Загрузка документа…
КР Премьер-министринин
2020-жылдын 19-октябрындагы № 488 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2020-жылдын 25-февралы № 110
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 23-апрелиндеги № 266 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин жана вице-премьер-министрлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүүдө:
1-главасы төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы-онунчу абзацтар менен толукталсын:
"Коомдук коопсуздук жана укуктук тартип, кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү маселелерин координациялайт.
Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү, алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүү жаатында бирдиктүү саясатты жүргүзүү боюнча иштерди координациялайт.
Жазаларды аткаруу системасынын маселелерин координациялайт.
Коргоо, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу жана сактоо, чек аралык контролдоо, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара режимин бузууларды алдын алуу жана бөгөт коюу маселелерин координациялайт.
Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча иштерди координациялайт.";
2-главасында:
- он үчүнчү жана он төртүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча контролдоо жана көзөмөлдөө маселелерин координациялайт.
Өкмөттүн компетенциясына кирген соттук-укуктук реформа маселелерин координациялайт.";
4-главасында:
- глава төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Адам укуктары боюнча координациялык кеңешти жетектейт.";
5-главасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Мадумаров А.К. (Региондук өнүктүрүү, жарандык коргоо, чек ара маселелери)
Өкмөткө баш ийген мамлекеттик органдардын ишин, мамлекеттик стратегияларды жана программаларды ишке ашыруу боюнча иштерди, ошондой эле тейлеген чөйрөлөрүндө өкмөттөр аралык комиссиялардын иштерин координациялайт.
Тейлеген чөйрөлөрүндө мамлекеттик органдардын демилгелерине макулдук берет.
Тейлеген тармактарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындоого каралып жаткан талапкерлер боюнча сунуштарды киргизет.
Тейлеген чөйрөлөрүндө маселелерди иштеп чыгуу үчүн жумушчу топторду түзөт.
Региондук өнүктүрүү маселелерин координациялайт.
Калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо маселелерин координациялайт.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо, демаркациялоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү маселелерин координациялайт.
Кыргыз Республикасынын чек ара маселелери боюнча мамлекеттик саясаттын жүргүзүлүшүн, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча эл аралык келишимдерден жана макулдашуулардан келип чыккан милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылат.
Мамлекеттик стратегияларды жана программаларды ишке ашыруу боюнча ишти, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо чөйрөсүндөгү өкмөттөр аралык комиссиялардын ишин жана чек аралык аймактарды өнүктүрүү ишин координациялайт.
Трансчегаралык дарыялардын суу ресурстарын пайдалануу жана коргоо маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялайт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен жана Ысык-Көл облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишин координациялайт.";
2) ишин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, биринчи вице-премьер-министри жана вице-премьер-министрлери тейлеген жана координациялаган мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын тизмегинде:
1-главасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Абылгазиев М.Д.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишине жалпы жетекчилик кылат жана контролдойт.
Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборунун.";
2-главасында:
- төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи-он төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын;";
2-главасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Мадумаров А.К. (Региондук өнүктүрүү, жарандык коргоо, чек ара маселелери)
Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен жана Ысык-Көл облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн.".
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |