Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 24-марты № 101-б
Ашхабад шаарында 2018-жылдын 23-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Түркмөнстандын Телекөрсөтүү, радиоберүү жана кинематография боюнча мамлекеттик комитетинин ортосундагы Кино тартуу жана телерадиоберүү жаатында биргелешкен кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
Ашхабад шаарында 2018-жылдын 23-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Түркмөнстандын Телекөрсөтүү, радиоберүү жана кинематография боюнча мамлекеттик комитетинин ортосундагы Кино тартуу жана телерадиоберүү жаатында биргелешкен кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протокол
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана Түркмөнстандын Телекөрсөтүү, радиоберүү жана кинематография боюнча мамлекеттик комитети,
2018-жылдын 23-августунда Ашхабад шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Түркмөнстандын Телекөрсөтүү, радиоберүү жана кинематография боюнча мамлекеттик комитетинин ортосундагы Кино тартуу жана телерадиоберүү жаатында биргелешкен кызматташуу жөнүндө макулдашуунун (мындан ары - Макулдашуу) 17-беренесине ылайык төмөнкүлөрдү макулдашты:
1-берене.
Макулдашууга төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи-тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"тең продюсерлер" - фильмди биргелешип тартуу жана/же аны пайдалануу, анын ичинде аны каржылоого катышуу жөнүндө контракт менен байланышкан продюсерлер;
"фильм тартуу" - баштапкы ойдон тартып даяр продуктуну түздөн-түз көрсөтүүгө чейин киноаудиовидео чыгармасын жаратуу процесси;
"биргелешип тартылган фильм" - биргелешип фильм тартуу жөнүндө түзүлгөн макулдашуунун негизинде эки же бир нече кино тартуучу студия тарабынан тартылган киноаудиовидео чыгармасы;
"улуттук фильм" - жок жегенде бир Тараптын мамлекетинин мыйзамдарына ылайык улуттук кинону мамлекеттик колдоонун бардык формалары жайылтылып, биргеликте тартылган фильм;
"фильмди коюу" - коюучу режиссёрдун коюучу оператор жана коюучу сүрөтчү менен биргеликте киноаудиовидео чыгармаларын жаратуунун чыгармачылык процесси.".
2. Макулдашуу төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-берене менен толукталсын:
"3-1-берене.
Интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына, эрежелерине, жоболоруна, ошондой эле Тараптардын мамлекеттери катышкан, эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат.
Тараптар бири-бири менен өз ара аракеттешүү аркылуу өздөрүнүн мамлекеттеринин аймактарында автордук жана чектеш укуктарды коргоонун тиешелүү системасын түзүүгө күч жумшашат.".
3. 6 жана 7-беренелери төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-берене.
Макулдашуунун талаптарына жооп берген биргелешип тартылган фильмдерге Кыргыз Республикасында жана Түркмөнстанда "улуттук фильм" статусу берилет.
Тараптар биргелешип тартылган "улуттук фильм" статусу ыйгарылган фильмдерге тийиштүү Тараптын мамлекетинин мыйзамдарына ылайык улуттук киного берилгендей эле артыкчылыктарды беришет.
Биргелешип тартылган фильмдерге "улуттук фильм" статусун ыйгаруунун шарттары ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган ушул Макулдашуунун тиркемеси менен аныкталат.
7-берене.
Ар бир фильм үчүн эки өлкөнүн продюсерлеринин өз ара катышуусунун пропорциясы 30дан 70ке чейинки пайызды түзөт.
Биргелешип тартылган фильмдин жалпы бюджетинин 20 пайызынан ашпаган салымы менен үчүнчү мамлекеттин продюсерине фильмди биргелешип тартууга уруксат берилет.
Эң аз үлүш менен катышкан Тарап чыгармачыл курамды жана техникалык колдоону камсыз кылууда өзүнүн натыйжалуу салымын кошууга милдеттүү.".
4. 8-беренесинин экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Макулдашуу ушул Протоколдун тиркемесине ылайык редакциядагы тиркеме менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Протокол Макулдашуунун ажыралгыс бөлүгү болуп саналат жана ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Протоколдун колдонулушу Макулдашуунун колдонулушу менен бир учурда токтотулат.
2020-жылдын "____" __________________ шаарында, эки түп нускада, ар бири бирдей юридикалык күчкө ээ болгон кыргыз, түркмөн жана орус тилдеринде түзүлгөн.
Ушул Протоколдун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги үчүн |
| Түркмөнстандын Телекөрсөтүү, радио берүү жана кинематография боюнча мамлекеттик комитети үчүн |
___________________________________________ |
| ___________________________________________ |
|
| Тиркеме |
|
|
|
|
| "Ашхабад шаарында 2018-жылдын 23-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Түркмөнстандын Телекөрсөтүү, радиоберүү жана кинематография боюнча мамлекеттик комитетинин ортосундагы Кино тартуу жана телерадиоберүү жаатында биргелешкен кызматташуу жөнүндө макулдашууга тиркеме |
Биргелешип тартылган фильмдерге "улуттук фильм" статусун ыйгаруу жөнүндө жобо
1. Ушул Биргелешип тартылган фильмдерге "улуттук фильм" статусун ыйгаруу жөнүндө жободо биргелешип тартылган фильмдерге "улуттук фильм" статусун ыйгаруу тартиби жана шарттары аныкталат.
2. Биргелешип тартылган фильмдерге "улуттук фильм" статусун ыйгаруу үчүн тең продюсерлер ар бир Тараптын мамлекетинин компетенттүү органдарына тиешелүү өтүнмө беришет. Өтүнмө фильм тартылганга чейин же тартылган учурда, бирок тең продюсерлердин ортосунда өз ара эсептешүүнүн мөөнөтү бүткөнгө чейин берилет.
3. Өтүнмөгө төмөнкүлөр тиркелет.
а) ар бир Тараптын мамлекетинин мыйзамдарындагы талаптарга ылайык даярдалган фильмдин адабий сценарийи же синопсиси;
б) фильмде чыгарманы пайдаланган учурда анын автордук укуктарынын болушун ырастаган документтер;
в) жарандыгын жана аткарган ишинин категориясын көрсөтүү менен көркөм-өндүрүштүк персоналдын (мындан ары - персонал), жарандыгын көрсөтүп, башкы ролдорду аткаруучулардын тизмеси. Ар бир Тараптын мамлекетинин мыйзамдары менен персонал катары таанылган адам персонал болуп саналат;
г) фильмдин календардык-тартуу планы;
д) фильмдин сценарийинин автору жана режиссёру менен контракттар;
е) юридикалык жак болуп саналган тең продюсерлердин уюштуруу документтери;
ж) фильм тартуунун бизнес-планы;
з) биргелешип фильм тартууга жана/же аны тең продюсерлердин ортосунда колдонууга контракттын допбоору же колдонуудагы контракт.
4. Биргелешип фильм тартуу жана/же аны тең продюсерлердин ортосунда пайдалануу боюнча контракттын долбоору же колдонуудагы контрактта төмөнкү маалыматтар болууга тийиш:
а) фильмдин аталышы;
б) тең продюсерлер - юридикалык жактардын аталышы жана жайгашкан жери, тең продюсерлер - жеке жактардын аты-жөнү жана даректери;
в) фильмдин сценарийинин авторлорунун жана режиссёрлорунун аты-жөнү;
г) каржылоо булактарын, анын ичинде Тараптардын мамлекетинин мыйзамдарында каралган салыктар жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен фильм тартууга чыгымдардын сметасы, ошондой эле ар бир тең продюсердин салымын пайыздык бөлүштүрүү;
д) фильмди коммерциялык пайдалануудан түшкөн кирешелерди бөлүштүрүү тартиби;
е) фильм тартуунун мөөнөттөрү;
ж) контракттын шарттарын аткарбагандыгы үчүн тең продюсерлердин жоопкерчилиги.
5. Биргелешип фильм тартуу жана/же аны пайдалануу боюнча контрактка киргизилүүчү өзгөртүүлөр фильмдин баштапкы көчүрмөсүн даярдоо мөөнөтү бүткөнгө чейин (фильмди бир плёнкага чогултканга чейин) Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдарына макулдашууга берилет.
6. Ар бир тең продюсердин салымына жок дегенде бир персонал бирдиги, бир башкы ролду аткаруучу, бир экинчи даражадагы ролду аткаруучу кирет. Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдарынын макулдугу боюнча өзгөчө учурларда (каржылоо булактары, өлчөмү өзгөргөндө, фильм тартууда жана үн жаздырууда кошумча кинотехнологиялык методдор пайдаланылган учурда, локация өзгөргөндө, прокат маселелери) тең продюсерлердин салымынын өлчөмүн өзгөртүүгө жол берилет.
7. Тең продюсерлердин финансылык салымынын үлүшү 30дан 70ке чейинки пайызды түзөт.
Көп тарап менен биргелешип фильм тартууда минималдуу финансылык салым анын жалпы наркынын 10 пайызынан кем болбоого, ал эми максималдуу финансылык салым 70 пайыздан ашпоого тийиш.
8. Биргелешип фильм тартууну ар бир Тараптын мамлекетинин персоналы жүзөгө ашырат.
Эгерде фильмди тартуу үчүн башка мамлекеттин персоналынын катышуусу зарыл болсо, ага тең продюсерлер өз ара макулдашкан шарттарда жол берилет.
9. Фильм Тараптардын мамлекеттеринин аймагында, ал эми зарыл учурда Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдарынын макулдугу боюнча үчүнчү мамлекеттердин аймагында тартылат.
10. Ар бир тең продюсер фильмдин баштапкы материалдарынын (сүрөттөлүшү жана үнү) кайда сакталгандыгына карабастан алардын тең ээси болуп саналат. Эң көп финансылык салым кошкон тең продюсердин Тарабы аларды сактоо боюнча артыкчылыктуу укукка ээ болот.
11. Ар бир тең продюсер фильмдин өз тилиндеги нускасынын көчүрмөсүнө ээ болууга укуктуу.
12. Тең продюсерлердин ортосундагы бардык өз ара эсептешүүлөр фильмди биргелешип тартуу жана/же аны пайдалануу боюнча контрактта көрсөтүлгөндөй фильм тартылып бүткөн күндөн тартып 60 күндүн ичинде аяктайт.
13. Биргелешип тартылган фильмдерге "улуттук тасма" статусун ыйгаруу Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары тарабынан аталган мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык улуттук тасма күбөлүгүн берүү аркылуу документ менен таризделет.".