Загрузка документа…
КР Премьер-министринин
2020-жылдын 19-октябрындагы № 488 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2020-жылдын 3-сентябры № 385
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 21-августундагы № 341 буйругун эске алуу менен:
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А.Ж.Исмаилова кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну убактылуу токтоткон мезгилге Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 23-апрелиндеги № 266 буйругуна ылайык ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри А.Б.Баатырбековго, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлери Э.Ш.Асрандиевге жана А.К.Мадумаровго, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр Т.А.Темиралиевге тиркемеге ылайык убактылуу бөлүштүрүлсүн.
Премьер-министр | К.А. Боронов |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А.Ж.Исмаилова кызматтык ыйгарым укуктарын убактылуу токтоткон мезгилге Кыргыз Республикасынын социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министринин милдеттерин убактылуу бөлүштүрүү
№ | Милдеттердин тизмеси | Милдеттер жүктөлүүчү жетекчинин аты-жөнү жана кызмат орду |
1 | 1) Социалдык саясат, социалдык кепилдиктер системасы, эмгек, ишке орноштуруу, үй-було, балдар, санитардык көзөмөл, саламаттык сактоо чөйрөлөрүндөгү саясат, милдеттүү медициналык камсыздандыруу, гендерлик саясат маселелерин координациялоо; 2) төмөнкүлөрдүн ишин координациялоо: - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин; - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин; - Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун | Баатырбеков А.Б., Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри |
2 | 1) Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо маселелерин координациялоо; 2) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун ишин координациялоо | Асрандиев Э.Ш., Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри |
3 | 1) Жаштар жана этностор аралык мамилелер, спорт жана этностук өнүктүрүү чөйрөсүндөгү саясат маселелерин координациялоо; 2) төмөнкүлөрдүн ишин координациялоо: - Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин; - Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик | Мадумаров А.К., Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри |
| агенттиктин (этностор аралык мамилелер боюнча);" 3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана «Кыргызстан элинин ассамблеясы» коомдук бирикмелер ассамблеясы менен өз ара байланышта иштешүүсүн камсыз кылуу |
|
4 | 1) Миграция, интеллектуалдык менчикти, инновацияларды жана салттуу билимдерди коргоо жаатындагы саясат, билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү саясат, маданиятты өнүктүрүү, басма сөз жана телерадиоберүү, маалыматтык саясат, жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо боюнча иштер маселелерин координациялоо; 2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин ишин жетектөө (Координациялык кеңешти жетектейт); 3) төмөнкүлөрдүн ишин координациялоо: - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин; - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин; - Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын; - Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын; - Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Чуй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн; - Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын; - «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин; - «Кыргыз Туусу» басма үйүнүн; - «Слово Кыргызстана» басма үйүнүн; - «Эркин Тоо» гезитинин; - Кыргыз Республикасынын «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын; | Темиралиев Т.А., Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
| 4) Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Кыргызстандын профсоюздар федерациясы, жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара байланышта иштешүүсүн камсыз кылуу. |
|