Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 6-февралы № 36-б
Айылдык товар өндүрүүчүлөргө 2020-жылы сезондуу талаачылык айыл чарба жумуштарын өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI токтому менен бекитилген 2018-2022-жылдардагы мезгилде Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн "Биримдик. Ишеним. Жаратмандык" программасына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. 2020-жылы сезондуу талаачылык айыл чарба жумуштарын жүргүзүү боюнча иш-чаралардын планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги сунуштаган 2020-жылдын түшүмүн алуу үчүн эгилүүчү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн аянттарынын түзүмүн 2-тиркемеге ылайык аткарууга кабыл алышсын.
3. Кыргыз Республикасынын Нефтетрейдерлер ассоциациясына 2020-жылы сезондуу талаачылык айыл чарба жумуштарын жүргүзүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн пайдалануусу үчүн нефти базаларда жана май куюучу станцияларда дизелдик отунду жана башка күйүүчү-майлоочу материалдарды 3-тиркемеге ылайык көлөмдө топтоо сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына төмөнкүдөй берсин:
- жазгы талаа жумуштарынын бүткөрүлүшү жөнүндө - 2020-жылдын 15-июлуна чейин;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо жумуштарынын бүткөрүлүшү жөнүндө - 2020-жылдын 15-ноябрына чейин;
- кылкандуу күздүк дан эгиндерин себүү жумуштарынын бүткөрүлүшү жөнүндө - 2020-жылдын 25-декабрына чейин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д. Абылгазиев |
|
| 1-тиркеме |
2020-жылы сезондуу талаачылык айыл чарба жумуштарын жүргүзүү боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Максаттар | Коюлган максаттарды аткаруу боюнча иш-чаралар | Индикатор - күтүлүүчү натыйжа | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булактары | |
1-компонент. "Жашыл" айыл чарба методдорун киргизүү жана кластердик ыкманы илгерилетүүгө көмөктөшүү | |||||||
1 | Органикалык, ресурс сактоочу жана так айыл чарба методдорун киргизүү | Айылдык товар өндүрүүчүлөр үчүн "Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбасын жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү: укуктук жана практикалык аспекттер", "Климат өзгөрүлгөн шартта ресурс сактоочу технологиялар" жана "Айыл чарбасындагы санариптештирүү: так дыйканчылыктын технологиялары" деген темаларда окутуучу иш-чараларды өткөрүү (агрозоовет окуулар, "Талаа күндөрү", тегерек столдор, конференциялар ж.б.). | Айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн айыл чарба өндүрүшүндөгү органикалык, ресурс сактоочу жана так методдор жөнүндө маалымдуулугунун деңгээли жогорулатылды жана аларга өтүүгө түрткү берилди | Ар дайым | АЧТММ, КРӨ ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), донор уюмдар (макулдашуу боюнча) | АЧТММ, ЖМА, донор уюмдар (макулдашуу боюнча) | |
"Жер кыртышынын деградация болуусу жана аны менен күрөшүү методдору" жана "Топурак анализи бул жер иштетүүнү үнөмдүү колдонуунун негизи" темасында айылдык товар өндүрүүчүлөргө практикалык семинарларды өткөрүү | Жерди үнөмдүү колдонуунун жана климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттерин жеңилдетүү боюнча технологиялар киргизилди | 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгында | АЧТММ, ЖРМА, КРӨ ЫУӨ, ЖМА, | АЧТММ, ЖМА, донор уюмдар (макулдашуу боюнча) | |||
2 | Агро токойчулук методдорун чарба практикасына киргизүү | "Туздуу жана топурактын эрозиясына каршы агро токойчулук методдору" темасында айылдык товар өндүрүүчүлөргө практикалык семинарларды өткөрүү | Топурактын эрозиясын, туздуулугун жок кылуу, топурактын структурасын жакшыртуу жана күрдүүлүгүн жогорулатуу | 2020-жылдын 1-кварталында | АЧТММ, КРӨ ЫУӨ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ММК (макулдашуу боюнча) | АЧТММ, ЖМА, донор уюмдар (макулдашуу боюнча) | |
3 | Өсүмдүк өстүрүү тармагындагы интеграциялык процесстерге түрткү берүү | Айылдык товар өндүрүүчүлөргө "Үрөнчүлүк секторундагы кооперация" жана "Өсүмдүк өстүрүү тармагындагы натыйжалуулукту жогорулатууда кластеризациянын ролу" темаларындагы окутуу иш-чараларын уюштуруу | Үрөн материалынын сапатын жогорулатуу үчүн майда дыйкан чарбаларды ири үрөнчүлүк чарбаларына консолидациялоо. Кооперациянын ар кандай формаларынын артыкчылыктары жөнүндө дыйкандардын жана фермерлердин маалымдуулугун жогорулатуу | 2020-жылдын I кварталында | АЧТММ, КРӨ ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | АЧТММ, ЖМА, донор уюмдар (макулдашуу боюнча) | |
4 | Мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн олтургузулуучу сапаттуу материалдарын өндүрүү | Мөмө-жемиш питомниктерине инвентаризация жүргүзүү | Мөмө-жемиш питомниктерин кайра жандандыруу боюнча чара көрүү үчүн алардын учурдагы абалын аныктоо | 2020-жылдын I кварталында | АЧТММ, КРӨ ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Талап кылынбайт | |
5 | Өсүмдүктүн зыянкечтерине жана илдеттерине каршы биологиялык жана интеграциялык ыкмаларды колдонууну жайылтуу | Энтомофагдарды жана биологиялык препараттарды өндүрүү көлөмүн жана колдонуу аянттарын кеңейтүү | Агроэкологиялык ыкмалардын негизинде айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү аянттарын кеңейтүү | Ар дайым | АЧТММ | Талап кылынбайт | |
Химиялык каражаттарды жана минералдык жер семирткичтерди чеги 1 менен колдонуу боюнча айылдык товар өндүрүүчүлөргө окуу иш-чараларын өткөрүү | Айлана-чөйрөнүн булгануу коркунучтарын азайтуу. Химиялык, биологиялык, физикалык ыкмаларынын айкалышына негизделген интеграциялык системаны колдонуунун мааниси тууралуу фермерлердин маалымдуулугун жогорулатуу | Ар дайым | АЧТММ | Талап кылынбайт | |||
6 | Айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнү адистештирүүнүн негизинде 2020-жылга карата себүү аянттарынын структурасын түзүү | 2020-жылга айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү боюнча региондорду адистештирүүнү аныктоо | Региондор боюнча өсүмдүк өстүрүү тармагын өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын аныктоо. Облустардын экспорттук потенциалын жогорулатуу | 2020-жылдын I кварталында | АЧТММ, КРӨ ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | АЧТММ, ЖМА | |
Адистештирүүгө ылайык бардык облустардын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү боюнча сунуштарды маалымдоо | Экспорттоого багытталган айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү | 2020-жылдын I кварталында | АЧТММ, КРӨ ЫУӨ, ЖМА, ЖМК (макулдашуу боюнча) | АЧТММ, ЖМА | |||
2-компонент. Жазгы талаа жумуштарын даярдануу жана өз убагында өткөрүү | |||||||
7 | Себүүчү материалдар менен камсыздоодо айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү | Дыйкан (фермердик) жана үрөн чарбаларынын ортосунда үрөндү дотациялоо механизми боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | Үрөн чарбаларынын жана фермерлердин үрөндү дотациялоо механизми тууралуу маалымдуулугунун деңгээлин жогорулатуу. Үрөндү бөлүштүрүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруунун ачык-айкындыгын камсыздоо жана айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн ишенимдерин жогорулатуу | 2020-жылдын I кварталында | АЧТММ, КРӨ ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Талап кылынбайт | |
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттук үрөндөрүнүн республикалык мамлекеттик үрөн фондусунда 2020-жылы жазгы себүүгө колдонуу үчүн рыноктук конъюктурага жана үрөн чарбаларында жана айыл чарба кооперативдеринде үрөндүн болуусунун көлөмүнө жараша жаздык буудайдын, жаздык арпанын, пахтанын, люцернанын, эспарцеттин, биринчи муундагы жүгөрүнүн гибриддеринин, ошондой эле уруктук картөшкөнүн сертификацияланган үрөндөрүн топтоо: - үрөн чарбаларында сорт жаңылоо жана сорт алмаштыруу үчүн супер элита жана элита үрөндөрүн; - дыйкандарда жана фермерлерде үрөндүн жетишсиздигин толуктоо үчүн сорттордун биринчи жана экинчи репродукцияларын жана биринчи муундагы жүгөрүнүн гибриддерин | Айыл чарба өсүмдүктөрүн жаздык себүүнүн белгиленген программасын аткаруу үчүн шарттарды түзүү. Үрөн чарбаларында сорт жаңылоо жана сорт алмаштыруу үчүн шарттарды түзүү | 2020-жылдын I кварталында | АЧТММ, ФМ, КРӨ ЫУӨ, ЖМА, үрөн чарбалары (макулдашуу боюнча), айыл чарба кооперативдери (макулдашуу боюнча) | 10 жылдык мөөнөткө айыл чарба техникасы түрүндө берилген кредиттерди кошпогондо, үрөн чарбаларынын жана айып чарба кооперативдеринин мамлекеттик зайым каражаттары боюнча карыздарын жоюунун эсебинен | |||
Мамлекеттик үрөн фондусунда топтолгон үрөндүн бардык көлөмүн себүү кондицияларына жеткирүү | Үрөндү себүүгө пайдалануу үчүн мүмкүнчүлүк түзүү | 2020-жылдын I жана II кварталдары | Үрөн чарбалары (макулдашуу боюнча), айыл чарба кооперативдери (макулдашуу боюнча), АЧТММ | Үрөн чарбаларынын жана айыл чарба кооперативдеринин каражаттарынын эсебинен | |||
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттук үрөндөрүнүн мамлекеттик үрөн фондусунда топтолгон кондицияланган үрөндүн бардык көлөмүн кийин үрөн чарбаларынын берүүсү менен үрөн алуучулар менен кредиттик келишимдерди жана күрөөлүк макулдашууларды түзүү жолу менен бөлүштүрүү | Жаңы жогорку түшүмдүү сортторду жана гибриддерди өндүрүшкө киргизүү; фермерлердин айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сертификацияланган үрөнүн алууларын камсыздоо; үрөндүк жана өндүрүштүк себүүлөрдүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу | 2020-жылдын 1-июнуна чейин | АЧТММ | Үрөн чарбаларынын жана айыл чарба кооперативдеринин жаздык үрөндөрдү пайызсыз товардык кредит шарттарында 2021-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө төлөө шарты менен берүүлөрү | |||
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттук үрөндөрүнүн республикалык мамлекеттик үрөн фондусунда топтоо иретинде үрөн чарбалары тарабынан себүүгө берилүүчү жаздык буудайдын, жаздык арпанын, пахтанын, люцернанын, эспарцеттин суперэлита, элита, биринчи жана экинчи репродукциядагы үрөндөрүнө, жүгөрүнүн биринчи муундагы гибриддерине, ошондой эле үрөндүк картөшкөгө сатып алуу бааларын белгилөө | Үрөн алуучуларга үрөндөрдү республикалык үрөн рыногунда түзүлгөн реалдуу бааларда, пайызсыз товардык кредит катары себүүгө сатып алуу үчүн шарттарды түзүү | 2019-жылдын 10-февралына чейин | Монополияга каршы агенттик, АЧТММ |
| |||
8 | Пайдаланылбаган айдоо жерлерин азайтуунун эсебинен 2, 3 миң га чейин жаңы жерлерди айыл чарбасында иштетүүгө киргизүү | Тамчылатып сугаруу, май жана кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн кургакчылыкка туруктуу сортторун өстүрүү жолу менен пайдаланылбаган айдоо жерлерин азайтуу боюнча иштерди жүргүзүү | Азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу. Фермерлердин кирешелерин көбөйтүү | 2020-жылдын 1-июнуна чейин | АЧТММ, КРӨ ЫУӨ, ЖМА |
| |
