Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 28-марты № 112-б
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-апрелиндеги № 119-б, 2020-жылдын 27-январындагы № 13-р буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекцияга (COVID-19) каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн ыктыярдуу кайрымдуулук түрүндөгү жеке жана юридикалык жактардан түшүүчү акча каражаттарын туура жана натыйжалуу бөлүштүрүү, ошондой эле келип түшкөн гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Ыктыярдуу кайрымдуулук түрүндөгү жеке жана юридикалык жактардан түшүүчү акча каражаттарын, ошондой эле келип түшкөн гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүү боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Комиссия төмөнкүлөрдү бекитсин:
- Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекцияга (COVID-19) каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн ыктыярдуу кайрымдуулук түрүндөгү жеке жана юридикалык жактардан түшүүчү акча каражаттарын бөлүштүрүүнүн тартиби жөнүндө жобону;
- Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын кесепеттери менен күрөшүү үчүн келип түшкөн гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүүнүн тартиби жөнүндө жобону.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекцияны жоюуга багытталган иш-чараларды каржылоо үчүн депозиттик эсепти ачсын.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-мартындагы № 76-б буйругуна ылайык ачылган башкаруучу эсептеги топтолгон каражаттарды Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүү жана андан ары жайылтууга жол бербөө боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн депозиттик эсепке которсун.
- ушул буйруктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д. Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Ыктыярдуу кайрымдуулук түрүндө жеке жана юридикалык жактардан келип түшкөн акча каражаттарын, ошондой эле гуманитардык жардамды бөлүштүрүү боюнча комиссиянын КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-апрелиндеги № 119-б, 2020-жылдын 27-январындагы № 13-р буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы; |
|
Шамырканов Урматбек Муслимович | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, Комиссиянын төрагасынын орун басары; |
|
Асанов Самаган Алитороевич | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары, Комиссиянын төрагасынын орун басары. |
|
Комиссиянын мүчөлөрү: |
| ||
Нышанов Сайдулла Канболотович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
|
Касымалиева Аида Камчыбековна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
|
Турусбеков Бактыбек Сагындыкович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
|
Исаев Санжар Эркинович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; |
|
Кармышаков Улукбек Тойчуевич | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
|
Турсалиева Бермет Кенжебековна | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары; |
|
Усубалиев Максат Абдыкадырович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык өнүктүрүү мониторинги бөлүмүнүн башчысынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
|
Баймурзаев Мухтарбек Арапбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин финансылык саясат башкармалыгынын начальниги; |
|
Турдубекова Назгуль Усеновна | - | "Лига защитников прав ребенка" коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча); |
|
Суйуналиева Бурулсун Шаршеновна | - | "Фонд развития социальных услуг" коомдук фондунун жетекчиси, БУУнун экономикалык жана социалдык маселелер боюнча департаментинин улуттук консультанты (макулдашуу боюнча); |
|
Тюлекова Толкун Канебековна | - | "Ассоциация кризисных центров" юридикалык жактардын бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); | |
Чиркина Галина Эдуардовна | - | "Альянс по репродуктивному здоровью" коомдук бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); | |
Байбетова Кулжан Сагындыковна | - | "Женская Демократическая Сеть" коомдук фондунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча). | |