Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 25-сентябры № 333-б
1. Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо, салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө тиркелген макулдашуунун долбоору жана аталган Макулдашууга карата Протоколдун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине жогоруда аталган Макулдашуунун жана Макулдашууга карата Протоколдун долбоорлоруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министи |
| К.А.Боронов |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо, салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасы менен Венгрия (мындан ары - Макулдашуучу мамлекеттер), эки мамлекеттин ортосундагы экономикалык мамилелерди андан ары өнүктүрүү жана салык маселелериндеги кызматташтыкты кеңейтүүнү каалап, салык төлөөдөн баш тартуу жана салык салуудан качуу (анын ичинде үчүнчү мамлекеттин жарандарынын пайдасына кыйыр пайдаларды алуу үчүн, ушул Макулдашууда каралган жеңилдиктерге жетүү максатында эл аралык салыктык макулдашуулардын жоболорун кыянаттык менен пайдалануу) аркылуу салык салуудан бошотуу же салык салууну кыскартуу үчүн мүмкүнчүлүк түзбөстөн Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо жөнүндө макулдашуу түзүүнү ниет кылып, төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене. Макулдашуу колдонула турган жактар
Ушул Макулдашуу Макулдашуучу мамлекеттердин биринин же экөөнүн тең резиденти болуп саналган жактарга карата колдонулат.
2-берене. Макулдашуу жайылтыла турган салыктар
1. Ушул Макулдашуу Макулдашуучу мамлекеттин атынан, анын аймактык-административдик бөлүмдөрү же бийликтин жергиликтүү органдары тарабынан алынуучу киреше салыктарына карата, аларды алуу ыкмаларына карабастан колдонулат.
2. Кирешеге салыктар деп, кирешелердин жалпы суммасынан же кирешенин элементтеринен алынуучу бардык салыктар, анын ичинде кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү ажыратуудан түшкөн кирешелерден салык, ишканалар төлөп берүүчү эмгек акынын же маянанын жалпы суммасына салык, ошондой эле капиталдын наркынын өсүшүнө салык саналат.
3. Ушул Макулдашуу жайылтыла турган колдонуудагы салыктар деп төмөнкүлөр эсептелет:
a) Кыргыз Республикасында:
(i) юридикалык жактардан алынуучу кирешеге жана пайдага салык;
(ii) жеке жактардан алынуучу киреше салыгы
(мындан ары - "Кыргызстан салыгы" деп аталат); жана
b) Венгрияда:
(i) жеке жактардан алынуучу киреше салыгы; жана
(ii) корпоративдик салык
(мындан ары - "Венгрия салыгы" деп аталат).
4. Ушул Макулдашуу толуктоо катары же колдонуудагы салыктардын ордуна окшош же мааниси боюнча ушул сыяктуу салыктарга карата да ушул Макулдашууга кол коюлган күндөн кийин колдонулат. Макулдашуучу мамлекеттердин компетенттүү органдары алардын тиешелүү салыктык мыйзамдарына киргизилген бардык олуттуу өзгөртүүлөр тууралуу бири-бирине кабарлашат.
3-берене. Жалпы аныктамалар
1. Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн, эгер контексттен башкача маани келип чыкпаса:
a) "Кыргызстан" деген термин Кыргыз Республикасын билдирет. "Кыргызстан" деген термин географиялык мааниде алганда, Кыргыз Республикасы эл аралык укукка ылайык эгемендүү укуктарын жана юрисдикциясын жүзөгө ашырып жаткан жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары колдонулуучу аймакты билдирет;
b) "Венгрия" деген термин эл аралык укуктук ченемдерге ылайык, Венгриянын мыйзамдарында аныкталган Венгриянын аймагын түшүндүрөт;
c) "жак" деген термин жеке адамды, компанияны жана ар кандай башка жактардын бирикмесин түшүндүрөт;
d) "компания" деген термин салык алуу максаты үчүн корпоративдик бирикме катары каралган ар кандай корпоративдик бирикмени же ар кандай ишкананы түшүндүрөт;
е) "Макулдашуучу мамлекет" жана "экинчи Макулдашуучу мамлекет" деген терминдер контекстке жараша Кыргыз Республикасын жана Венгрияны түшүндүрөт;
f) "Макулдашуучу мамлекеттин ишканасы" жана "экинчи Макулдашуучу мамлекеттин ишканасы" деген терминдер тиешелүүлүгүнө жараша Макулдашуучу мамлекеттин резиденти башкарган ишкананы жана экинчи Макулдашуучу мамлекеттин резиденти башкарган ишкананы түшүндүрөт;
g) "эл аралык ташуу" деген термин Макулдашуучу мамлекеттин ишканасы пайдалануучу деңиз, аба кемелери жана жол же темир жол транспорт каражаттары менен ар кандай ташууларды түшүндүрөт, буга деңиз же аба кемелери, жол же темир жол транспорт каражаттары экинчи Макулдашуучу мамлекеттеги бара турган жерлердин ортосунда гана пайдаланылган учурлар кирбейт;
h) "компетенттүү орган" деген термин төмөнкүнү түшүндүрөт:
(i) Кыргыз Республикасында - салык саясаты үчүн жооптуу болгон мамлекеттик органды же анын ыйгарым укуктуу өкүлүн;
(ii) Венгрияда - салык саясаты үчүн жооптуу болгон министрди же анын ыйгарым укуктуу өкүлүн;
(i) "мамлекеттик жак" деген термин төмөнкүнү түшүндүрөт:
(i) Макулдашуучу мамлекеттин жарандыгы бар жеке жак;
(ii) Макулдашуучу мамлекеттин колдонуудагы мыйзамдарына ылайык өзүнүн статусун алган ар кандай юридикалык жак, өнөктөштүк, ассоциация же башка уюм;
(i) "Ишкана" деген термин ишкердик иш менен алектенген жактарга колдонулат;
(k) "бизнес" деген термин ошондой эле кесиптик ишти жана көз карандысыз мүнөздөгү башка ишти жүзөгө ашырууну камтыйт.
2. Макулдашуучу мамлекет тарабынан ар кандай учурларда ушул Макулдашууну колдонгондо андагы аныкталбаган ар кандай термин, эгерде контексттен башкача түшүнүк чыкпаса, анын мааниси ушул Макулдашуу колдонулган салыктарга карата ошол Мамлекеттин мыйзамдары боюнча мааниге ээ болот жана Макулдашуучу мамлекеттин тиешелүү салык мыйзамдарына ылайык маани Макулдашуучу мамлекеттин башка мыйзамдарына ылайык терминдин маанисинен артыкчылыкка ээ болот.
4-берене. Резидент
1. Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн "Макулдашуучу мамлекеттин резиденти" деген термин Макулдашуучу мамлекеттин мыйзамдарына ылайык туруктуу барган жери, туруктуу жашаган жери, башкаруу орду же ушундай мүнөздөгү башка критерийлери боюнча салык салынууга тийиш болгон ар кандай жакты түшүндүрөт, ошондой эле ушул Мамлекетти же анын ар кандай аймактык-административдик бөлүмүн же бийликтин жергиликтүү органын камтыйт. Бирок бул термин ушул Мамлекеттеги салык салынууга тийиш болгон ар кандай жакты камтыбайт, бул, ушул Мамлекетте болгон булактардан алынган кирешелерге карата гана колдонулат.
2. Эгерде ушул берененин 1-пункту боюнча жеке жак Макулдашуучу мамлекеттердин экөөнүн тең резиденти болуп саналса, анын статусу төмөнкүчө аныкталат:
a) ал аймагында туруктуу турак жайга ээ болгон Макулдашуучу мамлекеттин резиденти болуп саналат; эгер ал эки Макулдашуучу мамлекетте тең туруктуу турак жайга ээ болсо, ал тыгыз жеке жана экономикалык байланыштарга (жашоо тиричилик кызыкчылыгынын борборуна) ээ болгон Мамлекеттин гана резиденти болуп саналат;
b) эгер анын жашоо тиричилик кызыкчылыгынын борбору боло турган Мамлекети аныкталбаса, же эгер бул Мамлекеттердин биринде дагы туруктуу турак жайы болбосо, анда ал кадимки жашаган Макулдашуучу мамлекеттин гана резиденти болуп саналат;
с) эгер ал эки Мамлекетте тең жашаса, же алардын биринде да жашабаса, анда ал жараны болуп саналган Макулдашуучу мамлекеттин резиденти болуп саналат;
d) эгер ал эки Мамлекетте тең жашаса, же алардын биринде да жашабаса, анда бул маселе Макулдашуучу мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан өз ара макулдашуу боюнча чечилет.
3. Эгер 1-пунктка ылайык жеке жак болуп эсептелбеген жак Макулдашуучу мамлекеттердин экөөнүн тең резиденти болуп саналса, анда ал өзүнүн иш жүзүндөгү башкаруу органы жайгашкан Мамлекеттин гана резиденти болуп саналат.
5-берене. Туруктуу мекеме
1. Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн "туруктуу мекеме" деген термин иш-аракеттердин туруктуу ордун түшүндүрөт, ал аркылуу ишкананын ишкердиги толугу менен же жарым-жартылай жүзөгө ашырылат.
2. Атап айтканда, "турукту мекеме" термини өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
a) башкаруу ордун;
b) филиалды;
c) кеңсени;
d) фабриканы;
е) цехти, жана
f) кен, нефть же газ бургуларын, таш майдалагычты же жаратылыш ресурстарын казуучу башка жерлерди.
3. "Туруктуу мекеме" термини ошондой эле өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
a) курулуш аянттарын, куруу, монтаждоо же чогултуу объекттерин же алар менен байланышкан көзөмөлдөө иштерин, бирок ушундай аянт же объект он эки айдан ашык мөөнөткө болгон учурда гана;
b) Макулдашуучу мамлекеттин ишканасы тарабынан ишкананын кызматкерлери же ишкана ушундай максаттар үчүн тартылган башка кызматкерлер аркылуу көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдү, консультациялык же башкаруу кызматтарын кошо көрсөтүүнү, бирок мындай мүнөздөгү иш-аракеттер ушундай же аны менен байланышкан долбоор үчүн башка Макулдашуучу мамлекеттин аймагында он эки айдын аралыгында жалпысынан алты айдан ашык мөөнөттүн ичинде же мезгилде уланган учурда гана.
4. Ушул берененин мурунку жоболоруна карабастан, "туруктуу мекеме" термини төмөнкүлөрдү камтыбайт:
а) курулмаларды ишканага таандык болгон товарларды же буюмдарды сактоо, көрсөтүү же берүү максатында гана колдонууну;
b) ишканага таандык болгон товарлардын же буюмдардын запасын сактоо, көрсөтүү же берүү максатында гана кармоону;
c) ишканага таандык болгон товарлардын же буюмдардын запасын башка ишкана тарабынан кайра иштетүү максатында гана кармоону;
d) товарларды же буюмдарды сатып алуу же ишкана үчүн маалыматтарды топтоо максаттарында гана иштин туруктуу ордун кармоону;
е) иштин туруктуу ордун ишкана үчүн даярдоо же көмөкчү мүнөздөгү башка ар кандай иш жүргүзүү максатында гана кармоону;
f) иштин туруктуу ордун ушул пункттун "а" - "е" пунктчаларында саналган иштердин түрлөрүнүн ар кандай комбинациялары үчүн гана кармоону, иштин туруктуу ордунун ушундай комбинациялардын натыйжасында пайда болгон жыйынды иштери даярдоочу же көмөкчү мүнөздө болгон шартта.
5. Ушул берененин 1 жана 2-пункттарынын жоболоруна карабастан, эгерде жак ушул берененин 6-пункту колдонула турган көз карандысыз статустагы агентке караганда башка болсо - Макулдашуучу мамлекетте ишкананын атынан иштесе жана адатта ишкананын атынан келишим түзүүгө ыйгарым укуктары болсо жана аны ишке ашырса, анда бул ишкана ушул Мамлекеттеги туруктуу мекемеси бар катары каралат, эгерде бул жактын иш-аракети ушул берененин 4-пунктунда баяндалган иш-аракеттер менен чектелсе ишкана үчүн бардык кылган иш-аракеттерине карата ишин туруктуу орду аркылуу жүргүзүп, бул иштин туруктуу ордун ушул берененин ушул пунктунун жоболоруна ылайык туруктуу мекемеге айлантпайт.
6. Ишкана ишкердикти ошол Мамлекетте брокер, комиссионер, же көз карандысыз статусу бар башка агент аркылуу жүргүзсө гана, мындай жактар өзүнүн демейки иш-аракеттеринин алкагында аракеттенген шартта, Макулдашуучу мамлекетте туруктуу мекемеси бар деп саналбайт.
7. Макулдашуучу мамлекеттин резиденти болуп саналган компания контролдой турган же экинчи Макулдашуучу мамлекеттин резиденти болуп саналган компания тарабынан контролдоно турган, же бул экинчи Мамлекетте ишкердикти ишке ашыруу (же туруктуу мекеме аркылуу, же башкача түрдө) фактысы өзүнөн-өзү бул компаниялардын бирин экинчисинин туруктуу мекемесине айланта албайт.
6-берене. Кыймылсыз мүлктөн киреше
1. Макулдашуучу мамлекеттин резиденти экинчи Макулдашуучу мамлекетте жайгашкан кыймылсыз мүлктөн (айыл чарбасынан, жайыт же токой чарбасынан кирешелерди кошкондо) алуучу кирешеге ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. "Кыймылсыз мүлк" термини каралып жаткан мүлк жайгашкан Макулдашуучу мамлекеттин мыйзамдарындагы мааниге ээ. Бул термин ар кандай учурларда кыймылсыз мүлккө карата көмөкчү мүлктү, малды, айыл жана токой чарбасында пайдаланылуучу жабдууларды, жер менчигине карата жалпы мыйзамдардын жоболорунда колдонулуучу укуктарды, кыймылсыз мүлктүн узуфруктун жана минералдык запастарды, булактарды жана башка жаратылыш ресурстарын иштетүү же иштетүүгө укук алуу үчүн компенсация катары өзгөрмөлүү же белгиленген төлөмдөргө укуктарды камтыйт. Деңиз кемелери жана аба кемелери, жол же темир жол транспорт каражаттары кыймылсыз мүлк катары каралбайт.
3. Ушул берененин 1-пунктунун жоболору кыймылсыз мүлктү тикелей пайдалануудан, ижарага берүүдөн же аны кандайдыр бир башка түрдө пайдалануудан алынган кирешелерге карата колдонулат.
4. Ушул берененин 1 жана 3-пункттарынын жоболору ишкананын кыймылсыз мүлкүнөн алынган кирешелерге карата колдонулат.
7-берене. Ишкердик иштен пайда
1. Макулдашуучу мамлекеттин ишканасынын пайдасына, эгерде мындай ишкана ушул экинчи Макулдашуучу мамлекетте жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу ишкердик жүргүзбөсө, биринчи Мамлекетте гана салык салынат. Эгерде ишкана жогоруда айтылгандай ишкердик жүргүзсө, ишкананын пайдасына экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн, бирок мындай туруктуу мекемеге тийиштүү болгон бөлүгүнө гана салык салынат.
2. Ушул берененин 3-пунктунун жоболорун эске алуу менен Макулдашуучу мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашуучу мамлекетте жайгашкан туруктуу мекемеси аркылуу ишкердикти жүргүзсө, анда ар бир Макулдашуучу мамлекетте бул туруктуу мекемеге, эгер ал өз алдынча жана өзүнчө мекеме болгондо, ушундай же ушуга окшогон шартта ушундай же ушуга окшогон ишти жүргүзгөн жана анын туруктуу мекемеси болуп саналган ишканадан толук көз карандысыз аракеттенгенде алууга мүмкүн болгон пайда кирет.
3. Туруктуу мекеменин пайдасын аныктоодо башкаруу жана жалпы административдик чыгымдарды кошо алганда, туруктуу мекеменин максаттары үчүн келтирилген чыгымдарды, бул чыгымдар туруктуу мекеме жайгашкан Мамлекетте же кандай гана жерде болбосун жасалганына карабастан, эсептен чыгарууга жол берилет.
4. Эгерде Макулдашуучу мамлекет тарабынан туруктуу мекемеге тийиштүү пайда ишкананын жалпы пайдасынын ар түрдүү бөлүмдөрү боюнча пропорциялуу бөлүштүрүүнүн негизинде аныкталса, ушул берененин 2-пункту ошол Макулдашуучу мамлекетте адатта кабыл алынгандай мындай бөлүштүрүү аркылуу салык салынуучу пайданы аныктоого тыюу салбайт; бирок бөлүштүрүүнүн тандалып алынган ыкмасы ушул беренеде камтылган принциптерге ылайык келген натыйжаларды бериши керек.
5. Аталган туруктуу мекеме тарабынан ушул ишкана үчүн товарларды сатып алуунун себеби боюнча гана туруктуу мекемеге пайда эсептелбейт.
6. Жогоруда аталган пункттарды аткарууда башкаларды жүзөгө ашыруу үчүн олуттуу жана жетишердик себеп болбосо, туруктуу мекемеге тийиштүү пайда ар бир жылы бир эле ыкма менен аныкталышы керек.
7. Эгер пайда ушул Макулдашуунун башка беренелеринде өзүнчө каралган кирешенин элементтерин өзүнө камтыса, анда аталган беренелердин жоболору ушул берененин жоболоруна таасирин тийгизбейт.
8-берене. Эл аралык ташуулар
1. Макулдашуучу мамлекеттин ишканасы деңиз кемелерин жана аба кемелерин, автожол же темир жол транспорт каражаттарын пайдалануу менен эл аралык ташууларда алган пайдасына салык ошол Мамлекетте гана салынышы керек.
2. Ушул берененин 1-пунктунун жоболору биргелешкен ишканага же эл аралык операциялык агенттикке пулга катышуудан тапкан пайдаларга да колдонулат.
9-берене. Ассоциацияланган ишканалар
1. Эгерде:
a) Макулдашуучу мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашуучу мамлекеттин ишканасын башкарууга, контролдоого же капиталына түз же кыйыр катышса; же
b) бир жана ошол эле жактар бир Макулдашуучу мамлекеттин ишканасын, ошондой эле экинчи Макулдашуучу мамлекеттин ишканасын башкарууга, контролдоого же капиталына түз же кыйыр катышса жана эки ишкананын ортосунда түзүлгөн же калыптанган алардын коммерциялык же финансылык мамилелери эки көз карандысыз ишкананын ортосунда түзүлүшү ыктымал болгон мамилелерден айырмаланган шарттар орун алган каалагандай учурда ишканалардын бирине чегериле турган, бирок бул шарттардын себебинен улам ага чегерилбеген ар кандай пайда, бул ишкананын пайдасына тиешелүү түрдө киргизилип, салык салынышы мүмкүн.
2. Биринчи Макулдашуучу мамлекет ушул Мамлекеттин ишканасынын пайдасына экинчи Мамлекетте салык салууга дуушар болгон экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасына карата пайданы киргизсе жана тийиштүү түрдө салык салса жана ушул мүнөздө киргизилген пайда биринчи эскертилген Мамлекеттин ишканасына чегериле турган пайда деп саналат, эгер эки ишкананын ортосундагы мамиле эки көз карандысыз ишкананын ортосундагы мамиледей болсо, анда бул экинчи Мамлекет ушул пайдадан алынуучу салыктын суммасына карата тийиштүү оңдоп-түзөтүүлөрдү киргизиши мүмкүн. Мындай оңдоп-түзөтүүлөр аныкталганда ушул Макулдашуунун башка жоболору эске алынууга тийиш, ал эми Макулдашуучу мамлекеттердин компетенттүү органдары бири-бири менен зарыл болгон учурда консультацияларды өткөрө алышат.
10-берене. Дивиденддер
1. Макулдашуучу мамлекеттин резидент-компаниясы экинчи Макулдашуучу мамлекеттин резидентине төлөп берүүчү дивиденддерге ушул Мамлекетте гана салык салынышы мүмкүн.
2. Ошондой болсо да дивиденддерди төлөөчү компания анын резиденти болуп саналган жана ушул Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык мындай дивиденддерге Макулдашуучу мамлекетте дагы салык салынышы мүмкүн, бирок дивиденддердин негизги ээси экинчи Макулдашуучу мамлекеттин резиденти болсо, анда бул салык төмөнкүлөрдөн ашпоого тийиш:
a) дивиденддерди төлөөчү компаниянын капиталынын 15 (он беш) пайызынан кем эмесине түздөн-түз ээлик кылган (өнөктөштөн башка) компания негизги ээси болуп саналса, дивиденддердин жалпы суммасынан 5 (беш) пайыздан;
b) калган бардык учурларда дивиденддердин жалпы суммасынан 10 (он) пайыздан.
Бул пункт дивиденддер төлөнүүчү пайдага карата компанияга салык салууну козгобоого тийиш.
3. Ушул беренеде колдонулуучу "дивиденддер" термини акциялардан, дивиденддерди алуу укугу менен акциялардан, дивидендди алууга укугу бар укуктардан, кен казуучу компаниялардын акцияларынан, уюштуруучу акциялардан же пайдага катышууга укук берген, карыздык талап болуп эсептелбеген башка укуктардан кирешелерди, ошондой эле пайданы бөлүштүрүүчү компания резиденти болуп эсептелген Макулдашуучу мамлекеттин мыйзамдарына ылайык акциялардан кирешелерге салык салууга карата теңдештирилген корпоративдик башка укуктардан кирешелерди түшүндүрөт.
4. Эгерде дивиденддердин иш жүзүндөгү ээси Макулдашуучу мамлекеттин резиденти болуу менен дивиденддерди төлөөчү компания резиденти болуп эсептелген экинчи Макулдашуучу мамлекетте жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу ишкердик жүргүзсө, же анда жайгашкан туруктуу базадан ошол экинчи Макулдашуучу мамлекетте көз карандысыз жеке кызматтарды көрсөтсө, дивиденддер төлөнүп жаткан холдинг чындыгында эле ушундай туруктуу мекеме же туруктуу база менен байланыштуу болсо, ушул берененин 1 жана 2-пункттарынын жоболору колдонулбайт. Мындай учурда ушул Макулдашуунун 7-беренесинин жоболору колдонулат.
5. Макулдашуучу мамлекеттин резиденти болуп саналган компания экинчи Макулдашуучу мамлекеттен пайда же киреше алган учурда, анда бул экинчи Мамлекет эгер мындай дивиденддер ушул экинчи Мамлекеттин резидентине төлөнсө же эгерде ал дивиденддер төлөнүп жаткан холдинг иш жүзүндө бул экинчи Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекеме менен байланышта экендигин кошпогондо, компания төлөп берүүчү дивиденддерден кандайдыр бир салык албайт жана компаниянын бөлүштүрүлбөгөн пайдасына, ал тургай эгер төлөнүүчү дивиденддер же бөлүштүрүлбөгөн пайда ошол экинчи Мамлекетте келип чыгуучу толук же жарым-жартылай пайдадан же кирешеден турса да, бөлүштүрүлбөгөн пайдага салык салынбайт.
11-берене. Пайыздар
1. Биринчи Макулдашуучу мамлекетте пайда болгон жана экинчи Макулдашуучу мамлекеттин резидентине төлөнүүчү пайыздарга ошол экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Бирок мындай пайыздарга алар пайда болгон жана ушул Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык Макулдашуучу мамлекетте салык салынууга тийиш, бирок эгерде пайыздардын иш жүзүндөгү ээси экинчи Макулдашуучу мамлекеттин резиденти болгон болсо, алынуучу салык пайыздардын дүң суммасынан 5 (беш) пайыздан ашпашы керек.
3. Ушул берененин 2-пунктунун жоболоруна карабастан, бир Макулдашуучу мамлекетте пайда болгон жана экинчи Макулдашуучу мамлекетке иш жүзүндө тиешелүү болгон пайыздарга ушул гана экинчи Мамлекетте салык салынууга тийиш, эгерде мындай пайыздар төмөнкүлөргө байланыштуу төлөнүп жатса:
a) ар кандай товар же жабдууларды кредитке сатуунун натыйжасында пайда болгон карыз;
b) экинчи Макулдашуучу мамлекеттин Өкмөтүнө, анын ичинде ар кандай администрациялык-аймактык бөлүмгө же жергиликтүү бийлик органдарына, экинчи Макулдашуучу мамлекеттин Борбордук банкына же мындай мекеменин иштеши экспорт же инвестицияларды илгерилетүү болсо, ушул Өкмөткө тиешелүү же ал тарабынан контролдонгон ар кандай башка мекемеге;
c) экинчи Макулдашуучу мамлекеттин Өкмөтү, анын ичинде ар кандай администрациялык-аймактык бөлүмү же жергиликтүү бийлик органдары, экинчи Макулдашуучу мамлекеттин Борбордук банкы же мындай мекеменин иштеши экспорт же инвестицияларды илгерилетүү болсо, ушул Өкмөткө тиешелүү же ал тарабынан контролдонгон ар кандай башка мекеме кепилдик берген ар кандай зайым же кредитке байланыштуу.
4. "Пайыздар" термини ушул беренеде колдонгон учурда карызкорлордун пайдаларына катышууга укук берүүчү же бербөөчү ипотека менен камсыздалган же камсыздалбаган каалагандай түрдөгү карыздык талаптардан түшкөн кирешени, атап айтканда өкмөттүк баалуу кагаздардан түшкөн кирешени жана облигациялардан же карыздык милдеттенмелерден кирешени, анын ичинде ушул баалуу кагаздар, облигациялар же карыздык милдеттенмелер боюнча сый акыларды жана утуштарды түшүндүрөт, бирок ушул Макулдашуунун 10-беренесинде аталган кирешелерди камтыбайт. Өз учурунда төлөнбөгөнү үчүн айып пулдар ушул берененин максаттары үчүн пайыздар катары каралбайт.
5. Эгер пайыздардын иш жүзүндөгү ээси Макулдашуучу мамлекеттин резиденти болуп туруп, пайыздар пайда болгон экинчи Макулдашуучу мамлекетте жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу ишкердик жүргүзсө жана пайыздар төлөнүп берилген карыздык талаптар ушундай туруктуу мекеме менен иш жүзүндө байланышкан болсо, анда ушул берененин 1, 2, 3-пункттарынын жоболору колдонулбайт. Мындай учурда ушул Макулдашуунун 7-беренесинин жоболору колдонулат.
6. Эгерде төлөөчү кайсы бир Макулдашуучу мамлекеттин резиденти болуп саналса, анда пайыздар ошол Мамлекетте пайда болгон деп эсептелет. Бирок эгерде пайыздарды төлөөчү жак Макулдашуучу мамлекеттин резиденти болуп санала тургандыгына же саналбагандыгына карабастан Макулдашуучу мамлекетте карызы пайда болгон туруктуу мекемеси бар болгон жана алар боюнча пайыздарды төлөгөн жана бул пайыздарды ошол туруктуу мекеме төлөгөн болсо, анда мындай пайыздар туруктуу мекеме жайгашкан Мамлекетте пайда болгон деп эсептелүүгө тийиш.
7. Эгерде төлөөчү менен пайыздын иш жүзүндөгү ээсинин ортосундагы же ал экөө менен кандайдыр бир үчүнчү жактын ортосундагы өзгөчө мамилелерге байланыштуу карыздык талаптын негизинде төлөнүп жаткан пайыздар төлөөчү менен пайыздын иш жүзүндөгү ээсинин ортосунда макулдашылган суммадан ашкан учурда жана мындай мамилелер алардын ортосунда макулдашылбаган болсо, анда ушул берененин жоболору акыркы эскертилген суммага карата гана колдонулат. Мындай учурда ушул Макулдашуунун башка жоболорун тийиштүү түрдө эске алуу менен ар бир Макулдашуучу мамлекеттин мыйзамдарына ылайык төлөмдүн ашып кеткен бөлүгүнө мурдагыдай эле салык салынууга тийиш.
12-берене. Роялти
1. Бир Макулдашуучу мамлекетте келип чыккан жана экинчи Макулдашуучу мамлекеттин резидентине төлөнүүчү роялтиге ошол экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Бирок мындай роялтиге Макулдашуучу мамлекеттин мыйзамдарына ылайык алар келип чыккан Макулдашуучу мамлекетте да салык алынышы мүмкүн, бирок эгерде роялтинин иш жүзүндөгү ээси экинчи Макулдашуучу мамлекеттин резиденти болуп саналса, анда мындай түрдө алынуучу салык роялтинин жалпы суммасынын 5 (беш) пайызынан ашпоого тийиш.
3. Ушул беренеде колдонуучу "роялти" термини ар кандай адабият, искусство чыгармаларына же илимий эмгектерге, киноматографиялык фильмдерди, радио же телекөрсөтүүлөр үчүн колдонулуучу фильмдерди же жазууларды, кандайдыр бир патенттерди, соода маркаларын, дизайн же моделди, планды, жашыруун формуланы же процессти кошо алганда автордук укуктарды пайдалануу укугун колдонуу же берүү үчүн же өнөр жайлык, коммерциялык же илимий жабдууларды пайдалануу укугун колдонуу же берүү үчүн же өнөр жайлык, коммерциялык же илимий тажрыйбага тиешелүү маалымат үчүн сыйлык катарында алынуучу ар кандай түрдөгү төлөмдөрдү билдирет.
4. Макулдашуучу мамлекеттин резиденти болуп туруп роялтинин иш жүзүндөгү ээси экинчи Макулдашуучу мамлекетте ишкердик жүргүзсө, роялти ошол жерде жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу келип чыкса, роялти төлөнгөн укук же мүлк иш жүзүндө мындай туруктуу мекеме же туруктуу база менен байланышса ушул берененин 1 жана 2-пункттарынын жоболору колдонулбайт. Мындай учурда ушул Макулдашуунун 7-беренесинин жоболору колдонулат.
5. Эгерде төлөөчү Макулдашуучу мамлекеттин резиденти болуп саналса, анда ошол Мамлекетте келип чыккан деп эсептелет. Бирок эгерде роялти төлөөчү жак Макулдашуучу мамлекеттин резиденти болуп саналгандыгына же саналбагандыгына карабастан, Макулдашуучу мамлекетте туруктуу мекемеси бар болсо, роялтини пайда кылган укук же мүлк иш жүзүндө алар менен байланышса же мындай роялтини төлөө боюнча чыгымдарды туруктуу мекеме тартса, анда бул роялти туруктуу мекеме жайгашкан Мамлекетте келип чыгат деп эсептелет.
6. Эгерде төлөөчү менен иш жүзүндө роялтинин ээсинин ортосундагы же ал экөө менен кандайдыр бир башка жактын ортосундагы өзгөчө мамилелеринин себеби боюнча роялтини төлөөгө негиз болгон колдонууга, укукка же маалыматка таандык роялтинин суммасы мындай мамилелер жок учурда төлөөчү менен роялтинин иш жүзүндөгү ээсинин ортосунда макулдашылган суммадан ашса, ушул берененин жоболору акыркы эскертилген суммага гана колдонулат. Мындай учурда төлөмдүн ашыкча бөлүгү ушул Макулдашуунун башка жоболорун тийиштүү түрдө эске алуу менен ар бир Макулдашуучу мамлекеттин мыйзамдарына ылайык салык салынууга тийиш.
13-берене. Капиталдан киреше
1. Ушул Макулдашуунун 6-беренесинде аталган жана экинчи Макулдашуучу мамлекетте жайгашкан кыймылсыз мүлктү ажыратууда Макулдашуучу мамлекеттин резиденти тарабынан алынуучу кирешеге мына ошол экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Акцияларды же шериктештиктин же трасттын үлүшүн ээликтен ажыратуудан Макулдашуучу мамлекеттин резиденти алган кирешеге экинчи Макулдашуучу мамлекетте жайгашкан кыймылсыз мүлктөн түз же кыйыр түрдө анын наркынын 50дөн (элүү) ашык пайызын алууда ошол Макулдашуучу мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
3. Ушул берененин 2-пунктунда каралгандардан айырмаланган кирешелер, Макулдашуучу мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашуучу мамлекетте ээ болуп турган туруктуу мекеменин коммерциялык мүлкүнүн бөлүгүн түзгөн кыймылдуу мүлктү ажыратуудан, мындай туруктуу мекемени (өзүнчө же бүткүл ишкана менен бирге) ажыратуудан түшкөн кирешени кошкондо, ошол экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
4. Эл аралык ташууларда пайдаланылуучу деңиз же аба кемелерин же болбосо ушул деңиз же аба кемелерин эксплуатациялоого таандык болгон көчмө мүлктү ээликтен ажыратуудан түшкөн кирешеге ишкананын башкармалыгы иш жүзүндө жайгашкан Макулдашкан мамлекетте гана салык салынат.
5. Ушул берененин 1, 2, 3 жана 4-пункттарында аталгандардан башка кандайдыр бир мүлктү ээликтен ажыратуудан түшкөн кирешелерге мүлктү ээликтен ажыраткан жак резиденти болуп эсептелген Макулдашуучу мамлекетте гана салык салынат.
