Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 27-апрели № 148-б
Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) жайылуусунан улам келип чыккан кырдаалга байланыштуу, Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаал режими жана айрым аймактарында өзгөчө абал киргизилгенине байланыштуу саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-мартындагы № 93-б буйругун эске алуу менен, "Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө" 2020-жылдын 24-мартындагы № 55, "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө" 2020-жылдын 24-мартындагы № 56, "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө" 2020-жылдын 24-мартындагы № 57, "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө" 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 72 Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 170-беренесин, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен:
1. Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаал режими жана айрым аймактарында өзгөчө абал киргизилгенине байланыштуу эмгек ченемин (кызматтык милдеттерин) аткарбаган саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык кызматкерлери жана башка кызматкерлери үчүн төмөнкүлөр белгиленсин:
- кепилденген эмгек акылары сакталат, ал негизги иштеген жери боюнча бир ставкадан ашпаган өлчөмдө эсептелүүгө тийиш;
- кызматтык маянага башка кошумча төлөмдөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте эсептелет.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду ушул буйруктан келип чыгуучу чараларды көрүшсүн.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул буйрук 2020-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |