Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 4-сентябры № 315-б
Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 122 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.".
2) жогоруда аталган буйруктун тиркемеси ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
Премьер-министр |
| К.А.Боронов |
|
| Тиркеме |
|
|
|
"Бизнес жүргүзүү" рейтингиндеги Кыргыз Республикасынын көрсөткүчтөрүн жакшыртуу боюнча жумушчу топтун КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын экономикалык маселелерин тейлеген вице-премьер-министр, жумушчу топтун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
"Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча кеңештин катчылыгынын жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча);
ЖИА бизнес-ассоциациясынын башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин өкүлү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасындагы ЮСАИДдин миссиясынын өкүлү (макулдашуу боюнча);
Эл аралык финансы корпорациясынын өкүлү (макулдашуу боюнча);
Өнүктүрүү укугу боюнча эл аралык уюмдун (IDLO) өкүлү (макулдашуу боюнча).".