КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 11-майы № 171-б
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 601-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Пробация институтун мындан ары өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Пробация институтун өнүктүрүү боюнча координациялык кеңеш 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Пробация институтун өнүктүрүү боюнча координациялык кеңеш (мындан ары - Кеңеш) жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча) Кеңештин ишине көмөк көрсөтүшсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 601-т тескемесинин редакциясына ылайык)
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 601-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Премьер-министр |
| М.Д. Абылгазиев |
1-тиркеме |
Пробация институтун өнүктүрүү боюнча координациялык кеңештин КУРАМЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 601-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары - Координациялык кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары - Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары.
Координациялык кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратынын мыйзамдар менен иштөө боюнча бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин директору;
Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Санариптик технологиялар департаментинин директору (макулдашуу боюнча);
Бириккен Улуттар Уюмунун баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын программасынын Кыргыз Республикасындагы эл аралык координатору (макулдашуу боюнча);
Бириккен Улуттар Уюмунун баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын пенитенциардык маселелер боюнча региондук эксперти (макулдашуу боюнча);
"ЭФЬЮ" коомдук фондунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Поколение ИНСАН" коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча).
2-тиркеме
Пробация институтун өнүктүрүү боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 601-т тескемесинин редакциясына ылайык)
1. Ушул Жобо Пробация институтун өнүктүрүү боюнча координациялык кеңештин (мындан ары - Кеңеш) ишинин максаттарын, ыйгарым укуктарын, укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Кеңеш пробация институтун өнүктүрүүнүн негизги багыттарын иштеп чыккан координациялык кеңеш берүүчу орган болуп саналат.
3. Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, мыйзамда белгиленген тартипте күчүне кирген, Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Кеңештин иши коомдук негизде жүргүзүлөт.
2. Кеңештин милдеттери
5. Кеңештин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) пробация маселелери боюнча чараларды, ошондой эле ушул тармактагы максаттуу программаларды ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды иштеп чыгуу;
2) пробация институтун өркүндөтүүнүн артыкчылыктуу программаларын аныктоо;
3) пробация институтун өркүндөтүү программаларын жана пландарын иштеп чыгууга катышуу;
4) пробация чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка маселелерди чечүү.
3. Кеңештин ыйгарым укуктары
6. Кеңештин ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) пробацияны өркүндөтүүнүн негизги багыттарын иштеп чыгуу;
2) пробация маселелери боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коммерциялык эмес уюмдардын аракеттенүүсүн координациялоо;
3) пробация институтун ишке киргизүү маселелери боюнча мамлекеттик органдардын отчётторун кароо;
4) Кеңештин мүчөлөрүнүн, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин пробация институтун өнүктүрүү иш-чараларын ишке ашыруу маселелери боюнча маалыматтарын угуу;
5) мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан пробация маселелери боюнча зарыл болгон маалыматты сурап алуу;
6) зарыл болгондо, Кеңештин ишине белгиленген тартипте министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык уюмдардын, коомдук жана илимий уюмдардын, эксперттик коомчулуктун кызматкерлерин тартуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 601-т тескемесинин редакциясына ылайык)
4. Кеңештин ишин уюштуруу
7. Кеңештин жыйынын төрага, ал жок болгон учурда - Кеңештин төрагасынын орун басары алып барат.
8. Кеңеш өзүнүн ишин жыйындар формасында жүзөгө ашырат. Кеңештин жыйындары зарылдыгына жараша, бирок жылына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 601-т тескемесинин редакциясына ылайык)
9. Кеңештин жыйынына Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү катышкан учурда жыйын укук ченемдүү деп эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 601-т тескемесинин редакциясына ылайык)
10. Кеңештин чечими кворум болгон учурда, Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн жыйынына катышкандардын добуштарынын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат.
11. Добуштар тең чыкканда төраганын добушу чечүүчү болуп саналат.
12. Кеңештин чечими протокол менен таризделет, ага төрага, катчы кол коёт жана ал Кеңештин мүчөлөрүнө аткаруу үчүн жөнөтүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 601-т тескемесинин редакциясына ылайык)
13. Кеңештин катчылыгынын функцияларын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти аткарат.
Катчылык жыйындарды уюштурууну жана Кеңештин чечимдерин протоколдук тариздөөнү камсыздайт, Кеңештин чечимдеринин аткарылышы жөнүндө Кеңештин мүчөлөрүнүн маалыматын жалпылайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 601-т тескемесинин редакциясына ылайык)
14. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 601-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
15. Кеңеш өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин негизинде токтотот.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 601-т тескемесинин редакциясына ылайык)