Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-июнундагы № 481-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2020-жылдын 21-августу № 290-б

Калкты дезинфекциялоочу жана антисептик каражаттар менен камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 287-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы № 10-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

Жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Этил спиртин медициналык, ветеринардык, техникалык жана башка максаттарда пайдалануучу атайын керектөөчүлөрдүн жана субъекттердин тизмегинде:

“Техникалык жана башка максаттарда этил спиртин пайдалануучу субъекттер” деген III бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 101-103- пункттар менен толукталсын:

“101. “БАЙЛУУ” жоопкерчилиги чектелген коому”.

 

Премьер-министр

К.А. Боронов