Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2020-жылдын 1-сентябры № 374
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 20-мартындагы № 171 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөрү киргизилсин:
4-пунктту "камсыздоо" деген сөздөн кийин "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине," деген сөздөр менен толукталсын;
жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы курошуу жана анын кесепеттери жоюу боюнча оперативдүү штабдын курамы:
- төмөнкүдей мазмундагы жетинчи жана сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси -министр;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри;";
- төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма үчүнчү абцаз менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин
биринчи орун басары;";
төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма бешинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;".
Премьер-министр | К.А. Боронов |