Редакцияот 14.05.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2020-жылдын 14-майы № 173-б

Кыргыз Республикасынын жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрү болуп саналган чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын коронавирустук инфекциянын (COVID-19) жайылышы менен байланышкан убактылуу чектөөлер киргизилген мезгилде Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү маселесин чечүү максатында, «Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине. «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык:

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 84-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:

«- Кыргыз Республикасынын жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрү болуп саналган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар (жакын туугандык байланыш фактысын документ турундо тастыктоо шартында -жубайы, ата-энелери, балдары).».

 

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев