Загрузка документа…
КР Премьер-министринин
2020-жылдын 19-октябрындагы № 488 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2020-жылдын 13-июлу № 273
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 23-апрелиндеги № 266 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин жана вице-премьер-министрлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүүдө:
- 1-главасынын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Боронов К.А.";
- 2-главасынын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Баатырбеков А.Б. (Реалдуу сектор, инфраструктура)";
2) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Ишин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, биринчи вице-премьер-министри жана вице-премьер-министрлери тейлеген жана координациялаган мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын тизмегинде:
- 1-главасынын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Боронов К.А.";
- 2-главасынын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Баатырбеков А.Б. (Реалдуу сектор, инфраструктура)".
Премьер-министр | К.А. Боронов |