Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2020-жылдын 5-марты № 136
Коронавирус боюнча кырдаалга байланыштуу пайда болгон экономикалык кесепеттерден чыгуу боюнча ыкчам чараларды көрүү максатында:
1. Тышкы соккулардын натыйжасындагы кесепеттерди минималдаштырууга жана экономикалык өнүктүрүүнү өбөлгөлөөгө багытталган экономикалык чараларды ишке ашыруу боюнча республикалык штаб (мындан ары - Республикалык штаб) тиркемеге ылайык түзүлсүн.
2. Республикалык штаб үч күндүк мөөнөттө тышкы соккулардын натыйжасындагы кесепеттерди минималдаштыруу жана ата мекендик өндүрүүчүлөргө дем берүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Республикалык штаб төмөнкүлөргө укуктуу экендиги белгиленсин:
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдарынын адистерин ишке тартууга;
- мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук уюмдардан өздөрүнүн функцияларын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматты сурап алууга.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д. Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Тышкы соккулардын натыйжасындагы кесепеттерди минималдаштырууга жана экономикалык өнүктүрүүнү өбөлгөлөөгө багытталган экономикалык чараларды ишке ашыруу боюнча республикалык штабдын курамы
(КР Премьер-министринин 2020-жылдын 18-мартындагы № 170 буйругунун редакциясына ылайык)
Экономикалык блок боюнча Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Республикалык штабдын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр, Республикалык штабдын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика министри, Республикалык штабдын төрагасынын орун басары.
Республикалык штабдын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын талдоо жана болжолдоо секторунун башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары.