Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 10-марты № 75-б
Апрель элдик революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу бир жолку материалдык жардам көрсөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. 2010-жылдын апрель - июнь окуяларынын кесепетинде Кыргыз Республикасынын курман болгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө жана жабыркаган жарандарына республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен төмөнкү өлчөмдөрдө бир жолку материалдык жардам төлөнсүн:
- Кыргыз Республикасынын курман болгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө - 10 000 (он миң,) сом өлчөмүндө;
- соттук-медициналык экспертизанын тиешелүү корутундусу болгон учурда, ден соолугуна оор зыян келтирилген Кыргыз Республикасынын жабыр тарткан жарандарына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине - 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө;
- соттук-медициналык экспертизанын тиешелүү корутундусу болгон учурда, ден соолугуна анча оор эмес жана жеңил зыян келтирилген Кыргыз Республикасынын жабыр тарткан жарандарына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине - 3000 (үч миң) сом өлчөмүндө.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары -акимдер, шаарлардын мэрлери (макулдашуу боюнча) үч күндүк мөөнөттө 2010-жылдын апрель - июнунда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыркагандарга бир жолку материалдык жардамды алууга жарандардын ырастоочу документтерин кароо боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, шаарлардын мэрияларына караштуу комиссиялардын жеке курамын ушул буйруктун тиркемесине ылайык курамда бекитишсин.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен биргеликте
2010-жылдын апрель-июнь окуяларында курман болгондордун жана жабыркаган жарандардын 2010-жылы түзүлгөн тизмелерин жана өздүк делолорун тактап чыгып, бул буйруктун 2-пунктунда көрсөтүлгөн комиссиялардын кароосуна беришсин;
- 2010-жылдын апрель-июнь окуяларында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыркаган жарандарга комиссиянын чечимдерине ылайык бир жолку материалдык жардамды төлөөнү камсыз кылсын;
- ушул буйруктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Тиркеме
2010-жылдын апрель - июнь окуяларынын кесепетинде Кыргыз Республикасынын курман болгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө жана жабыркаган жарандарына бир жолку материалдык жардамды алууга жарандардын ырастоочу документгерин кароо боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга/шаарлардын мэрияларына караштуу комиссиялардын курамы
Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысынын орун басары/социалдык маселелер боюнча шаардын вице-мэри, комиссиянын төрагасы.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин райондук/шаардык ички иштер башкармалыгынын/бөлүмүнүн начальнигинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин райондук/шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык бөлүмүнүн начальнигинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин аймактык бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары;
өкмөттүк эмес сектордун/жарандык жана эл аралык коомчулуктун райондук/шаардык өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).