Редакцияот 14.08.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2020-жылдын 14-августу № 274-б

Кыргыз Республикасынын аймагына чет мамлекеттердин жарандарын жана жарандыгы жок адамдарын этап-этабы менен өткөрүүнү жандандыруу максатында, «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 84-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктунда:

сегизинчи абзацы «балдары» деген сөздөн кийин «, неберелери» деген сөз менен толукталсын;

төмөнкүдөй мазмундагы онунчу - он төртүнчү абзацтар менен толукталсын:

«- Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында окуган чет мамлекеттердин жарандарынан жана жарандыгы жок адамдарынан (окуу жайдан берилген маалым катын көрсөткөн учурда);

- Кыргыз Республикасында туруктуу жашап турууга уруксаты бар чет мамлекеттердин жарандарынан жана жарандыгы жок адамдарынан;

Кыргыз Республикасынын аймагындагы медициналык мекемелерде дарыланууга келген чет мамлекеттердин жарандарынан жана жарандыгы жок адамдарынан (документ менен ырасталган шартта);

- жакын туугандарынын аза кутуу иш-чараларына катышууга келген чет мамлекеттердин жарандарынан жана жарандыгы жок адамдарынан (жакын туугандык байланыштары жана каза болгондугу тууралуу факт документ менен ырасталган шартта);

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ведомстволук актысы менен бекитилген өлкөлөрдүн Тизмегине ылайык стабилдүү эпидемиялык aбл байкалган чет мамлекеттердин жарандарынан.». 

 

Премьер-министр

К.А. Боронов