Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-октябрындагы № 582-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 22-марты № 93-б
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус инфекциясынын (COVID-19) пандемиясын жарыялагандыгына жана Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясы менен ооруган учурдун аныкталганына байланыштуу, калктын коопсуздугун камсыздоо жана Кыргыз Республикасынын аймагында калк арасындагы массалык ооруга жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүү максатында, "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын аймагына 2020-жылдын 22-мартынан тартып өзгөчө кырдаал режими киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун мамлекеттик системасынын башкаруу органдары, күчтөрү жана каражаттары өзгөчө кырдаал режиминде иштөөгө өткөрүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын аймагына биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал режими киргизилгенде Ыкчам аракеттердин планы (мындан ары - Ыкчам аракеттердин планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин административдик ведомстволорунун Жарандык коргонуу кызматтарынын башчылары, аймактардын жарандык коргонуусунун башчылары жана Жарандык коргонуу уюмдарынын жетекчилери ыкчам тартипте:
- Кыргыз Республикасынын аймагында эпидемиологияга каршы иш-чаралардын комплексин жүргүзсүн;
- калктын биринчи кезектеги жашоо-тиричилигин камсыздоо жана экономика тармактарынын жана объекттердин туруктуу иштешин камсыз кылуу боюнча иштерди уюштурушсун;
- Ыкчам аракеттердин планын аткарууга алышсын;
- иш-чараларды өткөрүүнүн жүрүшү жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө күн сайын Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына жана анын кесепеттерин жоюуга каршы күрөшүү боюнча оперативдүү штабга маалымдап турушсун.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрине жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын аймагына биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал режим и киргизилгенде ыкчам аракеттердин планы
№ | Иш-чаралар | Аткаруу мввнвту | Аткаруучулар |
1. | Калкка жалпыга маалымдоо каражаттары, мобилдик операторлор жана социалдык тармактар аркылуу республиканын аймагына өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жөнүндө билдирүүнү жана маалымдоону уюштуруу | Тез арада | мтбмк, өкм, ссм, ммтм |
2. | Карантинди сактоону контролдоо максатында коомдук тартипти жана патрулдоо иштерин камсыздоо үчүн жагдайы жакшы болбогон райондорго, шаарларга, калктуу конуштарга, эл көп чогулган жайларга карантин киргизүү | Инфекциялык оорусу бар адамдар аныкталгандан кийин тез арада | ссм, иим, өкм, Ветфитосанинспекция, КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жобо (макулдашуу боюнча) |
3. | Коронавирус инфекциясын жуктурган адамдарды өз убагында аныктоону уюштуруу, аларды изоляциялоо, госпиталдаштыруу жана дарылоо | Дайыма | ссм, иим, укмк |
4. | Оорулуу адамдар менен байланышта болгондорду аныктоо жана аларды коронавирус инфекциясына текшерүү | Дайыма | иим, ссм, укмк, мкк, крө облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жөбо (макулдашуу боюнча) |
5. | Санитардык-дарылоо мекемелерин күзөттөөнү камсыздоо | Дайыма | иим, ссм |
6. | Имараттарды жана ага жакын жайгашкан аймактарды дезинфекциялоо: - карантин кирген жерлерде суткасына 4 жолудан кем эмес; - калган жерлерде суткасына кеминде 1 жолу | Дайыма | ссм, өкм, Ветфитосанинспекция, иим, КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жөбо (макулдашуу боюнча)) |
7 | Райондордо жана шаарларда кошумча санитардык-карантиндик постторду жана обсервациялык пункттарды жайгаштыруу жана алардын иштерин уюштуруу | Дайыма | ссм, өкм, КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖӨБЭ (макулдашуу боюнча), ИИМ |
8. | Карантин зоналарына кирүүгө (чыгууга) (транспорт жана жее жүрүүчүлөр үчүн дезинфекциялоочу тосмолор менен) күнү-түнү иштеген текшерүү-өткөрмө пункттарын уюштуруу | Инфекциялык оорусу бар адамдар аныкталгандан кийин 2 сааттын ичинде | ӨКМ, ССМ, ИИМ, Ветфитосанинспекция, КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖӨБЭ (макулдашуу боюнча) |
9. | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттары аркылуу жарандардын, товарлардьн жана транспорт каражаттарынын өтүшүн контролдоону күчөтүү | Дайыма | МЧК, МБК, УКМК, Ветфитосанинспекция |
10. | Карантин зоналарындагы калктьш жашоо тиричилигин ар тараптуу камсыздоо: тамак-ашты уюштуруу, товардык-материалдык баалуулуктарды бөлүштүрүү, жүктөрдү жеткирүү ж.б. | Дайыма | КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖӨБЭ (макулдашуу боюнча), ӨКМ |
11. | Коронавирус инфекциясын жоюу боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн зарыл болгон акча каражаттарын өз убагында бөлүштүрүү | Дайыма | ФМ |
12. | Коронавирус инфекциясын жуктургандарды дарылоого жардам берүү үчүн саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү чет элдик кызматкерлерди дипломатиялык каналдар аркылуу тартууну камсыздоо | Дайыма | ТИМ, ССМ |
13. | Кыргыз Республикасынын азык-түлүк жана экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу | Дайыма | ЭМ, ФМ, АЧТММ, ӨККМК, ММРФ, КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖӨБЭ (макулдашуу боюнча) | |