Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 29-майы № 195-б
1. Расмий тилде (расмий змес котормо) тиркелген төмөнкүлөр жактырылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федерация Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы 2019-2020-жылдарга техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун долбоору;
- Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Германия Федерация Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы 2019-2020-жылдарга финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине жогоруда аталган макулдашууларга принцинтүу эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
К.А. Боронов |
Долбоор
(1 расмий эмес котормо)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2019-2020-жылдарга техникалык кызматташуу жөнүндө
МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Германия Федеративдүү Республикасынын өкмөтү, Кыргыз Республикасы жана Германия Федеративдүү Республикасынын ортосунда түзүлгөн достук мамилелердин деми менен аракеттенүү менен, өнөктүк финансылык кызматташтык аркылуу ушул достук мамилелерди чындоону жана терендетүүнү каалоо менеп, ушул мамилелерди карман туруу, ушул Макулдашуунун негизинде жаткандыгын сезе билүү менен, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салым кошууга ниеттенүү менеп, 2019-жылы өкмөттөр арапык кош тараптуу сүйлөшүүлөрдүн 2019-жылдын 12-июлундагы протоколуна шилтеме жасоо менен, төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-берене
(1) 1998-жылдын 31-мартындагы Германия Федеративдүү Республикасы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы техникалык кызматгашуу жөнүндө макулдашууну аткаруу үчүн, эгерде тиешелүү каран чыгуунун жыйынтыгында аларды ишке ашыруу үчүн каражат бөлүү максатка ылайык экендиги белгиленсе, төмөнкүдөй долбоорлор субсидияланат:
1. «Перинаталдык саламаттык сактоого көмөктөшүү» модулу.
2. «Жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү» модулу,
3. «Кесиптик окутуу меиен алектенүүгө көмөктөшүү»,
4. «Биотурдүүлүктү сактоо жана жаңгак токойлорун жана жайыттарды биргелешип башкаруу аркылуу жакырчылыкты азайтуу» модулу,
5. «Изилдөөлөргө жана адистергe төлөө фонду»,
6. «Кыргызстанда сапат үчүн мааниге ээ кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууга көмөктөшүү» модулу.
(2) Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтү ушул Берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн долбоорлорду ишке ашыруу максатында өз эсебинен персонал жана материалдык каражаттарды берет, ошондой эле зарылчылыгына жараша -21.800.000.00 (жыйырма бир миллион сегиз жүз миң) евро суммасында гранттык каражат болот. Ушул Берененин 1-пунктунун 1-5 пунктчаларында көрсөтүлгөн долбоорлорду ишке ашыруупу Эл аралык кызматташуу боюнча герман коомуна тапшырат (Deutsche Gеsellsсhaft fur Internationale Zusammеnarbeit (GIZ) GmbH). Ал эми Ушул берененин 1-пунктунун 6-пунктчасында көрсөтүлгөндөрдү ишке ашыруу- Германинын улуттук метрологиялык институтуна (РТВ) тапшырылган.
(3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн туруктуу ишке ашырууну камсыз кылуу максатында беренелер боюнча өз алдынча бюджеттик пландоону кепилдейт жана ушул Берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөндөрдү ишке ашыруу үчүн зарыл болгон милдеттенмелерди аткарууну ыйгарым укук алган уюштуруучу-аткаруучу аркылуу ишке ашыруупу камсыз кылат.
(4) Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн долбоорлор жана ушул Берененин 2-пунктундагы техникалык кызматташууну ишке ашырууга каралган сумманы берүү боюнча милдеттенмелер, ушул милдеттенмелер күчүнө кирген жыл аяктагандан кийин төрт жылдык мөөнөттө ушул Макулдашуунун 2-Беренесинде көрсөтүлгөн финансылык контракттар түзүлбөсө, өз күчүн жоготот жана алмаштырылбайт. Аталган суммаларга карата бул мөөнөт 2023-жылдын 31-декабрында аяктайт.
2- берене
Ушул Макулдашуунун 1 -беренесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн долбоордун деталдары ошондой эле аткарылууга тиешелүү иштер жана милдеттенмелер ушул Макулдашуунун 1-беренесинин 2-жана 3-пункттарына ылайык долбоорду ишке ашырууга ыйгарым укуктуу же ыйгарым укук берилгеи аткаруучу-уюмдардып ортосундагы түзүлгөн айрым аткаруучу же финансылык контракттар менен жөнгө салынат. Мындай аткаруучу жана зарылчылыгына жараша финансылык контракттарга Германия Федеративдик Республикасындагы колдопуудагы мыйзамдар колдопулат.
