Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 30-апрели № 152-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Саламаттык сактоо жана медициналык илимдер чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрине аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Саламаттык сактоо жана медициналык илимдер чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн атынан Коомдук саламаттык сактоо министрлиги, мындан ары "Тараптар" деп аталуучулар,
саламаттык сактоо тармагында эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүнү жана кызматташтыкты бекемдөөнү каалап,
эки өлкөнүн калкынын достук байланыштарын консолидациялоо, кызматташтыкты жакшыртуу жолу менен эки тараптуу байланыштарды мындан ары бекемдөөгө умтулуп, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Максаттары
Ушул Макулдашуунун максаты эки Тараптын ортосундагы саламаттык сактоо жана медициналык илимдер тармагында өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү болуп саналат. Тараптар өз ара кызыкчылыктарынын негизинде аныкталган тармактарда бири-бири менен кызматташууну өздөрүнүн улуттук мыйзамдарына жана Тараптар катышкан эл аралык келишимдерге ылайык өнүктүрүшөт, жеңилдетишет жана бекемдешет.
2-берене. Кызматташуунун тармактары
1. Тараптар саламаттык сактоо тармагындагы кызматташууга төмөнкүлөр аркылуу көмөктөшүүгө умтулушат:
- саламаттык сактоого байланыштуу бардык маселелерге жооп берүүчү тиешелүү компетенттүү органдардын ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү илгерилетүү жана бекемдөө;
- Тараптардын ортосундагы тажрыйба, системалар жана процесстер менен алмашуу жолу аркылуу түз коммуникацияларды орнотууну колдоо.
2. Кызматташуу тармактары төмөнкүлөрдү камтыйт, бирок алар менен чектелбейт:
- саламаттык сактоо системаларын бекемдөө;
- инфекциялык жана инфекциялык эмес оорулар менен күрөшүү жана вакцинациялоо;
- саламаттык сактоонун маалыматтык системаларын жана ооруканалык системаларын иштеп чыгуу;
- медициналык статистика;
- эне жана баланын саламаттыгын сактоо, онкология, трансплантология, ортопедия, травматология, нейрохирургия ж.б.;
- саламаттык сактоо тармагындагы кадрдык ресурстардын потенциалын жогорулатуу;
- медицина, фармацевтика жана медициналык жабдуулар тармагындагы маалымат жана тажрыйба менен алмашуу;
- өзгөчө кырдаалдардын медициналык-санитардык кесепеттерин алдын алуу жана жоюу;
- фармацевттерди окутуудагы кызматташуу жана дары каражаттарын жөнгө салуу чөйрөсүндөгү билим менен алмашуу;
- фармацевтиканы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү дары каражаттарын баңги каражаттарын каттоого, өндүрүүгө, сапатын контролдоого, инспекциялоого тийиштүү маалымат менен алмашуу жана порттордо дары каражаттарын бажы жагынан жол-жоболоштуруу;
- дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын кошумча натыйжаларына карата мониторинг жана отчет берүү боюнча электрондук маалымат алмашуу;
- ичүүчү суунун жана тамак-аш азыктарынын коопсуздугун камсыз кылуу тармагында тажрыйба менен алмашуу.
3-берене. Коммуникациялар
Тараптар саламаттык сактоо уюмдарынын ортосунда түз байланыштарды кеңейтүүгө көмөктөшөт.
Ушундай уюмдардын ортосундагы мамилелер түз байланыштардын негизинде Тараптардын мыйзамдарына ылайык Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашуу боюнча ишке ашырылат. Саламаттык сактоо уюмдары келишимдик милдеттерди аткаруу үчүн улуттук мыйзамдарга жана Тараптар катышкан эл аралык келишимдерге ылайык жооптуу болушат.
4-берене. Билим менен алмашуу
Тараптар дарылоо-консультациялык, илимий жана кызматташтыктын башка түрлөрүн уюштурууда саламаттык сактоонун дарылоо-профилактикалык, илимий-изилдөө, санаторийлик-курорттук жана Тараптардын мамлекеттеринин министрликтеринин жана ведомстволорунун карамагында болгон башка мекемелерге өз аралык негизде көмөк көрсөтүшөт.
Тараптар конференцияларды, көргөзмөлөрдү, окуу сессияларын жана башка ушуга окшогон иш-чараларды өткөрүү пландары жөнүндө бири-бирине билдирип турушат, ошондой эле ошол чараларга катышкан адистерди тосуп алууга көмөктөшөт.
Тараптар маалымат алмашуу максатында эки өлкөнүн Саламаттык сактоо министрликтеринин ортосундагы саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү актуалдуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн жыл сайын консультацияларды өткөрүп турушат.
5-берене. Окутуу жана ишке орноштуруу мүмкүнчүлүктөрү
Тараптар медициналык окуу жайлардын ортосундагы түз байланыштарды түзүшөт жана аспиранттар, студенттер жана окуучулар менен алмашып турушат.
Тараптар колдонуудагы циклдерге орундарды бөлүп берүү, ошондой эле жумуш орунда стажировкадан өтүү жолу менен медициналык, окутуучу жана илимий кадрларды ведомстволук саламаттык сактоо уюмдарында окутуу үчүн мүмкүнчүлүк беришет.
6-берене. Биргелешкен ишканалар жана биргелешкен иш
Тараптар жашоого маанилүү дары каражаттарын өндүрүүчү биргелешкен ишканаларды түзүүдөн тышкары, медициналык жабдууларды, дары-дармектерди өндүрүү жана алар менен алмашуу жаатында өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө көмөк көрсөтүшөт. Бул иш эки Тараптын ортосундагы кызматташтык жолу менен жана алардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат. Ушул Макулдашуунун алкагындагы биргелешкен иштин жүрүшүндө кетирилген чыгымдар каражаттардын жана персоналдын болушуна жараша биргелешкен чечимдин негизинде төлөнөт.
7-берене. Чыгымдар
Ушул Макулдашууну жүзөгө ашыруу учурунда, Тараптар башка тууралуу жазуу жүзүндө келишип алган учурларды кошпогондо, ар бир Тарап өзүнүн чыгымдарын өзү төлөйт.
8-берене. Көзөмөл жана кийинки контролдоо
Ушул Макулдашууда каралган иштин көзөмөлүн жана координациялоосун камсыздоо жана ушундай ишти жүргүзүүгө оптималдуу шарттарды камсыздоо үчүн Тараптар биргелешкен комиссия түзүшөт, анын курамына эки Тараптын тең өкүлдөрү кирет.
Биргелешкен комиссия өзүнүн жыйындарын эки өлкөдө кезектешип өткөрөт.
9-берене. Колдонулуучу укук
Ушул Макулдашуунун жоболору эки өлкөдө колдонулган жергиликтүү мыйзамдарга жана Тараптардын эл аралык милдеттерине ылайык ишке ашырылат.
10-берене. Талаштарды жөнгө салуу
Ушул Макулдашууну ишке ашыруунун жана чечмелөөнүн натыйжасында Тараптардын ортосунда келип чыккан бардык талаш-тартыштар дипломатиялык каналдар аркылуу сүйлөшүүлөр же консультациялар аркылуу чечилиши керек.
11-берене. Өзгөртүүлөрдү киргизүү
Ушул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдугу боюнча өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн, алар өзүнчө Протоколдор менен таризделет. Мындай Протоколдор ушул Макулдашуунун 12-беренесинде баяндалган жол-жоболорго ылайык күчүнө кирет.
12-берене. Күчүнө кирүүсү
Ушул Макулдашуу, анан күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы тууралуу жазуу жүзүндөгү акыркы билдирме дипломатиялык каналдар аркылуу алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу беш жылдык мөөнөткө түзүлөт жана Тараптардын бири ушул Макулдашуунун күчүн токтотуу ниети жөнүндө башка Тарапты жазуу жүзүндө дипломатиялык каналдар аркылуу анын күчүн токтотууга же колдонуу мөөнөтүнүн бүткөндүгүнө чейин алты (6) ай мурун кабарлабаса, ушул Макулдашуу автоматтык түрдө кийинки ушуга окшогон мезгилге же мезгилдерге узартылат.
Ушул Макулдашуунун күчүн токтотуу, Тараптар жазуу жүзүндө башка жөнүндө макулдашпаса, учурдагы иш-чаралардын жана бүтө элек долбоорлордун жүзөгө ашырылышына таасирин тийгизбеши керек.
Жогоруда баяндалганды ырастоо менен тийиштүү өлкөлөрдүн Өкмөттөрү ыйгарым укук берген өкүлдөрү ушул Макулдашууга талаптагыдай кол коюшту.
Ушул Макулдашуу _______________ шаарында 2020-жылдын "___"-_____________ туура келген ___________ __________/__________/___________ (Ислам календары боюнча), эки түп нускада, кыргыз, араб, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер аутенттүү жана бирдей юридикалык күчкө ээ болуп саналат.
Чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Катар Мамлекетинин Өкмөтү үчүн |
__________________________ |
| _______________________ |