Загрузка документа…
КР Премьер-министринин 2021-жылдын 15-февралындагы № 80 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2020-жылдын 19-октябры № 488
(КР Премьер-министринин 2020-жылдын 29-октябрындагы № 532 2020-жылдын 11-ноябрындагы № 566 буйруктарынын редакциясына ылайык)
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жөнүндө» Кыргыз 18-беренесине ылайык:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин жана вице-премьер-министрлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү, 1 -тиркемеге ылайык;
- ишин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, биринчи вице-премьер-министри жана вице-премьер-министрлери төйлөгөн жана координациялаган мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын тизмеги, 2-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 23-апрелиндеги № 266 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 2-октябрындагы № 605 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 1-ноябрындагы № 669 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 531 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 7-февралындагы № 52 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 25-февралындагы № 110 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 20-майындагы № 213 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 13-июлундагы № 273 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 3- сентябрындагы № 385 буйругу:
Премьер-министр | С.Н.Жапаров |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин жана вице-премьер-министрлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү
(КР Премьер-министринин 2020-жылдын 29-октябрындагы № 532, 2020-жылдын 11-ноябрындагы № 566 буйруктарынын редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жапаров С.Н.
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн ишине жалпы жетекчилик кылат жана контролдойт, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин, вице-премьер-министрлеринин, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө (мындан ары - өкмөт) баш ийген мамлекеттик органдардын ишин координациялайт.
Өкмөттүн ишинин негизги багыттарын аныктайт.
Мамлекеттик эгемендикти, аймактык бүтүндүктү коргоо, конституциялык түзүлүштү сактоо боюнча чараларды ишке ашырууну камсыз кылат.
Коргонуу жөндөмүн, улуттук коопсуздукту чыңдоо боюнча чараларды ишке ашырууну камсыз кылат.
Мыйзамдуулуктун, жарандардын эркиндигинин жана укуктарынын сакталышын камсыз кылат.
Юстиция, тышкы саясатты ишке ашыруу маселелерин координациялайт, Кыргыз Республикасында жана анын чегинен сырткары өкмөттүн атынан чыгат, мыйзамдарда белгиленген тартипте сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана өкмөттөр аралык жана башка эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга кол коёт.
Мамлекеттик бюджетти түзүү жана аткаруу, бюджеттик саясатты ишке ашыруу маселелерин жалпы координациялайт.
Соттордо Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын коргоо маселелерин координациялайт.
өкмөттүн Ардак грамотасы, энчилүү курал жана башка өкмөттүк сыйлыктар менен сыйлайт, адамдарды мамлекеттик сыйлык менен сыйлоого, жогорку аскердик наамдарды, Кыргыз Республикасынын ардактуу жана башка атайын наамдарын ыйгарууга көрсөтөт, класстык чиндерди ыйгарат.
өкмөттүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү соттору, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (омбудсмени), Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы, Шанхай кызматташтык уюму, эл аралык финансы-кредиттик мекемелер менен эриш-аркак иштөөсүн камсыз кылат.
Мамлекеттик органдардын демилгелерине макулдук берет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин компетенциясына кирген кадр маселелери боюнча чечимдерди кабыл алат.
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин жана вице-премьер-министрлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт.
2. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Новиков А.Э.
(Финансы-экономикалык блок, инвестициялар, Евразия экономикалык бирлиги)
Өкмөткө баш ийген мамлекеттик органдардын ишин, мамлекеттик стратегияларды жана программаларды ишке ашыруу боюнча иштерди, ошондой эле тейлеген чөйрөлөрүндөгү өкмөттөр аралык комиссиялардын иштерин координациялайт.
Тейлеген чөйрөлөрүндө мамлекеттик органдардын демилгелерине макулдук берет.
Тейлеген тармактарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындоого каралып жаткан талапкерлер боюнча сунуштарды киргизет.
Тейлеген чөйрөлөрүндөгү маселелерди иштеп чыгуу үчүн жумушчу топторду түзөт.
Экономиканы өнүктүрүүнү талдоо, болжолдоо жана пландоо, тышкы экономикалык иш, өлкөнү өнүктүрүү стратегияларын иштеп чыгуу, техникалык жөнгө салуу, финансылык, фискалдык, тарифтик саясатты жүргүзүнү камсыз кылуу, монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү, климаттык каржылоо чөйрөсүндөгү саясатты, финансы рыногун, банктык секторду өнүктүрүү маселелерин координациялайт.
Инвестициялык саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат.
Бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу маселелерин, салыктар, бажы, салыктык эмес төлөмдөр жана жыйымдар чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруу боюнча ишти координациялайт.
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгууну координациялайт.
Лицензия-уруксат берүү системасын оптималдаштыруу, өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаалды баалоо боюнча мониторинг, аналитикалык жана маалыматтык иштер, улуттук долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин координациялайт.
Эркин экономикалык аймактардын иштөө маселелерин координациялайт.
Мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын өркүндөтүү маселелерин координациялайт.
Өкмөттүн Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ишин координациялайт.
Евразия экономикалык бирлигине мүче мамлекеттер, Евразия экономикалык комиссиясы, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттер, Экономикалык кызматташтык уюму, ошондой эле башка өлкөлөр менен кызматташууну камсыз кылат
Өкмөттүн Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы, Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фонду Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы жана эл аралык өнүктүрүү агенттиктери, эл аралык экономикалык уюмдар менен иштешүүсүн камсыз кылат.
3. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Сабиров Р.А.
(Региондук өнүктүрүү, реалдуу сектор, инфраструктура)
Өкмөткө баш ийген мамлекеттик органдардын ишин, мамлекеттик стратегияларды жана профаммаларды аткаруу боюнча иштерди, ошондой эле тейлеген чөйрөлөрүндөгү өкмөттөр аралык комиссиялардын иштерин координациялайт.
Тейлеген чөйрөлөрүндө мамлекеттик органдардын демилгелерине макулдук берет.
Тейлеген тармактарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындоого каралып жаткан талапкерлер боюнча сунуштарды киргизет.
Тейлеген чөйрөлөрүндөгү маселелерди иштеп чыгуу үчүн жумушчу топторду түзөт.
Мамлекеттик агрардык саясатты жүргүзүүнү жана агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнү, жер реформасы, айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы саясатын, суу ресурстарын башкарууну, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча контролдоону жана көзөмөлдөөнү камсыз кылат.
Мамлекеттик каттоо саясатын, ошондой эле электрондук санариптик кол тамга жаатындагы саясатты камсыз кылат.
Маалыматтык технологиялар, байланыш жана электрондук башкаруу маселелерин координациялайт.
өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын жана минералдык ресурстарды пайдалануу маселелерин координациялайт.
Транспорт жана коммуникациялар, автомобиль жана темир жолдорун ондоо жана күтүү, мамлекеттик жана мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын топтоо, сактоо жана пайдалануу маселелерин координациялайт.
Архитектура жана курулуш, турак жай-коммуналдык чарба маселелерин координациялайт.
Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча контролдоо жана көзөмөлдөө маселелерин координациялайт.
Мамлекеттик мүлк объекттерин башкаруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу маселелерин, мамлекеттин улуштук катышуусу бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун ишин координациялайт.
Республиканын административдик-аймактык түзүлүш системасын реформалоо маселелерин; жергиликтүү мамлекеттик
Өкмөттүн Жалал-Абад жана Талас облустарындагы ыйгарым укутуу өкүлдөрүнүн ишин координациялайт.
Региондук өнүктүрүү маселелерин координациялайт.
Өкмөттүн Баткен жана Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишин координациялайт.
4. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Сурабалдиева Э.Ж. (Социалдык блок)
Өкмөткө баш ийген мамлекеттик органдардын ишин, мамлекеттик стратегияларды жана программаларды аткаруу боюнча иштерди, ошондой эле тейлеген чөйрөлөрүндөгү өкмөттөр аралык комиссиялардын иштерин координациялайт.
Тейлеген чөйрөлөрүндө мамлекеттик органдардын демилгелерине макулдук берет.
Тейлеген тармактарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындоого каралып жаткан талапкерлер боюнча сунуштарды киргизет.
Тейлеген чөйрөлөрүндөгү маселелерди иштеп чыгуу үчүн жумушчу топторду түзөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Адам укуктары боюнча координациялык кеңешти жетектейт.
Социалдык саясат, социалдык кепилдиктер, миграция, эмгек, ишке орноштуруу, уй-було, балдар, жаштар, санитардык көзөмөл системаларын. билим берүү, илим, спорт, саламаттык сактоо чөйрөлөрүндөгү саясат, этностук өнүктүрүү, гендердик саясат, маданиятты өнүктүрүү, басма сөз жана телерадиоберүү, маалыматтык саясат, жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо иштери боюнча маселелерди координациялайт.
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо маселелерин координациялайт.
Этностор аралык мамилелер, интеллектуалдык менчикти, инновацияларды жана салттуу билимдерди коргоо тармагындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыздоо маселелерин координациялайт.
Өкмөттүн Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишин координациялайт.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, «Кыргызстан элинин Ассамблеясы» коомдук бирикмелер ассамблеясы, Кыргызстан профсоюздар федерациясы, жалпыга маалымдоо каражаттары, жарандык коомчулук менен Өкмөттүн өз ара байланышта иштешүүсүн камсыз кылат.
2010-жылдын апрель, май жана июнь окуяларында жабыр тарткандарга колдоо көрсөтүү жана социалдык кепилдик берүү маселелерин координациялайт.
5. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Мамытканов М.С.
(Укук коргоо тармагы, жарандык коргоо, чек ара маселелери)
Өкмөткө баш ийген мамлекеттик органдардын ишин, мамлекеттик стратегияларды жана программаларды ишке ашыруу боюнча иштерди, ошондой эле тейлеген чөйрөлөрүндө өкмөттөр аралык комиссиялардын иштерин координациялайт.
Тейлеген чөйрөлөрүндө мамлекеттик органдардын демилгелерине макулдук берет.
Тейлеген тармактарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындоого каралып жаткан талапкерлер бвюнча сунуштарды киргизет.
Тейлеген чөйрөлөрүндө маселелерди иштеп чыгуу үчүн жумушчу топторду түзөт.
Коомдук коопсуздук жана укуктук тартип, кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү маселелерин координациялайт.
Региондук экстремизмге каршы аракеттенүү, жарандардын ден соолугуна, адеп-ахлагына, укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына зыян же коркунуч келтирген диний уюмдардын иштерине бвгвт коюу маселелерин координациялайт.
Кызматтык кылмыштарды, экономика жана финансы чвйрвсундвгу кылмыштарды аныктоо, алдын алуу, бөгөт коюу, ачуу жана иликтөө боюнча укук коргоо органдарынын иштерин координациялайт.
Бангизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү, аларды мыйзамсыз жүгуртүүгө каршы күрөшүү жаатындагы бирдиктүү саясатты жүргүзүү боюнча иштерди координациялайт.
Жазаларды аткаруу системасынын маселелерин координациялайт.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын коргоо, кайтаруу жана сактоо, чек аралык контролдоо, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара режимин бузууларды алдын алуу жана бөгөт коюу маселелерин координациялайт.
Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча иштерди координациялайт.
Өкмөттүн компетенциясына кирген соттук-укуктук реформа маселелерин координациялайт.
Калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо маселелерин координациялайт.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо, демаркациялоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү маселелерин координациялайт.
Кыргыз Республикасынын чек ара маселелери боюнча мамлекеттик саясатын жүргүзүүнү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча эл аралык келишимдерден жана макулдашуулардан келип чыккан милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылат.
Мамлекеттик стратегияларды жана программаларды ишке ашыруу боюнча ишти, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо чөйрөсүндөгү өкмөттөр аралык комиссиялардын ишин жана чек аралык аймактарды өнүктүрүү ишин координациялайт.
Трансчегаралык дарыялардын суу ресурстарын пайдалануу жана коргоо маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялайт.
Өкмөттүн Баткен жана Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишин координациялайт.
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Жалал-Абад жана Талас облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишин координациялайт.
2-тиркеме
Ишин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, биринчи вице-премьер-министри жана вице-премьер-министрлери тейлеген жана координациялаган мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын тизмеги
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жапаров С.Н.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишине жалпы жетекчилик кылат жана контролдойт.
Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин;
Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдеелер институтунун;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборунун.
2. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер министри Новиков А.Э.
(Финансы-экономикалык блок, инвестициялар, Евразия экономикалык бирлиги)
Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жонге салуу мамлекеттик агенттигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун женге салуу жана кеземелдее мамлекеттик кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мулкту башкаруу боюнча фонддун (мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн түзүү жана аткаруу бөлүгүндө);
Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин;
Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык аймактарынын; «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомунун;
Кыргыз Республикасынын Климаттык каржылоо боюнча борборунун;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чуй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн;
Евразия экономикалык бирлигинин маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат.
3. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Сабиров Р.А.
(Региондук өнүктүрүү, реалдуу сектор, инфраструктура)
Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин;
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Өтүн-энергетикалык комплексин жөнгө салуу бвюнча мамлекеттик агенттиктин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-көммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган нейрону коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин (жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун;
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын жана мамлекеттин улуштук катышуусу бар акционердик коомдордун, анын ичинде «Мамлекеттик лотореялык компания» мамлекеттик ишканасынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад жана Талас облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн.
4. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Сурабалдиева Э.Ж. (Социалдык блок)
Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин; Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин; Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштүү Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин (этностор аралык мамилелер бөлүгүндө);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун;
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун;
Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын;
«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин;
«Кыргыз Туусу» басма үйүнүн;
«Слово Кыргызстана» басма үйүнүн;
«Эркин Тоо» гезитинин;
Кыргыз Республикасынын «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын;
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Ысык-Кел жана Нарын облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн.
5. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-минисгри Мамытканов М.С.
(Укук коргоо тармагы, жарандык коргоо, чек ара маселелери)
Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы курошуу боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен жана Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн.