КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 6-февралы № 37-б
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун уставынын 8-беренесине (Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-декабрындагы № 174 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашуунун № 1 тиркемеси), "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Асрандиев Эркин Шамшудинович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармасынын төрагасы кызмат ордунан бошотулсун.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |