Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 25-сентябры № 332-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү эл аралык автомобилдик ташуулар жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| К.А. Боронов |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү эл аралык автомобилдик ташуулар жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтү (мындан ары - Макулдашуучу тараптар),
эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди натыйжалуу өнүктүрүүнү эсепке алуу менен, тең укуктуулук жана өз ара пайдалуулуктун негизинде экономикалык кызматташууну өнүктүрүү максатында,
Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосунда мамлекеттердин аймактары аркылуу транзит менен, ошондой эле үчүнчү мамлекетке же үчүнчү мамлекеттен автобустарда жүргүнчүлөрдү ташууну жана (же) жүк ташуучу автотранспортто жүк ташууну эки тараптуу өнүктүрүүнү жана аталган каттамдарды жеңилдетүүнү каалап,
айлана-чөйрөнү сактоо, энергияны рационалдуу пайдалануу, жол кыймылынын коопсуздугун сактоо жана айдоочулардын эмгек шарттарын жакшыртууга кам көрүү менен,
төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты:
1. Киришүү жоболору
1-берене.
1. Макулдашуу Макулдашуучу тараптардын мамлекеттеринин ортосунда жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү эл аралык автомобилдик ташууга жана алардын аймактары аркылуу транзиттик ташууга, ошондой эле, Кыргыз Республикасында же Венгрияда катталган автотранспорт каражаттары жана автобустар менен үчүнчү мамлекеттерге/мамлекеттерден ташууда колдонулат. Ушул Макулдашуу Макулдашуучу тараптардын Кыргыз Республикасы жана Венгрия катышуучусу болгон жана башка эл аралык келишимдерден келип чыккан укуктарына жана милдеттерине таасирин тийгизбейт. Макулдашуу Европа Бирлигине мүчө мамлекет катары Венгрияга эч кандай зыян келтирбейт. Демек ушул Макулдашуунун жоболору Европа Бирлигине кошулуу жөнүндө макулдашуудагы келип чыккан Венгриянын милдеттерин, Европа Бирлиги негизделген келишимдердин, ошондой эле Европа Бирлигинин алгачкы жана кийинки мыйзамдарын жараксыз деп таануу, өзгөртүү же башкача таасир этүү үчүн толук да, жарым-жартылай да колдонулбайт, же интерпретацияланбайт.
2. Ушул Макулдашууну ишке ашыруу боюнча Макулдашуучу тараптардын компетенттүү органдары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кыргыз Республикасы үчүн - Кыргыз Республикасынын транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу органы; ушул Макулдашуунун 11-беренесине карата - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;
- Венгрия үчүн - транспортко жооптуу министрлик жана автомобиль транспортуна жооптуу башка тиешелүү органдар.
2-берене.
Ушул Макулдашуу да пайдаланылган терминдер жана аныктамалар төмөнкүлөрдү билдирет:
1) "ташуучу" - Кыргыз Республикасынын жана Венгриянын улуттук мыйзамдарына ылайык өзүнүн автомобиль транспорту менен же автотранспортту киреге алып эл аралык жүргүнчү жана жүк ташууга укуктуу ар кандай жеке же юридикалык жак;
2) "автобус" - айдоочунун ордун кошкондо тогуз орундан кем эмес жүргүнчүлөрдү ташууга багытталган ар кандай автомобиль;
3) "автомобиль" - автомобиль транспорту менен жүктөрдү жана атайын техниканы ташуу үчүн багытталган (бир же бир нече автомобилден турган) ар кандай механикалык транспорт каражаты;
4) "үчүнчү мамлекетке/мамлекеттен ташуу" - Макулдашуучу тараптардын мамлекеттеринин биринде катталган ташуучу өзү катталбаган үчүнчү мамлекеттин аймагынан Макулдашуучу тараптардын биринин мамлекеттик аймагына ташуу, же эгер ташуучу Макулдашуучу тараптардын экинчисинин аймагында катталып, Макулдашуучу тараптардын кайсы биринин аймагынан аталган ташуучу катталбаган үчүнчү мамлекетке ташуу иши;
5) "каботаж" - Макулдашуучу тараптардын биринин мамлекеттик аймагында жайгашкан жөнөтүү жана баруу пункттарынын ортосунда Макулдашуучу тараптардын мамлекеттеринин биринин аймагында катталган автобустар же автотранспорт каражаттары менен жүргүнчүлөрдү же жүктөрдү ташуу;
6) "транзит" төмөнкүлөрдү түшүндүрөт:
- Макулдашуучу тараптардын мамлекеттеринин биринин аймагы аркылуу жүргүнчүлөрдү автобус менен жолдон токтоп салбастан жана түшүрбөстөн ташууну;
- Макулдашуучу тараптардын мамлекеттеринин биринин аймагы аркылуу автомобиль транспорту менен товарларды жүктөбөстөн жана түшүрбөстөн ташууну;
7) "жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташуу" - жумуштун башталышы жана аякташы алдын ала аныкталган убакытта көрсөтүлгөн ырааттамага, отургузуу жана түшүрүү орундарына жана тарифтерге ылайык жана көрсөтүлгөн маршруттар боюнча автобус менен жүргүнчүлөрдү ташуу;
8) "атайын арналыштагы жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташуу" - башка жүргүнчүлөрдү салбастан, жол жүрүү максатына ылайык көрсөтүлгөн жүргүнчүлөрдү автобуста ташуу;
9) "жүргүнчүлөрдү үзүл-кесил ташуу" - тапшырыкчы менен түзүлгөн келишимдин негизинде ишке ашырылуучу жана жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташуу же атайын арналыштагы жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташуу аныктамасына кирбеген жүргүнчүлөрдү ташуу.
3-берене.
1. Ушул Макулдашууда каралган эл аралык жүргүнчү жана жүк ташуулар үчүн пайдаланылуучу автобустардын жана жүк ташуучу автомобилдердин милдеттүү түрдө каттоосу жана өз өлкөсүнүн айырмачылык белгилери болушу керек.
2. Автобустун жана жүк ташуучу транспорт каражатынын айдоочусунун Мамлекеттик чек арадан өтүү үчүн жарактуу документтери, жарактуу улуттук же эл аралык айдоочулук күбөлүгү, автобустарды жана жүк ташуучу транспорт каражаттарын каттоо жөнүндө улуттук документи, ошондой эле жүк ташуу үчүн зарыл болгон башка документтери болушу керек жана жогоруда аталган документтерди Макулдашуучу тараптардын компетенттүү органдарынын суроо-талаптары боюнча көрсөтүүгө милдеттүү.
4-берене.
Бир Макулдашуучу тараптын мамлекетинин жүк ташуучусуна экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин дайындоо пункттарынын ортосунда жүргүнчүлөрдү жана товарларды ташууга тыюу салынат.
2. Жүргүнчүлөрдү ташуу
5-берене.
1. Жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташуу жиберүүчү, баруучу жана транзиттөө өлкөсүнүн компетенттүү органы берген уруксат системасы аркылуу жүргүзүлөт.
2. Ушул берененин 1-пунктунда аталган уруксатка арыз транспорттук оператордун/транспорттук ташуучунун мекемеси жайгашкан өлкөнүн компетенттүү органына берилиши керек. Эгер мекеме жайгашкан өлкөнүн компетенттүү органы арызды бекитсе, уруксат кагазы кабыл алуучу өлкөнүн компетенттүү органына берилүүгө тийиш. Ушул берененин 3-пунктунда каралган арыз төмөнкүдөй маалыматтарды камтышы керек:
а) жүк ташуучу - арыз берүүчүнүн аты-жөнүн же жүк ташуучу компаниянын аталышын жана жайгашкан жерин;
б) транспорттун тибин;
в) уруксаттын/авторлоштуруунун жарактуулук мөөнөтүн;
г) иш жүргүзүү мөөнөтүн жана ташуулардын болжолдуу жыштыгын;
д) так маршрутту, аялдамаларды (жүргүнчүлөрдү отургузуу жана түшүрүү үчүн аялдамалар, эс алуу орундары, чек ара аркылуу өткөрүү пункттары);
е) маршруттун узундугун километр менен: баруучу пунктка чейин жана кайра артка кайтуу;
ё) бир суткадагы маршруттун аралыгын;
ж) айдоочулардын айдоо жана эс алуу убактысын;
з) автобустардын ырааттамасын;
и) жүргүнчү транспортуна тарифтерди (тарифтик таблицалар) жана жол жүрүүнүн шарттарын.
Макулдашуучу тараптардын мамлекеттеринин аймагы боюнча жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз транзиттик ташууга уруксат мамлекеттин аймагы транзиттик жүк ташуулар үчүн пайдаланылуучу Макулдашуучу тараптын компетенттүү органы тарабынан берилет.
Жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз транзиттик ташууга уруксат жөнүндө арызда ушул берененин (а), (б), (в), (д) жана (з) пунктчаларында саналган маалыматтар, ошондой эле аймагына транспортко уруксат берилген мамлекеттин уруксатынын көчүрмөлөрү көрсөтүлүшү керек.
3. Уруксат Макулдашуучу тараптардын компетенттүү органдарынын биргелешкен макулдугу боюнча берилет.
Уруксатты берүү же уруксаттан баш тартуу жөнүндө чечим Макулдашуучу тараптардын компетенттүү органдары тарабынан, эгер күтүүсүз жагдайлар пайда болбосо, мекеме жайгашкан өлкөнүн компетенттүү органы уруксат берүүгө жиберген арызды алгандан кийин 90 күндүн ичинде кабыл алынат.
Күтүлбөгөн жагдай пайда болгон учурда бул мөөнөт өзгөртүлүшү мүмкүн, бул учурда компетенттүү органдар бири-бирине билдиришет.
Ушул берененин 1-пунктунда аталган уруксат беш жылдык мөөнөткө жарактуу болуп эсептелет. Ал үзгүлтүксүз жүргүнчү ташууну аткаруу үчүн жумушчу шарттарды белгилейт.
4. Жумуш шарттарын өзгөртүү жана кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим ушул берененин 2 жана 3-пункттарында белгиленген тартипте кабыл алынат.
Эгер кызмат көрсөтүүгө суроо-талап жок болсо, Макулдашуучу тараптардын улуттук мыйзамдарында белгиленген мезгилдин ичинде уруксат берген компетенттүү органдарга, ошондой эле кардарларга билдирүү менен аны кийинкиге жылдыра алат.
6-берене.
1. Ушул беренеде каралган учурлардан тышкары эки мамлекеттин аймактары аркылуу үзүл-кесил автобус маршруттары боюнча жүргүнчүлөрдү ташууга Макулдашуучу тараптардын компетенттүү органдары тарабынан берилүүчү уруксат алуу керек.
2. Жүргүнчүлөрдү үзүл-кесил ташууга төмөнкү учурларда уруксат алуу талап кылынбайт:
а) транзиттик транспорт;
б) Макулдашуучу тараптардын мамлекеттеринин аймактарынын ортосундагы ташуулар, атап айтканда:
- жабык типтеги кызмат көрсөтүүлөр, мында бир эле автобус, автобус мамлекеттик каттоодо турган аймагында жайгашкан жөнөтүү пунктунан экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагында жайгашкан дайындалган пунктуна чейин бир эле жүргүнчү тобун (туристтик, экскурсиялык жана маданий иш-чаралар) ташыйт, мында жол жүрүү учурунда жүргүнчүлөрдүн персоналдык курамы өзгөрбөйт;
- жүргүнчү тобунун курамы өзгөрбөгөн учурда жүргүнчүлөрдү ташуу автобусту каттаган Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагынан экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагына чейин жүргүзүлөт жана автобус бош кайтып келет.
3. Ушул берененин 2-пунктунда көрсөтүлгөн линиялар үзүл-кесил болгон учурда ар бир жолу жүргүнчүлөрдүн тизмесин түзүү талап кылынат, ал дайыма автобуста сакталууга тийиш жана Европа Бирлигинин каалаган мүчө мамлекетинин аймагынан Венгриянын аймагына кирүүдөн тышкары, экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагына кирүү учурунда тиешелүү компетенттүү орган тарабынан штамп коюлушу керек.
7-берене.
1. Атайын багыттагы жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташууга уруксат/авторизация алуу керек. Уруксат өздөрүнүн аймактарында жайгашкан маршруттардын бөлүктөрү үчүн Макулдашуучу тараптардын компетенттүү органдары тарабынан берилет.
2. Атайын багыттагы жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташууга уруксат/авторизация алуу жөнүндө арыз маршрут ачылганга чейин 60 (алтымыш) күндөн кем эмес убакытта Макулдашуучу тараптын компетенттүү органы аркылуу өзү жайгашкан экинчи Макулдашуучу тараптын компетенттүү органына өткөрүп берилиши керек.
3. Атайын багыттагы жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташууга уруксат/авторизация алуу жөнүндө арыз ушул Макулдашуунун 5-беренесинин 2-пунктунун (а) - (з) пунктчаларында көрсөтүлгөн маалыматтарды камтышы керек.
4. Атайын багыттагы жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташуу үчүн ташуучу жүргүнчүлөрдүн тизмесин даярдоого милдеттүү, ал дайыма автобуста сакталууга тийиш жана Европа Бирлигинин каалаган мүчө мамлекетинин аймагынан Венгриянын аймагына кирүүдөн тышкары, экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагына кирүү учурунда тиешелүү компетенттүү орган тарабынан штамп коюлушу керек.
8-берене.
1. Ушул Макулдашуунун 5, 6 жана 7-беренелеринде көрсөтүлгөн транспорттук уруксаттар жеке өзүнө таандык болуп эсептелет жана аларды башка транспорттук операторлорго/транспорттук ташуучуларга өткөрүп берүүгө болбойт.
2. 5, 6 жана 7-беренелерде көрсөтүлгөн жүргүнчүлөрдү ташып бара жаткан автобус бузулган автобусту алмаштырган учурда уруксат/авторизация алуу талап кылынбайт.
3. Жаңы алынган автобус катталган мамлекетинин аймагына биринчи жолу бараткан учурда ушул беренеде каралган уруксат/авторизация алуу талап кылынбайт.
3. Жүк ташуу
9-берене.
1. Макулдашуучу тараптардын мамлекеттеринин ортосунда, ошондой эле үчүнчү өлкөнүн аймагына (нан) жүк ташуу ушул Макулдашуунун 10-беренесинде каралган ташуудан тышкары, Макулдашуучу тараптардын компетенттүү органдары тарабынан берилген уруксаттын негизинде жүк ташуучу автомобилдер менен ишке ашырылат.
2. Уруксат/авторизация жүгү бар же бош бараткан автомобиль үчүн жолго чыккан жана кайтып келе жаткан ар бир транспорт каражатына берилет. Жүктү чиркегичи бар автотранспорт менен ташуу үчүн уруксат алуу автомобиль үчүн гана талап кылынат.
3. Ушул берененин 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн уруксат/авторизация төмөнкү шарттар менен берилет:
а) мамлекеттик алымды төлөө менен (Кыргыз Республикасында - мамлекеттик алым, Венгрияда - транспорттук салык), же;
б) мамлекеттик алымды төлөбөстөн, (Кыргыз Республикасында - мамлекеттик алым, Венгрияда - транспорттук салык).
4. Макулдашуучу тараптардын компетенттүү органдары ушул берененин 3-пунктунда каралган уруксаттардын тибин жана санын, ошондой эле аларды берүү тартибин жана колдонуу мөөнөтүн ушул Макулдашуунун 18-беренесине ылайык түзүлгөн Биргелешкен жумушчу топ аркылуу аныктайт.
5. Автомобилдик ташууларга уруксаттарды өткөрүп берүүгө болбойт, аларды уруксат берилген ташуучу гана пайдалана алат. Уруксат жүк жүктөлгөн же бош автомобилге эки тарапка барып-келүүсүнө берилет. Уруксат экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында ташууну аткарган учурда автомобилде сакталышы жана компетенттүү органдын талабы боюнча көрсөтүлүшү керек.
6. Уруксат кагаздары үстүбүздөгү календарлык жылга жарактуу жана кийинки жылдын 31-январына чейин пайдаланылышы керек.
10-берене.
1. Төмөнкүдөй ташуулар Макулдашуучу тараптардын мамлекеттеринин аймагында уруксаты жок жана төлөм алынбастан (Кыргыз Республикасында - мамлекеттик алым, Венгрияда - транспорттук салык) ишке ашырышат:
а) жарнама жана билим берүү максатында буюмдарды ташуу (мисалы, жарманкелерге же көргөзмөлөргө коюу үчүн);
б) жабдууларды жана керектүү буюмдарды, ошондой эле театрдык, музыкалык же кинематографиялык максаттар, спорттук иш-чаралар, цирк, көргөзмөлөр же жарманкелер үчүн, радио же телекөрсөтүүлөр үчүн берүүлөрдү жана фильмдерди тартууда жаныбарларды ташуу;
в) бузулган же керектен чыккан автомобилдерди кайра ташып келүү;
г) мүрзө урналарына же табыттарга салынган сөөктү ташуу;
д) гуманитардык жүктөрдү, медициналык багыттагы предметтерди ташуу;
е) көчүү үчүн кыймылдуу мүлктү ташуу;
ё) почта ташуу;
ж) искусство буюмдарын жана чыгармаларын ташуу;
з) жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустардын чиркегичтеринде кол жүктөрдү ташуу;
и) Макулдашуучу тараптардын биринин мамлекетинин аймагында катталган ташуучулар үчүн чет өлкөдө сатып алынган автобустардын жана автотранспорт каражаттарынын биринчи жолу жолдо бош жүрүүсү.
2. Ушул берененин 1-пунктунун (а) - (з) пунктчаларында аталган ташуулардын убагында автомобилдин бул ташууларга чейинки же андан кийинки биринчи жолу бош жол жүрүүсү Макулдашуучу тараптардын мамлекеттеринин аймагында уруксаты жок аткарылышы мүмкүн.
3. Жүк ташуучу автомобиль башка Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагында бузулуп калган транспорт каражатын алмаштыруу үчүн бош кетип аткан учурда же оңдоп-түздөлгөн жүк ташуучу автотранспорт каражаты кайра кайтарылганда жүк ташууга уруксат талап кылынбайт.
4. Негизги жоболор
11-берене.
1. Салмагы жана габарити боюнча чектөөлөргө карата Макулдашуучу тараптардын компетенттүү органдары өз мамлекетинин аймагында ташууну жүргүзгөн транспорт каражаттары үчүн орнотулган эрежелерге караганда жагымсыз болгон эрежелерди экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында жүк ташууга уруксат алган транспорт каражаттары үчүн киргизбөөгө милдеттенишет.
2. Эгер транспорт каражатынын же анын жүгүнүн салмагы же габарити экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагында уруксат берилген максимумдан ашып кетсе, жүк ташууга чейин ошол Макулдашуучу тараптын компетенттүү органынан атайын уруксат алуу зарыл.
3. Экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагында кооптуу жүктөрдү ташуу үчүн: зарылдыкка жараша ошол Макулдашуучу тараптын компетенттүү органы анын улуттук мыйзамдарынын негизинде берген атайын уруксат талап кылынат.
4. Ушул берененин 2 жана 3-пункттарында аталган уруксаттарга карата компетенттүү орган транспорттук чектөөлөрдү киргизиши мүмкүн же алдын ала аныкталган транспорттук маршрутту жана Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пунктун пайдаланууга буйрук бере алат.
12-берене.
1. Макулдашуучу тараптардын ташуучулары экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагында жүргүнчүлөрдү же жүктөрдү ташууда экинчи Макулдашуучу тараптын тиешелүү улуттук мыйзамын сактоого өздөрүнө милдеттенме алышат.
2. Эгер ушул Макулдашуунун кайсы бир жоболору же экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамдары Макулдашуучу тараптардын биринин мамлекетинин аймагында катталган ташуучу тарабынан бузулса, анда эреже бузуу болгон Макулдашуучу тараптын компетенттүү органы өздөрүндө болгон соттук териштирүүдөн тышкары, аймагында жүк ташуучу катталган Макулдашуучу тараптын компетенттүү органына билдирүү жиберет, ал өзүнүн улуттук мыйзамдарында каралган зарыл болгон кадамдарды жасашы керек болот.
3. Макулдашуучу тараптардын компетенттүү органдары ушул берененин 2-пунктуна ылайык алар тарабынан кабыл алынган санкциялар жөнүндө бири-бирине маалымдашат.
13-берене.
1. Экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагына кирүүдө ташуучу компетенттүү органдын суроо-талабы боюнча башка адамдарга келтирген зыянды жабууну камсыздоочу, үчүнчү жак тарабынан берилген камсыздандыруу милдеттенмесинин аныктыгын күбөлөндүрүүчү документти бериши керек.
2. Автобуста же автотранспорт каражатында ушул берененин 1-пунктунда аталган документ болбогон учурда ташуучу экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагына кирүүдө улуттук мыйзамдарга ылайык анык камсыздандыруу милдеттенмесин камсыздоого милдеттүү.
14-берене.
Ушул Макулдашуунун алкагында Макулдашуучу тараптардын биринин мамлекетинин аймагында экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагында катталган автотранспорт каражаттары менен жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууда автотранспорт каражатын пайдалануу жана ээлик кылуу, ошондой эле автомагистралдарды пайдалануу жана аларды күтүү үчүн алынуучу бардык алымдар жана жыйымдар алуучу өлкөнүн улуттук мыйзамдарына ылайык төлөнөт.
15-берене.
1. Макулдашуучу тараптардын бири дагы өз өлкөсүнүн аймагында убактылуу ташууларды аткарып жүргөн экинчи Макулдашуучу тараптын транспорт каражаттарынан импорттук же экспорттук алымдарды же жыйымдарды (анын ичинде бажы алымдарын) албайт, буга төмөнкүлөр кирбейт:
а) жол тармагынын инфратүзүмдөрүн пайдалануу үчүн акы (мисалы, жолдордо жана көпүрөлөрдө жүрүү үчүн акы);
б) салмагы, габарити же жүк жүктөлгөн же жүгү жок транспорт каражатынын огуна келтирилген оордук Макулдашуучу тараптардын улуттук мыйзамдарында белгиленген лимиттерден ашып кеткенде алынуучу жыйымдар.
2. Автомобилдин стандарттык бактарындагы отун жана майлоочу материалдар, ошондой эле транспорт каражатынын запастык бөлүктөрү жана оңдоо предметтери келген өлкөнүн аймагында ташып келүү алымдарынан бошотулган.
3. Ушул Макулдашуунун колдонулушуна туура келген эл аралык ташууларды аткарган жана жолдо бузулган автомобилдерди же автобустарды оңдоо үчүн багытталган, Макулдашуучу тараптардын биринин мамлекетинин аймагына убактылуу ташып келинген запастык бөлүктөр жана инструменттер ташып кетилет же бажы органынын контролу алдында ташуучунун эсебинен жок кылынууга тийиш.
4. Ушул Макулдашуунун колдонулушуна туура келген ташууларга Венгрия колдонулуудагы бажы мыйзамдарына ылайык жана Европа Бирлигинин жол-жоболорунун жана эрежелеринин негизинде бажы алымдарына жана жыйымдарга, тыюу салуулардан импорттук жана экспорттук чектөөлөргө жана алып салууларга карата жеңилдиктерди берет.
16-берене.
Чек ара жана бажы контролуна, ошондой эле ветеринардык, фитосанитардык, эпидемиологиялык, экологиялык, жаратылышты коргоо эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөөгө карата Макулдашуучу тараптар улуттук мыйзамдарды жана Кыргыз Республикасы менен Венгрия катышкан эл аралык мыйзамдардын жоболорун колдонушат.
17-берене.
Оор жаракат алгандарды ташуу учурунда, автобустарда жүргүнчүлөрдү жана транспорт менен бат бузулуучу же кооптуу жүктөрдү үзгүлтүксүз ташууларда чек ара контролунун компетенттүү органдары, ошондой эле башка контролдоочу органдар чек ара жана бажы контролун артыкчылыктуу тартипте жүргүзүшөт, ошондой эле ветеринардык, фитосанитардык, эпидемиологиялык, экологиялык жана жаратылышты коргоо эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөшөт.
18-берене.
1. Ушул Макулдашууну ишке ашыруу жана колдонуу үчүн Макулдашуучу тараптар компетенттүү органдардын өкүлдөрүнөн турган Биргелешкен жумушчу топту түзүшөт.
2. Макулдашуучу тараптардын компетенттүү органдары Биргелешкен жумушчу топтун жыйынына катышуу үчүн башка эксперттерди чакырууга укуктуу.
3. Биргелешкен жумушчу топтун жыйыны Макулдашуучу тараптардын мамлекеттеринин аймагында кезек-кезеги менен Макулдашуучу тараптардын биринин суроо-талабы боюнча өткөрүлүшү керек.
4. Биргелешкен жумушчу топ ушул Макулдашууга түзөтүүлөрдү сунушташы мүмкүн же ушул Макулдашууну бузууну сунуштай алат.
19-берене.
Ушул Макулдашууга карата бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор Макулдашуучу тараптардын өз ара макулдугу менен киргизилет. Мындай толуктоолор жана өзгөртүүлөр ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделет жана ушул Макулдашуунун 20-беренесинде аныкталган жоболорго ылайык күчүнө кирет.
20-берене.
1. Ушул Макулдашуу жазуу жүзүндөгү акыркы кабарламаны алган күндөн тартып 30 күндөн кийин күчүнө кирет, ал аркылуу Макулдашуучу тараптар дипломатиялык каналдар боюнча бири-бирине ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аяктагандыгы жөнүндө кабарлайт.
2. Ушул Макулдашуу Макулдашуучу тараптардын биринин дипломатиялык каналдары боюнча жазуу жүзүндө кабарлоо жолу менен бузулмайынча күчүндө болот. Бул учурда экинчи Макулдашуучу тарап жогоруда аталган кабарламаны алгандан алты ай өткөндөн кийин Макулдашуу өзүнүн колдонулушун токтотот.
3. Ушул Макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып 1966-жылдын 19-мартында Будапештте кол коюлган Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун Өкмөтү менен Венгрия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы эл аралык автомобилдик каттамдар жөнүндө макулдашуу Кыргыз Республикасы менен Венгрия Республикасынын ортосундагы мамилелерде колдонулушун токтотот.
Муну күбөлөндүрүү үчүн тиешелүү түрдө ыйгарым укук берилгендер ушул Макулдашууга кол коюшту.
20__-жылдын "__" _________ ______________ шаарында, эки нускада, ар бири кыргыз, орус, венгер жана англис тилинде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда, англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Венгрия Өкмөтү үчүн |