Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 17-апрели № 135-б
Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) жайылуусуна байланыштуу тышкы таасирлердин кесепеттерин азайтууга багытталган экономикалык чараларды ишке ашыруу жана экономикалык өнүктүрүүгө түрткү берүү максатында, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренсине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 84-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- тиешелүү тармактын иш маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматына жиберилген расмий кайрылуусунун негизинде 2020-жылга карата эмгек миграциясына белгиленген квоталардын чегинде чет өлкөлүк адистерден. Чет өлкөлүк адистердин обсервациядан өтүү шарттарын уюштуруу, аларды чакырган уюмдардын ишканалардын каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги белгилеген тартипке ылайык жүргүзүлөт.".
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |