Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 11-майы № 170-б
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 8-январындагы № 1 "2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгынын ишке ашыруунун алкагында балдарды колдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 8-январындагы № 1 "2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгынын ишке ашыруунун алкагында балдарды колдоо боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- белгиленген мөөнөттө Иш-чаралар планын аткаруу боюнча чараларды көрүшсүн;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10-числосунан кечиктирбестен берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү тууралуу жалпы маалыматты квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25-числосунан кечиктирбестен берип турсун.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д. Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 8-январындагы № 1 "2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында балдарды колдоо боюнча иш-чаралар ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Чаралар/аракеттер | Аткаруу мөөнөттөрү | Күтүлүүчү натыйжа | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булактары |
1 | Балдардын социалдык төлөмдөргө жетүүсүн кеңейтүү | "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун балдарга жана үй-бүлөлөргө мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөнү жакшыртуу жаатында иштеп чыгуу | 2020-жылдын ичинде | Мамлекеттик жөлөкпул алган балдардын саны көбөйдү | ЭСӨМ | Министрликтин бекитилген бюджетинин чегинде |
2 | Турмуштук оор кырдаалда турган балдардын маалымат базасын түзүү | Турмуштук оор кырдаалда турган балдардын электрондук маалымат базасын ишке киргизүү | 2020-жылдын VI кварталы | Турмуштук оор кырдаалда турган балдар өз убагында аныкталды. аларга зарыл жардам көрсөтүлдү. Турмуштук оор кырдаалда турган 50000ден кем эмес балдар, анын ичинде тышкы жана ички мигранттардын балдары электрондук маалымат базасында катталды | ЭСӨМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин бекитилген бюджеттеринин чегинде. бюджеттен тышкаркы каражаттар |
3 | Балдардын эң оор эмгегинин түрлөрүнө тартылган балдарды, ички жана тышкы мигранттардын балдарын социалдык жактан колдоо | 3.1. Балдардын эң оор эмгегинин түрлөрүнө жол бербөө жана аларды жоюу боюнча иш-чаралар планынын долбоорун иштеп чыгуу | 2020-жылдын ичинде | Балдар эмгегинин эң оор түрлөрүнө жол бербөө жана аларды жоюу боюнча иш-чаралар планынын болушу | ЭСӨМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтин бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкаркы каражат |
3.2. Тышкы жана ички мигранттардын балдарына камкорчулук/көзөмөлчүлүк белгилөө тууралуу калк арасында түшүндүрүү-маалымат берүү иштерин жүргүзүү | 2020-жылдын ичинде | Балдарга камкорчулук/көзөмөлчүлүк белгилөө зарылдыгы тууралуу калкка маалымдалды. Тышкы жана ички мигранттардын 1200 балдарына камкорчулук/көзөмөлчүлүк белгиленди | ЭСӨМ | Министрликтин бекитилген бюджетинин чегинде бюджеттен тышкаркы каражат | ||
4 | Туулгандыгынын мамлекеттик каттоосу жок балдарды документтештирүү, ошондой эле балдарга идентификациялык жеке номерлерди (мындан ары - ИЖН) ыйгаруу системасын жөнөкөйлөтүү | 4.1. Мамлекеттик каттоосу жок балдарды табуу жана аларды акысыз негизде документтештирүү | 2020-жылдын ичинде | Туулгандыгынын мамлекеттик каттоосу жок 1500 бала туулгандыгы тууралуу күбөлүк алышты | ЭСӨМ, Мамкаттоо, ССМ, ЖАМК, ЖМА, КРӨ ЫУӨ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде |
4.2. Жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, интернаттык типтеги балдар мекемелеринин өтүнмөсү боюнча ИЖН жок балдарга ИЖН ыйгаруу боюнча иш-чараларды өткөрүү | 2020-жылдын ичинде | ИЖН менен камсыздалган балдардын саны көбөйдү | ЭСӨМ, БИМ, Мамкаттоо, ССМ, ЖМА, КРӨ ЫУӨ, ЖОБО (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин чегинде | ||
5 | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборлорунун кызматкерлеринин (кеңешчилеринин) мамлекет кепилге алган юридикалык жардам системасынын адвокаттарынын квалификациясын жогорулатуу | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборлорунун кызматкерлери (кеңешчилери), мамлекет кепилге алган юридикалык жардам системасынын адвокаттары үчүн жазык жана жарандык иштер боюнча балдар менен иштөө стандарттары тууралуу окуу семинарларын, тренингдерди өткөрүү | 2020-жылдын ичинде | Мамлекет кепилге алган юридикалык жардам системасынын адвокаттары (кеңешчилери) жазык жана жарандык иштер боюнча балдар менен иштөөнүн стандарттары боюнча окутулду | ЮМ, ЭСӨМ | Бюджеттен тышкаркы каражат |
6 | Мыйзам менен чатагы бар балдарды социалдык жактан коштоону камсыздоо | Мыйзам менен чатагы бар балдарга социалдык. психологиялык, медициналык, юридикалык кызматтарды көрсөтүү | 2020-жылдын ичинде | Мыйзам менен чатагы бар 800 бала социалдык. психологиялык, медициналык, юридикалык кызматтарды жана социалдык коштоо кызматтарын алышты | ЭСӨМ, ИИМ, БИМ, ССМ, ЖМА, КРӨ ЫУО, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде |
7 | Киберкоопсуздук, санариптик сабаттуулук, компьютердик гигиена маселелери боюнча билимди жогорулатуу | 7.1. "Киберкоопсуздук", "Санариптик сабаттуулук", "Компьютердик гигиена" боюнча айрым темаларды киргизүү менен "Адам жана коом" жана "Информатика" окуу предметтеринин стандарттарын кайра кароо | 2020-жылдын 25-декабрына чейин | "Киберкоопсуздук", "Санариптик сабаттуулук", "Компьютердик гигиена" темаларын камтуу менен "Адам жана коом" жана "Информатика" окуу предметтеринин стандарттары каралып чыкты | БИМ | Министрликтин бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкаркы каражат |
7.2. Жалпы билим берүү уюмдарында киберкоопсуздук маселелери боюнча педагогдордун квалификациясын жогорулатуу | 2020-жылдын 25-декабрына чейин | Киберкоопсуздуктун темасы мугалимдердин маалыматтык коммуникациялык технологиялар боюнча квалификациясын жогорулатуу модулуна киргизилди | БИМ | Министрликтин бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкаркы каражат | ||
8 | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга билим берүү кызматтарын жакшыртуу | 8.1. Жалпы билим берүү уюмдарындагы коррекциялык класстар жөнүндө жобонун долбоорун иштеп чыгуу | 2020-жылдын 1-июлу | Жалпы билим берүү уюмдарындагы коррекциялык класстар жөнүндө жобонун болушу | БИМ | Министрликтин бекитилген бюджетинин чегинде |
8.2. Билим алууга мүмкүнчүлүгү бар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды камтууну көбөйтүү. Региондордо пилоттук коррекциялык класстарды ачуу | 2020-жылдын 25-декабры | Ар бир региондо кеминде 2ден коррекциялык класстар ачылды. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 360 бала коррекциялык класста окушту | БИМ | Министрликтин бекитилген бюджетинин чегинде. бюджеттен тышкаркы каражат | ||
9 | Жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларын эл аралык олимпиадаларга даярдоо жана катышуусун камсыз кылуу | Жалпы билим берүү уюмдарынын окучуларын эл аралык олимпиадаларга даярдоо боюнча программаны иштеп чыгуу. 5 сабак боюнча тесттик тапшырмаларды иштеп чыгуу | 2020-жылдын 30-сентябры | Мектептеги 5 сабак (математика, физика, информатика, химия, биология) боюнча альтернативдик олимпиада үчүн модулдук программанын, иштелип чыккан тесттердин, сайттын болушу | БИМ | Министрликтин бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкаркы каражат |
10 |
| Интернат тибиндеги балдар мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүн социалдык көнүмдөргө үйрөтүү. Турмуштук оор кырдаалда турган балдар үчүн интернат тибиндеги мекемелердин бүтүрүүчүлөрүнүн социалдык көндүмдөрүн жакшыртуу боюнча программаны иштеп чыгуу жана киргизүү | 2020-жылдын 25-декабры | Интернат тибиндеги 6 балдар мекемесинде 500 бала социалдык көндүмдөргө үйрөндү | БИМ | Министрликтин бекитилген бюджетинин чегинде. бюджеттен тышкаркы каражат |
11 | Мектепке чейинки билим берүү уюмдарын өнүктүрүүнүн негизинде мектепке чейинки билим берүү кызмат көрсөтүүлөрү менен балдарды камтууну кеңейтүү | 11.1. Региондордун мектепке чейинки билим берүүгө муктаждыгын эске алуу менен мектепке чейинки билим берүү мекемелерин куруу | 2020-жылдын 25-декабры | Бюджеттин эсебинен курулган мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын саны (факт боюнча) | БИМ, Курулуш агенттиги, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин чегинде. жергиликтүү бюджеттердин чегинде. бюджеттен тышкаркы каражат |
11.2. Мектепке чейинки билим берүүнүн вариативдүү формаларын жана инклюзивдүү билим берүүнү өнүктүрүү багытында "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | 2020-жылдын 10-октябры | Мыйзам долбоору | БИМ | Министрликтин бекитилген бюджетинин чегинде | ||
11.3. Мектепке чейинки билим берүүнүн вариативдүү формалары жөнүндө жобону иштеп чыгуу | 2020-жылдын 25-декабры | Мектепке чейинки билим берүүнүн вариативдүү формалары жөнүндө жобо 5 мектепке чейинки билим берүү уюмдарында апробацияланган | БИМ | Министрликтин бекитилген бюджетинин чегинде | ||
12 | Региондордогу мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын санын көбөйтүү үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин колдонуу | Мамлекеттик жеке өнөктөштүктү ишке ашыруу аркылуу 2,5-6 жаш курактагы балдарды мектепке чейинки билим берүү кызмат көрсөтүүлөрү менен камтууну кеңейтүү | 2020-жылдын 1-ноябры | Бишкек, Ош. Жалал-Абад, Каракол, Балыкчы, Токмок, Баткен, Талас шаарларында балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу кеңейтилди (ар бир шаарда 2ден кем эмес) | БИМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Министрликтин бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкаркы каражат |
13 | Мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарына жазылуу жана кезекке туруу боюнча автоматташтырылган маалыматтык системаны өркүндөтүү | 13.1. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына электрондук жазылуу жана кезекке туруу боюнча автоматташтырылган система аркылуу балдарды камтууну кеңейтүү | 2020-жылдын ичинде | 4 пилоттук райондогу мектепке чейинки билим берүү уюмдары Каракол, Балыкчы, Чолпон-Ата, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Баткен шаарларындагы электрондук жазылуу жана кезекке туруу системасына кошулду | БИМ | Министрликтин бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкаркы каражат |
13.2. "Мектептерге электрондук жазылуу" автоматташтырылган маалыматтык системасын жалпы билим берүү уюмдарына киргизүү | 2020-жылдын ичинде | 6 пилоттук шаардын билим берүү уюмдары "Мектептерге электрондук жазылуу" автоматташтырылган маалыматтык системасына кошулду (Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Токмок, Кара-Балта) | БИМ | Министрликтин бекитилген бюджетинин чегинде | ||
14 | Балдарды багуу жана тарбиялоо боюнча ата-энелердин көндүмдөрүн жакшыртуу үчүн заманбап маалыматтык-коммуникациялык ыкмаларды киргизүү | 14.1. Балдарды багуу жана тарбиялоо боюнча ата-энелердин көндүмдөрүн эрте кезде өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | 2020-жылдын 25-декабры | Жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын 50%дан кем эмес ата-энелери балдарды багуу жана тарбиялоо боюнча көндүмдөр тууралуу кабардар болушту | ССМ, ЭСӨМ, БИМ, ММТМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин бекитилген бюджетинин чегинде. бюджеттен тышкаркы каражат |
14.2. Ата-энелер менен иштөө үчүн "Ата энелердин университеттери" моделин киргизүү | 2020-жылдын 25-декабры | Кеминде 18 жалпы билим берүү уюмдарында "Ата энелердин университеттери" модели киргизилди | БИМ, ЭУ (макулдашуу боюнча), КЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтин бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкаркы каражат | ||
15 | Балдарды тарбиялоо процессине үй-бүлөнү тартуу | Жалпы билим берүү уюмдары үчүн "Тарбия" программасынын концепциясын иштеп чыгуу | 2020-жылдын 30-декабры | Жалпы билим берүү уюмдарына "Тарбия'' программасы киргизилди | БИМ | Министрликтин бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкаркы каражат |
16 | № 14 тарбиялоо колониясында жазасын өтөгөн жашы жетпеген балдарды социалдык коштоо | № 14 тарбиялоо колониясында жазасын өтөгөн жана жашы жетпеген балдарды социалдык реабилитациялоону, коомго реинтеграциялоону уюштуруу | 2020-жылдын ичинде | Жашы жетпеген балдардын 100%ы социалдык реабилитациялоо программасы менен камтылды | ЖАМК, БИМ, ЭСӨМ, ЭУС макулдашуу боюнча), КЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкаркы каражат |
17 | Балдардагы залалдуу шишиктерди эрте аныктоо системасын өркүндөтүү | Балдардын онкологиялык кызматын өркүндөтүү боюнча Жол картасын иштеп чыгуу жана бекитүү | 2020-жылдын ичинде | Балдарга онкологиялык жардамды уюштуруу өркүндөтүлдү | ССМ | Министрликтин бекитилген бюджетинин чегинде. бюджеттен тышкаркы каражат |
18 | Заманбап технологияларды. ата-энелерди даярдоонун инновациялык, коммуникациялык ыкмаларын пайдалануу менен медициналык кызмат көрсөтүүнүн бардык деңгээлинде перинаталдык жардамдын жаңыланган системасы менен улуттук деңгээлде перинаталдык борборду түзүү | Перинаталдык борборду түзүү | 2020-жылдын ичинде | Тобокелдик факторуна кирген кош бойлуу аялдарга жана жаны төрөлгөн балдарга жогорку квалификациялуу перинаталдык жардам берүү боюнча перинаталдык борбордун болушу | ССМ, ММКФ | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин чегинде. бюджеттен тышкаркы каражат |
19 | Балдардын майыптыгын эрте аныктоо жана профилактикалоо (тубаса гипотериоз) | 19.1. Тубаса гипотериозду жана балдардагы майыптыкты аныктоо боюнча профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү | 2020-жылдын ичинде | Балдарды неонаталдык скрининг менен 100% камтуу. Балдардын арасында майыптыкты кыскартуу | ССМ | Министрликтердин бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкаркы каражат |
19.2. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн эрте кийлигишүү боюнча ведомстволор аралык программаны иштеп чыгуу жана киргизүү | 2020-жылдын ичинде | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн эрте кийлигишүү боюнча ведомстволор аралык программа бекитилди | ЭСӨМ, ССМ | Министрликтердин бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкаркы каражат | ||
20 | Жашы жетпегендердин арасында укук бузууларды жана кылмыштуулукту профилактикалоо | Ички иштер органдарынын жашы жетпегендердин иштери боюнча инспекторлор үчүн жашы жетпегендердин арасында укук бузууларды жана кылмыштуулукту профилактикалоо, ювеналдык юстиция маселелери боюнча семинар-тренингдерди уюштуруу | 2020-жылдын декабры | Ички иштер органдарынын жашы жетпегендердин иштери боюнча инспекторлор окутулду | ИИМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтин бекитилген бюджетинин чегинде. бюджеттен тышкаркы каражат |
21 | Мамлекеттик социалдык заказдын алкагында социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү | Турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдү жана балдарды колдоо боюнча борборлорду түзүү | 2020-жылдын декабры | Мамлекеттик социалдык заказдын алкагында турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдү жана балдарды колдоо боюнча 7 борбор түзүлдү | ЭСӨМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), КЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтин бекитилген бюджетинин чегинде |
22 | Балдар жана жаштар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча ''Өсүү түйүндөрү" катары тандап алынган шаарлардын ишине дем берүү | "Өсүү түйүндөрү" катары тандап алынган 18 шаардын мэрияларынын арасында "Балдар жана жаштар үчүн ыңгайлуу шаар" конкурсун өткөрүү | 2020-жылдын ичинде | "Балдар жана жаштар үчүн ыңгайлуу шаар" конкурсунун жыйынтыктарын бекитүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими | Спорт агенттиги | Мамлекеттик органдын бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкаркы каражат |
Кыскартуулардын тизмеси:
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ЖАМК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы |
ЖМА | - | Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар |
ЖӨБО | - | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
КРӨ ЫУӨ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү |
Курулуш агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги |
КЭУ | - | Коммерциялык эмес уюмдар |
Мамкаттоо | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы |
ММКФ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду |
ММТМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги |
Спорт агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
ЭСӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги |
ЭУ | - | Эл аралык уюмдар |
ЮМ | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |