Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 24-июну № 230-б
Мамлекеттик инвестициялардын долбоорлору боюнча Дүйнөлүк банк менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында:
1. Мамлекеттик инвестициялардын төмөнкү долбоорлорун талкуулоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн сүйлөшүүчү топтун курамы түзүлсүн:
1) Социалдык коргоо системасы жана тобокелдиктерди натыйжалуу башкаруу үчүн өзгөчө кырдаалдардагы иш-аракеттер планы, 1-тиркемеге ылайык:
2) Жеке секторду кризистик колдоо жана анын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, 2-тиркемеге ылайык;
3) CASA-1000 жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорун кошумча каржылоо, 3-тиркемеге ылайык.
2. Сүйлөшүүчү топ 2020-жылдын июнунда жогоруда аталган долбоорлор боюнча финансылык каражаттарды тартуу максатында Дүйнөлүк банк менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн.
3. Сүйлөшүүчү топ мамлекеттик органдардын тийиштүү өкүлдөрүн жана көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Сүйлөшүүчү топтордун жетекчилерине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| К.А. Боронов |
|
| 1-тиркеме |
Социалдык коргоо системасы жана тобокелдиктерди натыйжалуу башкаруу үчүн өзгөчө кырдаалдардагы иш-аракеттер планы - Дүйнөлүк банк тарабынан каржылануучу мамлекеттик инвестициялардын долбоорун талкуулоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн сүйлөшүүчү топтун КУРАМЫ
Токтосартов Камалдин Акунович | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары, сүйлөшүүчү топтун жетекчиси; |
Абдыбалы тегин Суеркул | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Ахматов Султан Маматович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Джуматаева Гульнура Муратовна | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын биринчи орун басары; |
Дуйшенкул кызы Динара | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальнигинин м.а.; |
Сыдыков Бакыт Толомушович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар жана донордук жардамды координациялоо башкармалыгынын начальниги; |
Омуралиев Эрмек Социалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алтынчы саясий департаментинин директору; |
Иманалиева Тамара Куланбековна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги. |
|
| 2-тиркеме |
Жеке секторду кризистик колдоо жана анын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу - Дүйнөлүк банк жана Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы тарабынан каржылануучу мамлекеттик инвестициялардын долбоорун талкуулоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн сүйлөшүүчү топтун КУРАМЫ
Абдыбалы тегин Суеркул |
| Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары, сүйлөшүүчү топтун жетекчиси; |
Ахматов Султан Маматович |
| Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Тезекбаева Айнура Сарылбековна |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Дуйшенкул кызы Динара |
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальнигинин м.а.; |
Сыдыков Бакыт Толомушович |
| Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар жана донордук жардамды координациялоо башкармалыгынын начальниги; |
Омуралиев Эрмек Социалиевич |
| Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алтынчы саясий департаментинин директору; |
Иманалиева Тамара Куланбековна |
| Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги; |
Абакиров Малик Барктабасович |
| "Кепилдик фонду" ААК башкармасынын төрагасы. |
|
| 3-тиркеме |
CASA-1000 жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорун кошумча каржылоо - Дүйнөлүк банк тарабынан каржылануучу мамлекеттик инвестициялардын долбоорун талкуулоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн сүйлөшүүчү топтун КУРАМЫ
Абдыбалы тегин Суеркул | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары, сүйлөшүүчү топтун жетекчиси; |
Ахматов Султан Маматович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Супаналиев Бекжан Торобаевич | - | Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин аткаруучу директору; |
Дуйшенкул кызы Динара | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальнигинин м.а.; |
Сыдыков Бакыт Толомушович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар жана донордук жардамды координациялоо башкармалыгынын начальниги; |
Омуралиев Эрмек Социалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алтынчы саясий департаментинин директору; |
Иманалиева Тамара Куланбековна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги. |