Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 17-марты № 84-б
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-мартындагы № 95-б, 2020-жылдын 28-мартындагы № 111, 2020-жылдын 17-апрелиндеги № 135-б, 2020-жылдын 14-майындагы № 173-б, 2020-жылдын 9-июнундагы № 210-б, 2020-жылдын 14-августундагы № 274-р, 2020-жылдын 4-декабрындагы № 390-б, 2021-жылдын 14-апрелиндеги № 89-б, Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-январындагы № 13-т буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Калктын саламаттыгын коргоону камсыздоо жана Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын (COVID-19) кирүүсүнүн алдын алуу жана андан ары жайылуусуна жол бербөө максатында, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" жана "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүчү бардык контролдоо-өткөрүү пункттарында 2020-жылдын 19-мартынын 00 саат 00 мүнөтүнөн тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул буйругу расмий жокко чыгарылганга чейин Кыргыз Республикасынын аймагына чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын кирүүсүнө төмөнкүлөрдөн тышкары убактылуу чектөө киргизилсин:
- Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин аккредитацияланган же дайындалган кызматкерлеринен, Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан эл аралык уюмдардын жана алардын өкүлчүлүктөрүнүн аккредитацияланган же дайындалган кызматкерлеринен, ошондой эле аталган кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнөн, алардын келгендиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аркылуу алдын ала маалымдалганда;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасына жөнөтүлгөн чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын делегация мүчөлөрүнөн;
- эл аралык жүктөрдү ташыган айдоочулардан, аба кемелеринин экипаждарынан жана учуучу курамынан, эл аралык темир жол каттамдарынын поезддик жана локомотивдик бригадаларынан;
- чектеш мамлекеттердин (Казакстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы) аймагындагы темир жолдо паспорттор (ID-карта) боюнча күндөлүк ишти камсыздашкан Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринен;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-мартындагы № 95-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын эмгек визасы ("W1" жана "W2" тибиндеги) бар чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам болуп саналган чет өлкөлүк адистерден. Кыргыз Республикасынын тиешелүү тармактагы иштин маселелерин тескеген мамлекеттик органынын расмий кайрылуусунун негизинде ЕАЭБдин мүчө мамлекетинин жараны болуп саналган чет өлкөлүк адистерден. Чет өлкөлүк адистерди обсервациядан өткөрүү үчүн шарттарды уюштуруу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан белгиленген тартипке ылайык чакыруучу уюмдардын/ишканалардын каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат;
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрү болуп саналган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар (жакын туугандык байланыш фактысын документ түрүндө тастыктоо шартында - жубайы, ата-энелери, балдары, неберелери);
- Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн жана консулдук мекемесинин же Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн жана консулдук мекемесинин расмий кайрылуусунун негизинде чет өлкөлүк жарандардан жана жарандыгы жок адамдардан, мында алардын келе тургандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аркылуу алдын ала маалымдоо зарыл;
- Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында окуган чет мамлекеттердин жарандарынан жана жарандыгы жок адамдарынан (окуу жайдан берилген маалым катын көрсөткөн учурда);
- Кыргыз Республикасында туруктуу жашап турууга уруксаты бар чет мамлекеттердин жарандарынан жана жарандыгы жок адамдарынан;
- Кыргыз Республикасынын аймагындагы медициналык мекемелерде дарыланууга келген чет мамлекеттердин жарандарынан жана жарандыгы жок адамдарынан (документ менен ырасталган шартта);
- жакын туугандарынын аза күтүү иш-чараларына катышууга келген чет мамлекеттердин жарандарынан жана жарандыгы жок адамдарынан (жакын туугандык байланыштары жана каза болгондугу тууралуу факт документ менен ырасталган шартта);
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ведомстволук актысы менен бекитилген өлкөлөрдүн Тизмегине ылайык стабилдүү эпидемиялык абал байкалган чет мамлекеттердин жарандарынан;
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына даректелген өтүнүч каты боюнча Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоолордун жүрүшүнө жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүгө байкоо салуу үчүн эл аралык байкоочулар катары Кыргыз Республикасына бара жаткан чет өлкөлүк жарандарынан;
- Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдары жана "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому тарабынан бекитилген тартипке (коронавирус инфекциясынын (COVID-19) кирүүсүнүн алдын алуу жана жайылуусуна жол бербөө боюнча аракеттердин алгоритмине) ылайык Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасындагы "Манас", "Ош" жана "Ысык-Көл" эл аралык аэропортторундагы контролдоо-өткөрүү пункттары аркылуу кирген чет өлкөлүк жарандардан жана жарандыгы жок адамдардан;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасындагы "Манас", "Ош" жана "Ысык-Көл" эл аралык аэропортторундагы контролдоо-өткөрүү пункттары аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагына келүүчү Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин жарандарынан, алар "COVID-19суз саякаттайм" мобилдик тиркемесинде көрсөтүлгөн коронавирустук инфекцияга (COVID-19) текшерүүлөрдүн терс жыйынтыктарын көрсөткөн шартта.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-мартындагы № 95-б, 2020-жылдын 17-апрелиндеги № 135-б, 2020-жылдын 14-майындагы № 173-б, 2020-жылдын 9-июнундагы № 210-б, 2020-жылдын 14-августундагы № 274-р, 2020-жылдын 7-сентябрындагы № 316-б, 2020-жылдын 4-декабрындагы № 390-б, 2021-жылдын 14-апрелиндеги № 89-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын аймагында визалык жана визасыз тартипте жүргөн чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгуу визаларын тариздебестен жана турган жери боюнча каттоосуз 2022-жылдын 1-мартына чейин чыгып кете ала тургандыгы белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-мартындагы № 111, 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 156-б, 2020-жылдын 29-майындагы № 197-б, 2020-жылдын 30-июнундагы № 237-б буйруктарынын, Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-январындагы № 13-т тескемесинин редакцияларына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:
- Кыргыз Республикасына келүүнү пландаган чет мамлекеттердин жарандарына жана жарандыгы жок адамдарга бардык категориядагы кирүү визаларын тариздөөнү убактылуу токтотсун;
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июнундагы № 210-б буйруктун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын башка кызыкдар мамлекеттик органдары ушул буйруктан келип чыгуучу тиешелүү кечиктирилгис чараларды көрүшсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 14-апрелиндеги № 89-б буйругунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул буйругун ишке ашырууга байланыштуу кызыкчылыктары козголушу мүмкүн болгон тиешелүү авиакомпанияларга ушул буйруктун 1-пунктунда аталган, көрүлгөн чаралар жөнүндө кабарласын.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 14-апрелиндеги № 89-б буйругунун редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-февралындагы № 61-б буйругунун 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |