Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 3-июну № 200-б
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерин өзгөчө кырдаал учурунда тамак-аш менен андан ары камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-мартындагы № 108-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1) преамбуласындагы "айрым аймактарында өзгөчө абал" деген сөздөр "аймактарында өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети республикалык бюджеттен каралган каражаттардын эсебинен өзгөчө абалдын, өзгөчө кырдаалдын режимин камсыздоо боюнча милдеттерин аткаруу үчүн блокпостторго жана санитардык-карантиндик постторго тартылган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын аскер кызматчыларын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактво министрлигинин, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерин белгиленген тартипте тамак-аш менен камсыздасын.".
2. Ушул буйрук 2020-жылдын 17-майынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министрдин милдетин атакаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
К.А. Боронов |