Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 28-марты № 111
Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын жайылышына (COVID-19) жол бербөө боюнча чектөөчү чараларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын аймагында аргасыз жүргөн чет мамлекеттердин жарандарынын жана жарандыгы жок адамдардын чыгып кетүү маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө" Жарлыгына, "Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 84-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын аймагында визалык жана визасыз тартипте жүргөн чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгуу визаларын тариздебестен жана турган жери боюнча каттоосуз 2020-жылдын 1-майына чейин чыгып кете ала тургандыгы белгиленсин.".
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |