Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 12-июну № 215-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Франция Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызын реструктуризациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
| К.А. Боронов |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Франция Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызын реструктуризациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын КУРАМЫ
Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министри, расмий делегациянын башчысы; |
Джумалиев Муктар Кабылбекович | - | Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси; |
Абдыбалы тегин Суеркул | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Нурбек Жениш | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Айдарова Алтынай Канатбековна | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын экономика башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча); |
Омуралиев Эрмек Социалович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алтынчы саясий департаментинин директору; |
Душебаев Айбек Туркменович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик карызды башкаруу бөлүмүнүн башчысы. |