9 | Айыл чарба техникалары менен камсыздоодо жана аны оңдоону уюштурууда, электр энергиясы, ошондой эле күйүүчү-майлоочу материалдар, менен камсыздоодо айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү | Кыргыз Республикасынын чарба субъекттерине тракторлорду, эгин жыйноочу комбайндарды жана айыл чарба техникасынын башка түрлөрүн лизингге берүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууну камсыз кылуу | Машина-трактордук паркты толуктоо жана жаңылоо | 2020-жылы | "Айыл Банк" ААК, (макулдашуу боюнча), АЧТММ, ЖМА | "Айыл Банк" ААКтын ЕАБРдин кредиттик каражаттарынын, "Мамлизинг - 1; 2; 3; 4" долбоорлорунун эсебинен түзүлгөн лизингдик фонду | |
Айыл чарба техникаларынын лизинги боюнча долбоорду ишке киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында топтолгон 267,8 млн. сом суммасындагы япон грантынын жана 24,6 млн. сом суммасындагы Кытай Эл Республикасынын грантынын кайтарымдуу каражаттарын "Айыл Банк" ААКка өткөрүп берүү боюнча сунушту киргизүү | Түзүлүүчү МТСтердин (машина-трактордук станциялардын) жана техникалык сервистердин санын көбөйтүү | Ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып 30 күндүн ичинде | АЧТММ, УБ (макулдашуу боюнча), "Айыл Банк" ААК, (макулдашуу боюнча) |
| |||
Себүүчү, топуракты иштетүүчү, тазалоочу, транспорттук жана салмакты өлчөөчү айыл чарба техникаларын өз убагында жана сапаттуу оңдоо | Айыл чарба талаа жумуштарын механизациялаштыруунун деңгээлин жогорулатуу | 2020-жылдын март-апрели | ЖМА, АЧТММ, агротехникалык жана техникалык сервистик кызматтар (макулдашуу боюнча) | Айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен | |||
Талаа скважиналарынын, насостук станциялардын, кырмандардын, кайра иштетүүчү ишканалардын, ошондой эле техникалык жана агротехникалык сервистердин иши үчүн электр энергиясын үзгүлтүксүз берүүнү камсыздоо | Талаа скважиналарынын, насостук станциялардын, кырмандардын, кайра иштетүүчү ишканалардын, ошондой эле техникалык жана агротехникалык сервистердин үзгүлтүксүз иши үчүн шарттарды түзүү | 2020-жылы | ЖМА, АЧТММ, Улуттук энергохолдинг "Түндүк электр" ААК (макулдашуу боюнча), "Чыгыш электр" ААК (макулдашуу боюнча), "Жалал-Абад электр" ААК (макулдашуу боюнча), "Ош электр" ААК (макулдашуу боюнча) менен бирдикте | "Түндүк электр" ААК, ''Чыгыш электр" ААК, "Жалал-Абад электр" ААК жана "Ош электр" ААК менен түзүлгөн келишимдердин шарттарында | |||
2020-жылы сезондук айыл чарба талаа жумуштарын жүргүзүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн пайдалануусу үчүн нефтебазаларда жана май куюучу станцияларда күйүүчү-майлоочу материалдарды топтоону камсыздоо | Айыл чарбасында бардык сезондук талаа жумуштарын үзгүлтүксүз аткаруу үчүн дыйкандардын жана фермерлердин күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алуулары | 2020-жылы, себүү жана жыйноо жумуштарынын башталышына карата | АЧТММ менен "Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы" ЮЖБнын ортосундагы биргелешкен меморандумунда макулдашылган шарттарда | Республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнүн каражаттарынын эсебинен күйүүчү- майлоочу материалдардын бардык түрүн Кыргыз Республикасынын нефтетрейдерлер ассоциациясы тарабынан сунушталган баада сатып алуулары | |||
10 | Сугат суу менен камсыздоо жана сугат тармагын, гидротехникалык курулмаларды вегетация мезгилине даярдоо боюнча иш-чараларды аткаруу | Мамлекеттик сугат тармагын жана гидротехникалык курулмаларды оңдоо | Сугат тармагын, гидротехникалык курулмаларды натыйжалуу эксплуатациялоо үчүн шарттарды түзүү | 2020-жылдын 1-майына чейин | СРМА | Каралган бюджеттик каражаттардын эсебинен | |
СПА жана жергиликтүү элдин каражаттарына жараша ички сугат чарба тармактарын жана гидротехникалык курулмаларды жергиликтүү калкты тартып, "ашар" ыкмасы менен оңдоо | Дыйкандарды жана фермерлерди сугат суу менен өз убагында камсыздоо | 2020-жылдын март-апрель айлары | ЖМА, СПА (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | СПА каражаттарынын эсебинен | |||
Бардык суу булактарында жана сугат объекттеринде сугат сууну максималдуу топтоо боюнча иш-чаралардын аткарылышын камсыздоо | Ным топтоочу жана вегетациялык сугаттарды үзгүлтүксүз уюштуруу үчүн шарттарды түзүү | 2020-жылы | СРМА, СПА (макулдашуу боюнча) | СРМА жана СПА каражаттарынын эсебинен | |||
Күздүк кылкандуу дан эгиндери, көп жылдык чөптөр, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү үчүн ным топтоочу сугат иштерин жүргүзүү | Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу | 2020-жылдын февраль-апрель айлары | АЧТММ, СРМА, СПА (макулдашуу боюнча) | Айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен | |||
11 | Көп жылдык бак-дарактарды отургузуу аянттарын кеңейтүү | Жолдун, арыктын жана каналдын боюн коргоочу тилкени түзүү үчүн көп жылдык бак-дарактарды - мөмө берүүчү бактын көчөттөрүн, ошондой эле тал-теректерди, кара жыгачтарды отургузуу боюнча бир айлыкты өткөрүү | Мөмө берүүчү бактардын аянттарын кеңейтүү, талааларды аба-ырайынын катаал шарттарынан сактоо, курулуш материалдарынын запасын түзүү | 2020-жылдын март-апрель айлары | ЖМА, дыйкандар жана фермерлер (макулдашуу боюнча). ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен | |
Жердин бонитети 21ден 40 баллга чейин төмөн болгон үлүш участокторуна мөмө-жемиш бактарын отургузуу | Мөмө жана жемиштерди өндүрүүнү көбөйтүүгө шарт түзүү | 2020-жылдын март-апрель айлары | АЧТММ, ЖМА | Айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен | |||
12 | Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү 100,0 миң тоннага чейин азоттук минералдык жер семирткичтер менен камсыздоо | Кыргыз Республикасынын минералдык жер семирткичтерди берүүчүлөр ассоциациясы (трейдерлер) аркылуу азоттук минералдык жер семирткичтерди алып келүүнү камсыздоо | Ички рынокту жеткиликтүү көлөмдө азоттук минералдык жер семирткичтер менен көбөйтүү | 2020-жылдын I кварталы | Кыргыз Республикасынын минералдык жер семирткичтерди берүүчүлөрү (трейдерлер) | Кыргыз Республикасынын минералдык жер семирткичтерди берүүчүлөрүнүн (трейдерлер) каражаттарынын эсебинен | |
13 | Айыл чарба продукциясын экспорттоо боюнча макулдашууларды түзүү | 4-сх отчетуна ылайык жазгы айдап-себүү иштеринин жыйынтыгынан кийин приоритеттүү айыл чарба өсүмдүктөрүн өндүрүүнүн болжолдуу көрсөткүчтөрүн жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо менен ата мекендик айыл чарба продукцияларын экспорттоо боюнча потенциалдуу сатуу рынокторун издөө, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр менен келишимдерди түзүү боюнча иштерди жүргүзүү | Агрардык сектордун экспорттук потенциалын жогорулатуу. Дыйкандардын жана фермерлердин кирешелерин көбөйтүү. Ички дүң продукциянын өсүшү | 2020-жылдын II-IV кварталдары | АЧТММ, ЭМ, ИИКА, КРӨ ЫУӨ |
| |
3-компонент. Өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо | |||||||
14 | Өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүн уюшкандыкта жана өз убагында жыйноо | Облустар, райондор, айыл аймактары боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноонун тиешелүү графигин жана эгиндин бышканын эске алуу менен комбайндардын маршруттук схемасын иштеп чыгуу жана бекитүү | Оруп-жыйноо иштерин макулдашып жүргүзүүнү жана оруп-жыйноо техникаларын болушунча натыйжалуу пайдаланууну камсыздоо | 2020-жылдын июнь-июль айлары | КРӨ ЫУӨ, ЖМА, АЧТММ |
| |
Колдо болгон оруп-жыйноочу, тараза жана дан тазалоочу техникаларды оңдоо иштерин өз убагында камсыздоо, өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүн кабыл алууга жана кайра иштетүүгө кырмандарды, кампаларды даярдоо, өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн толук сакталышын камсыздоо | Өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүн өз убагында кабыл алуу жана сактоо | 2020-жылдын май-июль айлары | КРӨ ЫУӨ, ЖМА, АЧТММ | Айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен | |||
Айыл чарба өсүмдүктөрүн оруп-жыйноо мезгилинде ишке тартылган айыл чарба техникаларын жана транспорт каражаттарын оңдоо жана техникалык тейлөө боюнча мобилдүү сервистик кызматтардын үзгүлтүксүз иштешин уюштуруу | Пландалган мөөнөттө аз чыгым менен оруп-жыйноо иштерин жүргүзүү | Ар дайым | КРӨ ЫУӨ, ЖМА, АЧТММ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
| |||
Эгин оруп-жыйноочу комбайндарды жана транспорт каражаттарын өрткө каршы инвентарлар менен камсыздоо, ошондой эле талааларда, кырмандарда, чөп үймөктөрүндө жана башка айыл чарба продукцияларын сактоо жана кайра иштетүү жерлеринде зарыл болгон өрткө каршы чараларды так сактоо | Жыйналган түшүмдү сактоо | Ар дайым | КРӨ ЫУӨ, ЖМА, АЧТММ |
| |||
Талаада үзгүлтүксүз иштөө үчүн ишке тартылган комбайнчыларга бардык шарттарды түзүү менен кеч бышкан кылкандуу дан өсүмдүктөрүн тез оруп жыйноо үчүн болушунча көп сандагы эгин оруп-жыйноочу комбайндарды өз ара алмашуу тартибинде ишке тартууну уюштуруу | Белгиленген мөөнөттө өз убагында оруп жыйноо иштерин өткөрүү үчүн колдо болгон оруп-жыйноочу техникаларды оптималдуу пайдалануу | 2020-жылдын июнь-октябрь айлары | ЖМА, АЧТММ, ЖӨБО чарбалык субъектилер (макулдашуу боюнча) |
| |||
15 | Аштык буудайдын мамлекеттик резервин толуктоо | Айылдык товар өндүрүүчүлөрдөн 2020-жылдын түшүмүнөн 10,0 миң тоннага чейин аштык буудайды сатып алуу | Дыйкандарды жана фермерлерди материалдык колдоо | Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары үчүн 2020-жылдын 15-сентябрына чейин. Чүй жана Талас облустары үчүн 2020-жылдын 15-октябрына чейин. Ысык-Көл жана Нарын облустары үчүн 2020-жылдын 1-ноябрына чейин | ММРФ | 2020-жылга республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен | |
10,0 мин тоннага чейин аштык буудайды сатып алууга (райондор боюнча) квотаны иштеп чыгуу жана бекитүү | Мамлекеттик резервди тең салмактуу толуктоо | 2020-жылдын 15-июнуна чейин | АЧТММ, КРӨ ЫУӨ жана ЖМА менен бирдикте |
| |||
Дыйкандардан жана фермерлерден ММРФ сатып алуучу уруктун сатып алуу баасын аныктоо | Фермерлердин данды өндүрүүгө кеткен чыгымдарын эсептөө | 2020-жылдын 1-августуна чейин | Монополияга каршы агенттик, АЧТММ, ММРФ, УСК (макулдашуу боюнча) |
| |||
Нарын облусунун Ак-Талаа районунда, Ысык-Көл облусунун Түп районунда, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында жана Талас облусунун Талас шаарында аштык буудай данын даярдоочу убактылуу пункттарды уюштуруу жана аларды андан ары мамлекеттик резервдин аймактардагы жооптуу сактоочулары тарабынан өз алдынча ташып алуу | Данды өткөрүүдө дыйкандарга жагымдуу шарттарды түзүү. Фермерлердин жеткирүү менен байланышкан чыгымдарын кыскартуу | Ысык-Көл, Нарын облустарында, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында жана Талас облусунун Талас шаарында 2020-жылдын сентябрь-октябрь | ММРФ, КРӨ Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Жалал-Абад облустарындагы ЫУӨ | 2020-жылга республикалык бюджеттин смета боюнча бекитилген каражаттарынын эсебинен | |||
АЧТММ жана ММРФ экономикалык негизделген сунуштарынын негизинде бул пунктун 3-подпунктунда белгиленгендердин негизинде бааларды кайра кароо укугу Монополияга каршы агенттикке берилсин | Мамлекеттик резервде аштык буудайдын керектүү көлөмдөрүнүн чогулушун камсыздоо | 2020-жылдын ичинде | Монополияга каршы агенттик, АЧТММ, ММРФ. КР УСК (макулдашуу боюнча) |
| |||
16 | Кант кызылчасын өз убагында жеткирүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү | Кант кызылчасын кабыл алуучу пункттардан кайра иштетүүчү жайларга ташуу үчүн вагондорду бөлүп берүү | Кант кызылчасын сактоого жана аны эртерээк кайра иштетүүгө, ошондой эле кызылча өстүрүүчү фермерлерге шекер менен төлөп берүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү | 2020-жылдын сентябрь-декабрь айлары | "Кыргыз темир жолу Улуттук компаниясы" МИ кант кызылчасын кайра иштетүүчүлөрдүн өтүнмөлөрүнүн негизинде |
| |
4-компонент. Кылкандуу дан өсүмдүктөрүн күзгү себүүгө өз убагында даярдык көрүү жана жүргүзүү | |||||||
17 | 2020-жылга салыштырганда күздүк буудайды себүү аянтын 15-20%га көбөйтүү зарылдыгын эске алуу менен 2021-жылдын түшүмү үчүн күздүк кылкандуу дан өсүмдүктөрүн себүүгө сунушталуучу түзүмүнүн долбоорун иштеп чыгуу | 2021-жылдын түшүмү үчүн күздүк кылкандуу дан өсүмдүктөрүн себүү аянтынын сунушталган түзүмүнүн долбоорун облустар жана райондор боюнча иштеп чыгуу | Күздүк кылкандуу дан өсүмдүктөрүн себүүнү жаздык кылкандуу дан өсүмдүктөрүн себүүгө салыштырмалуу түшүмдүүлүктү 20-30% жогорулатууну камсыздоо | 2020-жылдын 25-августуна чейин АЧТММге берүү менен | КРӨ ЫУӨ, ЖМА, АЧТММ |
| |
18 | Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү күздүк буудай жана күздүк арпа үрөндөрү менен камсыз кылууда мамлекеттик колдоо | 2020-жылдын күздүк себүүсүнө пайдалануу үчүн республикалык мамлекеттик үрөн фондуна сертификатталган күздүк буудайдын жана күздүк арпанын үрөндөрүн рыноктун конъюнктурасына жана үрөн чарбаларындагы, айыл чарба кооперативдериндеги үрөндүн көлөмүнө жараша топтоо: - үрөн чарбаларында сорт жаңылоо жана сорт алмаштыруу үчүн суперэлита жана элита сортторун; - дыйкандардын жана фермерлердин жетишпеген үрөндөрүн толуктоо үчүн биринчи жана экинчи репродукциядагы үрөндөрдү | Төмөнкүдөй шарттарды түзүү: - кылкандуу дан өсүмдүктөрүн күздүк себүүнүн белгиленген программасын аткаруу үчүн; - республиканын үрөн чарбаларында сорт жаңылоо жана сорт алмаштыруу үчүн | 2020-жылдын август-ноябрь айлары | Үрөн чарбалары (макулдашуу боюнча), айыл чарба кооперативдери (макулдашуу боюнча), АЧТММ, ФМ | Үрөн чарбаларынын жана айыл чарба кооперативдеринин мамлекеттик зайымдык каражаттарга болгон карызын төлөөнүн эсебинен | |
Мамлекеттик үрөн фондунда чогулган үрөндүн бардык көлөмүн себүү кондициясына жеткирүү | Себүүгө сертификатталган сортторду пайдаланууга мүмкүндүк түзүү | 2020-жылдын сентябрь-октябрь айлары | Үрөн чарбалары (макулдашуу боюнча), айыл чарба кооперативдери (макулдашуу боюнча), АЧТММ | Үрөн чарбаларынын жана айыл чарба кооперативдеринин каражаттарынын эсебинен | |||
Мамлекеттик үрөн фондунда топтолгон кондициялык үрөндөрдү үрөн алуучулар менен кредиттик келишимдерди жана күрөөлүк макулдашууларды түзүү аркылуу үрөн чарбаларынан бөлүштүрүү | Өндүрүшкө түшүмдүүлүгү жогору болгон жаңы сортторду киргизүү; - фермерлердин сертификатталган үрөндөр менен камсыз болуусу; - үрөндүк жана өндүрүштүк себүүлөрдүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу | 2020-жылдын сентябрь-октябрь айлары | АЧТММ, ФМ товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча республикалык жана райондук мамлекеттик комиссиялар | Үрөн чарбалары жана айыл чарба кооперативдери аркылуу күздүк үрөндөрдү берүү пайызсыз товардык кредит шартында 2021-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө төлөө шарты менен жүргүзүлөт | |||
Күзгү буудай жана күзгү арпанын суперэлита, элита, биринчи жана экинчи репродукция сортторундагы үрөндөрдү сатып алуу баасын белгилөө | Үрөн чарбаларынын жана фермерлердин сертификатталган үрөндөрдү реалдуу рыноктук баада сатып алуусун камсыздоо | 2020-жылдын 1-августуна чейин | Монополияга каршы агенттик, АЧТММ |
| |||
|
| ||||||
19 | Күздүк кылкандуу дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган чараларды ишке ашыруу | Ысык-Көл облусунда 2020-жылы жыйналган түшүмдөн күздүк буудайдын үрөндөрүнүн өтмө фондун түзүү | Күздүк буудайды оптималдуу агротехникалык мөөнөттө себүүнү камсыздоо | 2020-жылдын сентябрь-октябрь айлары | КРӨ Ысык-Көл облусундагы ЫУӨ, ЖМА, АЧТММ, Ысык-Көл облусунун үрөн чарбалары жана айыл чарба кооперативдери (макулдашуу боюнча) | Ысык-Көл облусунун үрөн чарбаларынын жана айыл чарба кооперативдеринин каражаттарынын эсебинен | |
Сугат жерлердин жалпы себүү аянтынын 70%дан кем эмесин айдоо алдындагы сугаруу менен күздүк буудай себүү | Күздүк буудайдын түшүмдүүлүгүн жогорулатуучу маанилүү резерв | 2020-жылдын сентябрь-ноябрь айлары (макулдашуу боюнча) | КРӨ ЫУӨ, ЖМА, АЧТММ жана ЖӨБО | Айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен | |||
Кыскартуулардын тизмеси:
АЧТММ | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги; |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги; |
ЭМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги; |
КРӨ ЫУӨ | - | Кыргыз Республикасынын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү; |
ЖМА | - | Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар; |
Монополияга каршы агенттик | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги; |
СРМА | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги; |
ЖРМА | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиги; |
ММРФ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду; |
ЖӨБО | - | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары; |
УСК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети; |
СПА | - | Кыргыз Республикасынын Суу пайдалануучулар ассоциациясы; |
ММК | - | Массалык маалымдоо каражаттары; |
КРУБ | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы; |
ИИКА | - | Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги. |
|
| 2-тиркеме |
2020-жылга карата айыл чарба өсүмдүктөрүнүн себүү аянтынын ТҮЗҮМҮ
(миң га)
Өсүмдүктөрдүн аталышы | Республика боюнча | Жалпы аянтка % | Облустар боюнча | ||||||
Баткен | Жалал-Абад | Ысык-Көл | Нарын | Ош | Талас | Чүй | |||
Баардык айдоо аянт | 1219,0 | 100 | 63,4 | 156,2 | 183,1 | 109,5 | 180,3 | 106,3 | 420,1 |
Баардык дан эгиндер | 631,9 | 51,8 | 40,7 | 66,3 | 91,3 | 22,9 | 89,3 | 70,3 | 251,1 |
А.и. буудай | 240,8 | 19,8 | 12,4 | 16,8 | 57 | 4,6 | 40,2 | 4,3 | 105,5 |
Арпа | 208,1 | 17,1 | 12,7 | 9,9 | 33,2 | 18,3 | 19,1 | 2,2 | 112,7 |
Жүгөрү | 107,0 | 8,8 | 10,2 | 34,4 |
|
| 26,2 | 4,4 | 31,8 |
Чанактуу дан эгиндер | 63,4 | 5,2 | 2,0 | 0,5 | 0,7 |
| 0,4 | 59,4 | 0,4 |
Башкалар | 12,6 | 1,0 | 3,4 | 4,7 | 0,4 |
| 3,4 |
| 0,7 |
Кант кызылча | 13,5 | 1,1 |
|
|
|
|
| 0,53 | 13,0 |
Пахта | 25,0 | 2,1 | 0,03 | 13,3 |
|
| 11,7 |
|
|
Тамеки | 0,4 | 0,03 | 0,3 |
|
|
| 0,13 |
|
|
Май өсүмдүктөрү | 25,4 | 2,1 | 1,3 | 10,4 |
|
| 3,6 | 0,5 | 9,6 |
Картошка | 71,0 | 5,8 | 2,5 | 7,7 | 22,5 | 5,3 | 12,7 | 10,4 | 9,9 |
Жашылча | 53,6 | 4,3 | 3,4 | 12,0 | 2,9 | 0,5 | 9,9 | 4,3 | 20,6 |
Бакча өсүмдүктөрү | 11,3 | 0,9 | 0,2 | 4,0 |
|
| 3,1 | 0,08 | 3,9 |
Тоют өсүмдүктөрү | 386,8 | 31,8 | 15 | 42,5 | 66,4 | 80,8 | 49,9 | 20,2 | 112,0 |