3- берене
(1) Кыргыз Республикасынын өкмөтү ушул Макулдашуунун 1-беренесинин 1-пунктупда көрсөтүлгөн долбоорлорду ишке ашыруу үчүн пайдаланыла турган жана Германия Федеративдик Республикасынын эсебинен жана тапшырмасы боюнча бериле турган жүктөрдү, транспорт каражаттарын, материалдарды, жабдууларды жана курамдык бөлүктөрдү бардык импорттук, экспорттук жыйымдардан, лицензиялык, порттук жана башка мамлскеттик жыйымдардан ошондой эле аларды сактоо үчүн чыгымдардан бошотот жана аларды токтоосуз берүүнү камсыз кылат.
(2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аткаруучу-уюмду ушул Макулдашуунун 2-беренесинде көрсөтүлгөн аткаруучу зарылчылыгына жараша финансылык коптракттарды аткаруу жана түзүү менен байланышкан Кыргыз Республикасында пайда болуучу бардык түз салыктардан бошотот.
(3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү германиялык аткаруучу-уюмдун өтүнүчү боюнча ушул Макулдашуунун 2-беренесинде көрсөтүлгөн аткаруучу зарылчылыгына жараша финансылык контракттарды аткаруу жана түзүү менен байланышкан сатылып алынуучу предметтерге жана кызматтарды пайдалануусуна алына турган Кыргыз Республикасындагы кошумча нарк салыгын жана ушуга окшош кыйыр салыктарды кайтарып берет. Өтүнүч боюнча ушуга байланыштуу акциздик жыйымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан төлөнөт.
4- берене
Ушул Макулдашуу ушул Макулдашуунун 1-беренесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөндөрго карата, ошондой эле келечекте ушул эле аталыш менеп боло турган кийинки иш-чараларга, тараптар бир же бир катар долбоорлорду ишке ашырууда колдоону уланта берүү ниетин билдирген шартта колдонулат. Ушул Макулдашуунун 1-беренесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн долбоорлордун мындан аркы ишке ашыра турган иш-чараларына колдоо көрсөтүү боюнча милдеттенмени Германия Федеративдик Республикасынын Өкмөтү кабыл алуусу ушул Макулдашууга шилтеме берүү менен Германия Федеративдик Республикасынын Өкмөтүнөн расмий билдирүү алуу менен ишке ашырылат.
5- берене
Калган учурларга ушул Макулдашууга 1998-жылдын 31-мартындагы Германия Федеративдүү Республикасы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы техникалык кызматташуу жөнүндө макулдашуунун жоболору жайылтылат.
6- берене
(1) Ушул Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнө Макулдашууну күчүнө киргизүү үчүн ички мамлекеттик шарттар аткарылгандыгы жөнүндө билдирген күнү күчүнө кирет. Билдирүү келип түшкөн күн чечүүчү дата болуп эсептелет.
(2) Бул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлдү жана ушул Макулдашуунун иш-аракетин токтотуу тууралуу өзүнүн ниетин экинчи Тарапка жазуу жүзүндөгү кабарлама же Тараптын биринен дипломатиялык каналдар аркылуу келип түшкөн күндөн тартып 6 ай өткөнгө чейин күчүндө болот.
(3) Тараптар ушул Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө макулдаша алышат.
(4) Ушул Макулдашууну талкуулоодон же колдонуудан келип чыккан тартыштар Тараптардын консультация жолу менен өз ара макулдашуу же сүйлөшүү жолу менен чечилет.
________-жылы Бишкек шаарында ар бири орус жана немец тилдеринде эки нускада жазылды, мында эки текст тең бирдей күчкө ээ болот.
Долбоор
(Расмий эмес котормо)
Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Германия Федеративдуу Рсспубликасыиын Окмотунун ортосундагы финансылык кызматташуу жонундо 2019-2020-жылдарга
макуддашуу
Кыргыз Республикасынын өкмөтү жана Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасы жана Германия Федеративдүү Республикасынын ортосунда түзүлгөн достук мамилелердин деми менен аракетенүү менен, өнөктүк финансылык кызмапаштык аркылуу ушул достук мамилелерди чыңдоону жана тереңдеүүнү каалоо менен, ушул мамилелерди кармап туруу, ушул Макулдашуунун негизинде жаткандыгын сезе билүү менен, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салым кошууга ниеттенүү менен, 2019-жылы өкмөттер аралык кош тараптуу сүйлөшүүлөрдүн 2019-жылдын 12-июлундагы протоколуна шилтеме жасоо менен, төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-берене
(1) Германия Федеративдүү Республикасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө же башка алуучуларга, эки мамлекет тең биргеликте Экономиканы калыбына келтирүү боюнча кредиттик институттан (KfW) төмөнкү долбоорлорду ишке ашырууга жалпы өлчөмү 20 000 000 евро (жазуу менен: жыйырма миллион евро) алуу мүмкүнчүлүгүн берет:
1. «Нарк түзүү чынжырчасы» финансылык секторунун программасы» модулу
-9 000 000 евро(жазуу жүзүндо: тогуз миллион евро) өлчөмүндө,
2. «Нарк түзүү чынжырчасы» финансылык секторунун программасы» модулу коштоочу иш-чараларга- 1 000 000 евро (жазуу жүзүндө: бир миллион евро),
3. «Саламаттык сактоо боюнча сектордук долбоор» модулу 10 000 000 евро (жазуу жүзүндө: он миллион евро) өлчөмүндө.
эгерде долбоорду кароо учурунда аларды ишке ашырууга каражат бөлүү максатка ылайык экендиги белгиленсе жана иш-чаралар аялдардын коомдогу абалын жакшыртууга, жакырчылык менен күрөшүүгө жардам берүүнү өнүктүрүүгө, же орто ишканалар үчүн кредиттерди камсыз кылуу боюнча гарантиялык фонддорго, социалдык инфраструктура же курчап турган чөйрөнү коргоого багытталганы тастыкталса алар каражат бөлүү үчүн өбөлгө болгон өзгөчө талаптарга жооп беришет.
(2) Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтү кийинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө Экономиканы калыбына келтирүү боюнча кредиттик институттан (KfW) ушул Берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн долбоорлорду даярдоо максатында кошумча каражаттарды же ушул Берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн долбоорлорду тейлөө жана ишке ашыруу үчүн зарыл болгон тиешелүү чараларды кабыл алуу максатында кошумча каражат алуу мүмкүнчүлүгү болгон учурда ушул Макулдашуу колдонулат.
2- берене
(1) Ушул Макулдашуунун 1-беренесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн сумманы пайдалануу, апарды болуу шарты, ошондой эле жайгаштыруу жол-жоболорун Германия Федеративдик Республикасында колдонулуучу мыйзамга ылайык KfW жана каражатты алуучунун ортосунда тузулуучу контракт женге салат
(2) Ушул Макулдашуунун 1-беренесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн сумманы берүү боюнча милдеттенме, эгерде каржылоо жөнүндө тиешелүү контракттар милдеттенмелер күчүнө кирген жыл аяктагандан кийин төрт жыл аралыгында түзүлбөсө күчүн жоготот. Бул сумманын мөөнөтү 2023-жылдын 31-декабрында аяктайт.
(3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эгерде ал каражатты алуучу болуп саналбаса ушул Берененин 1-пунктуна ылайык түзүлгөн каржылоо жөнүндө түзүлгөн контракттын негизинде пайда болуучу каражаттарды кайтарып берүү жөнүндө мүмкүн болуучу талаптарды канааттандырууга KfWгe кепилдик берет.
3- берене
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Макулдашуунун 2-беренесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн долбоорлорду ишке ашыруу жана түзүү менеп байланышкан Кыргыз Республикасында салына турган салыктардан KfWны бошотот. Контракт менен байланышкан кошумча нарк салыгын жана ушундай эле кыйыр салыктар Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан төлөнөт. Алына турган атайып акциздик жыйымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан төлөнөт. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү КАУны турдуу мамлекеттик жыйымдардан бошотот.
4-берене
Каражатты берүү менен байланышкан жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү аба жана кургак жол менен ташууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жүргүнчүлөр менен жеткирүүчүлөргө ташуучуну эркин тандоону камсыз кылат, Германия Федеративдик Республикасында турган ташуучулардын тең укуктуу катышуусун татаалданткан же жокко чыгарган эч кандай чараларды кабыл албайт, жана эгерде керек болсо алардын катышуусу үчүн зарыл болгондорду берет.
5-берене
(1) Ушул Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнө Макулдашууну күчүнө киргизүү үчүн ички мамлекеттик шарттар аткарылгандыгы жөнүндө билдирген күнү күчүнө кирет. Билдирүү келип түшкөн күн чечүүчү дата болуп эсептелет.
(2) Бул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлдү жана ушул Макулдашуунун иш-аракетин токтотуу тууралуу өзүнүн ниетин экинчи Тарапка жазуу жүзүндөгү кабарлама же Тараптын биринен дипломатиялык каналдар аркылуу келип түшкөн күндөн тартып 6 ай өткөнгө чейин күчүндө болот.
(3) Тараптар ушул Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө макулдаша алышат.
(4) Ушул Макулдашууну талкуулоодон же колдонуудан келип чыккан тартыштар Тараптардын консультация жолу менен өз ара макулдашуу же сүйлөшүү жолу менен чечилет.
_________-жылы Бишкек шаарында ар бири орус жана немец тилдеринде эки нускада жазылды, мында эки текст тең бирдей күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн
Германия Федеративдүү
Республикасынын Өкмөтү үчүн