Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 4-июну № 201-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 30-мартындагы № 110-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Чек ара маселелери боюнча Өкмөттүк комиссия жөнүндө жободо:
- 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Комиссиянын курамына кызмат орду боюнча төмөнкүлөр кирет:
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри (чек ара маселелерин тейлеген), Комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү, Комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын Финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.".
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
К.А. Боронов |