Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 27-апрели № 150-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы "Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу" долбоорун кошумча каржылоо маселелерин талкуулоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д. Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы "Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу" долбоорун кошумча каржылоо маселелерин талкуулоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын КУРАМЫ
Аскаров Замирбек Марипбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри, расмий делегациянын башчысы; |
Абдыбалы тегин Суеркул | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары, расмий делегациянын башчысынын орун басары; |
Мамбетов Азамат Муратович | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы; |
Ахматов Султан Маматович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Джусупбекова Надира Сынташевна | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Борубаев Самат Нарматович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы; |
Мукаев Эркин Кенешович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алтынчы саясий департаментинин директорунун орун басары; |
Сыдыков Бакыт Толомушевич | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар жана донордук жардамды координациялоо башкармалыгынын начальниги; |
Баянбек Тилек | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар жана донордук жардамды координациялоо башкармалыгынын донордук жардамды координациялоо бөлүмүнүн башчысы; |
Дуйшенкул кызы Динара | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар долбоорун башкаруу жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк бөлүмүнүн башчысы; |
Кадыркулов Бакыт Акылбекович | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик сатып алуулар жана инфраструктура бөлүмүнүн башчысы; |
Оторбеков Байзак Джумабекович | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги; |
Токторбаева Жылдыз Айтбековна | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн директору; |
Сатыбалдиева Аида Туратбековна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башкы адиси. |
Биринчи вице премьер-министр | К.А Боронов |