдын 22, 28, 29-марты, 4, 5, 7, 11, 12, 25, 26-апрели, 2,3,4,-майы иш күндөрү деп белгиленген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, мамлекеттик мекемелеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ТИЗМЕСИ
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-апрелиндеги № 139-б, 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 155-б буйруктарынын редакцияларына ылайык
№ | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, мамлекеттик ишканаларынын жана мекемелеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын аталышы |
1 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты |
2 | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
3 | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
4 | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
5 | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
6 | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
7 | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги |
8 | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги |
9 | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
10 | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
11 | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
12 | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги |
13 | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги |
14 | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети |
15 | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети |
16 | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети |
17 | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети |
18 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги |
19 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
20 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
21 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы |
22 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) |
23 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы |
24 | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы |
25 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду |
26 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду |
27 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд |
28 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция |
29 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция |
30 | Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги |
31 | Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы |
32 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү |
33 | Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар |
34 | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы (макулдашуу боюнча) |
35 | Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик корпорациясы |
36 | Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агентствосу (макулдашуу боюнча) |
37 | Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэрияларынын муниципалдык администрациялары, облустук жана райондук маанидеги шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча) |
38 | Айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча) |