Загрузка документа…
КР Премьер-министринин
2020-жылдын 19-октябрындагы № 488 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 20-майы № 213
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 23-апрелиндеги № 266 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин жана вице-премьер-министрлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүүдө:
- 4-главасынын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Исмаилова А.Ж. (Социалдык блок)";
2) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Ишин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, биринчи вице-премьер-министри жана вице-премьер-министрлери тейлеген жана координациялаган мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын тизмегинде:
- 4-главасынын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Исмаилова А.Ж. (Социалдык блок)".
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |