Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 4-ноябры № 601-т
Пробация институтун өнүктүрүү боюнча координациялык кеңештин ишин оптималдаштыруу жана өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 171-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пунктундагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Президентинин" деген сөз менен алмаштырылсын;
2) 4-пунктундагы "Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө" деген сөздөр "Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) жогоруда көрсөтүлгөн тескеме менен түзүлгөн Пробация институтун өнүктүрүү боюнча координациялык кеңештин курамы ушул тескеменин тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
4) жогоруда көрсөтүлгөн тескеме менен бекитилген Пробация институтун өнүктүрүү боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жободо:
- 6-пункттун 6-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) зарыл болгондо, Кеңештин ишине белгиленген тартипте министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык уюмдардын, коомдук жана илимий уюмдардын, эксперттик коомчулуктун кызматкерлерин тартуу.";
- 8 жана 9-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Кеңеш өзүнүн ишин жыйындар формасында жүзөгө ашырат. Кеңештин жыйындары зарылдыгына жараша, бирок жылына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
9. Кеңештин жыйынына Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү катышкан учурда жыйын укук ченемдүү деп эсептелет.";
- 12-пункт "төрага" деген сөздөн кийин ", катчы" деген сөз менен толукталсын, "Кеңештин мүчөлөрүнө" деген сөздөрдөн кийин "аткаруу үчүн" деген сөздөр менен толукталсын;
- 13-пункттун экинчи абзацы "камсыздайт" деген сөздөн кийин ", Кеңештин чечимдеринин аткарылышы жөнүндө Кеңештин мүчөлөрүнүн маалыматын жалпылайт" деген сөздөр менен толукталсын;
- 14-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 15-пункттагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
Тиркеме |
|
|
Пробация институтун өнүктүрүү боюнча координациялык кеңештин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары - Координациялык кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары - Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары.
Координациялык кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратынын мыйзамдар менен иштөө боюнча бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин директору;
Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Санариптик технологиялар департаментинин директору (макулдашуу боюнча);
Бириккен Улуттар Уюмунун баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын программасынын Кыргыз Республикасындагы эл аралык координатору (макулдашуу боюнча);
Бириккен Улуттар Уюмунун баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын пенитенциардык маселелер боюнча региондук эксперти (макулдашуу боюнча);
"ЭФЬЮ" коомдук фондунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Поколение ИНСАН" коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча).".