Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2020-жылдын 20-марты № 171
(КР Премьер-министринин 2020-жылдын 1-сентябрындагы № 374, 2020-жылдын 2-ноябрындагы № 544, 2020-жылдын 9-февралы № 48 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө жана ыкчам чара көрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча оперативдүү штаб (мындан ары - оперативдүү штаб) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Оперативдүү штабга төмөнкүлөр жүктөлсүн:
- Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө жана кырдаалга ыкчам чара көрүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө боюнча чараларды камсыз кылууга тартылган министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча), башка мамлекеттик органдардын жана уюмдардын күчтөрүн жана каражаттарын координациялоо.
3. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) жетекчилери оперативдүү штабдын суроо-талабы боюнча зарыл болгон маалыматты ыкчам тартипте беришсин жана анын ишине көмөк көрсөтүшсүн.
4. Оперативдүү штабдын ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине.
(КР Премьер-министринин 2020-жылдын 1-сентябрындагы № 374, 2020-жылдын 2-ноябрындагы № 544, 2020-жылдын 9-февралы № 48 буйругунун редакциясына ылайык)
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча оперативдүү штабдын КУРАМЫ
(КР Премьер-министринин 2020-жылдын 1-сентябрындагы № 374, 2020-жылдын 2-ноябрындагы № 544, 9 февраля 2020 года № 48 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, оперативдүү штабдын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри, оперативдүү штабдын төрагасынын орун басары (жалпы координациялоо);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, оперативдүү штабдын төрагасынын орун басары.
Оперативдүү штабдын мүчөлөрү:
(Абзац КР Премьер-министринин 2020-жылдын 2-ноябрындагы № 544 буйругуна ылайык күчүн жоготту)
Кыргыз Республикасынын экономикалык блок боюнча вице-премьер-министри;
(Абзац КР Премьер-министринин 2020-жылдын 2-ноябрындагы № 544 буйругуна ылайык күчүн жоготту)
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри;
(Абзац КР Премьер-министринин 2020-жылдын 2-ноябрындагы № 544 буйругуна ылайык күчүн жоготту)
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директору;
мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси;
монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси;
мамлекеттик материалдык резерв системасын башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү;
Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары.".