Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2020-жылдын 12-июну № 232
Нарын облусунда жайгашкан "Кум-Бел" жайыт участогу боюнча талаш маселени комплекстуу чечүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Ведомстволор аралык комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия Нарын облусунда жайгашкан "Кум-Бел" жайыт участогу боюнча талаш маселени чечүү жөнүндө негиздүү корутундуну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык он күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппаратына берсин.
3. Ведомстволор аралык комиссиянын жетекчисине жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин ишке тартуу укугу берилсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
К.А. Боронов |
Тиркеме
Ведомстволор аралык комиссиянын
Чодуев Эркинбек Урайымович | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчиси; |
Алымкулов Эмилбек Абдыраимович | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү
Орозалиев Алмазбек Кыдырмаевич | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары; |
Мырзаев Абдулат Абдираимович. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; |
Артыкбаев Расул Саткынович | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары; |
Абыкеев Темирболот Асаналиевич | Нарын облусунун Кочкор районунун акими -мамлекеттик администрациянын башчысы; |
Черикбаев Семетей Мырзабекович | Нарын облусунун Нарын районунун акими -мамлекеттик администрациянын башчысы. |