Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 27-марты № 108-б
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 короновирустук инфекциясын дүйнөдө пандемия деп жарыялагандыгына жана Кыргыз Республикасынын аймагында короновирустук инфекцияны жаны жуктургандар табылышына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймактарында өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал киргизилгендигине байланыштуу, тамак-аш менен камсыздоо максатында:
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-июнундагы № 200-буйрукунун редакциясына ылайык
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети республикалык бюджеттен каралган каражаттардын эсебинен өзгөчө абалдын, өзгөчө кырдаалдын режимин камсыздоо боюнча милдеттерин аткаруу үчүн блокпостторго жана санитардык-карантиндик постторго тартылган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын аскер кызматчыларын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактво министрлигинин, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерин белгиленген тартипте тамак-аш менен камсыздасын.
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-июнундагы № 200-буйрукунун редакциясына ылайык
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган министрликтердин сметаларынын эсебинен «Тамак-аш азыктарын сатып алуу» 2218-беренеси боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине кошумча чыгымдар сметасын карасын.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
К.А. Боронов |