14-берене. Жалдоо боюнча иштен алынган киреше
1. Жалданып иштөө экинчи Макулдашуучу мамлекетте жүзөгө ашырылбаган учурда ушул Макулдашуунун 15, 17 жана 18-беренелеринин жана 19-беренесинин 2-3-пункттарынын жоболорун эске алуу менен Макулдашуучу мамлекеттин резидентинин жалданып иштөөгө байланыштуу алган маянасына, эмгек акысына жана башка ушул сыяктуу сый акысына ушул Мамлекетте гана салык салынат. Эгерде жалданып иштөө ушундай жол менен жүзөгө ашырылса, буга байланыштуу алынган сый акыга ошол экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Ушул берененин 1-пунктунун жобосуна карабастан, Макулдашуучу мамлекеттин резиденти экинчи Макулдашуучу мамлекетте жүзөгө ашырган жалданып иштөөгө байланыштуу алган сый акысына биринчи аталган Мамлекетте гана салык салынат, эгерде:
a) алуучу тийиштүү салыктык жылда башталган же аяктаган каалагандай он эки айлык мезгилде, жыйынтыктап алганда 183 (жүз сексен үч) күндөн ашпаган мезгилде же мезгилдердин ичинде экинчи Мамлекетте эмгек ишин жүзөгө ашырса; жана
b) сый акы экинчи Мамлекеттин резиденти болуп эсептелбеген жалдоочу тарабынан же жалдоочунун атынан төлөнсө; жана
c) сый акы жалдоочу экинчи Мамлекетте ээ болгон туруктуу мекеме тарабынан төлөнбөсө.
3. Ушул берененин мурдагы жоболоруна карабастан, Макулдашуучу мамлекеттин ишканасы тарабынан эл аралык ташууларда пайдаланылган деңиз, аба кемесинин бортунда же жол транспорт каражаттарында же темир жол транспорт каражаттарында ишке ашырылган жалданып иштөөгө байланыштуу алынган сый акыга салык ошол деңиз, аба, жол же темир жол транспорт каражатын эксплуатациялоочу ишкана резидент болуп саналган Макулдашуучу мамлекетте салынышы мүмкүн.
15-берене. Директорлордун сый акысы
Директорлордун сый акыларына жана директорлор кеңешинин мүчөсү же экинчи Макулдашуучу мамлекеттин резиденти болуп саналган компаниянын ушундай органы катары Макулдашуучу мамлекеттин резиденти алган ага окшош төлөмдөргө ошол экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
16-берене. Артисттер жана спортчулар
1. Ушул Макулдашуунун 7 жана 14-беренелеринин жоболоруна карабастан, Макулдашуучу мамлекеттин резидентинин театрдын, кинонун, радионун же телекөрсөтүүнүн артисти же музыканты сыяктуу искусство кызматкери катары же спортчу катары экинчи Макулдашуучу мамлекетте жүргүзгөн анын жеке ишинен алган кирешесине ошол экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Эгерде искусство кызматкеринин же спортчунун өз багытында жүргүзгөн жеке ишинен түшкөн кирешеси искусство кызматкеринин же спортчунун өзүнө эсептелбей, башка жакка эсептелсе, ушул Макулдашуунун 7 жана 14-беренелеринин жоболоруна карабастан, бул кирешеге искусство кызматкери же спортчу өз ишин жүргүзүп жаткан Макулдашуучу мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
3. Ушул берененин 1 жана 2-пункттарынын жоболоруна карабастан, ушул беренеде айтылган, бир Макулдашуучу мамлекеттин артисти же спортчу-резиденти алган киреше бул иш толугу менен же негизинен биринчи аталган Мамлекеттин мамлекеттик каражаттарынан каржыланган шартта артист же спортчу ишин жүргүзгөн экинчи Макулдашуучу мамлекетте салыктан бошотулат. Мындай учурда кирешеге артист же спортчу резиденти болуп саналган Макулдашуучу мамлекетте гана салык салынат.
17-берене. Пенсиялар
Бир Макулдашуучу мамлекетте пайда болгон жана мурунку жумушун эске алуу менен экинчи Макулдашуучу мамлекеттин резидентине төлөнүүчү пенсияларга жана башка ушул сыяктуу төлөмдөргө биринчи аталган Мамлекетте салык салынат.
18-берене. Мамлекеттик кызмат
1. а) Макулдашуучу мамлекет же аймактык-административдик бөлүм же болбосо жергиликтүү бийлик органы тарабынан ушул Мамлекетке же аймактык-административдик бөлүмгө же жергиликтүү бийлик органына көрсөтүлгөн кызматтарга карата жеке адамга төлөнүүчү эмгек акыга, маянага жана пенсиядан башка ушул сыяктуу сый акыларга ошол Мамлекетте гана салык салынат.
b) Бирок, мындай эмгек акыга, маянага жана башка ушул сыяктуу сый акыларга, эгерде кызмат ошол Мамлекетте көрсөтүлсө жана жеке жак ошол экинчи Мамлекеттин резиденти болуп саналса, экинчи Макулдашуучу мамлекетте гана салык салынат, ал:
(i) ушул Мамлекеттин жараны болуп саналса; же
(ii) кызмат көрсөтүү максатында гана ошол экинчи Мамлекеттин резиденти болбой калса.
2. Ушул Макулдашуунун 14, 15 жана 16-беренелеринин жоболору Макулдашуучу мамлекет же аймактык-административдик бөлүмдөр же болбосо жергиликтүү бийлик органы тарабынан жүргүзүлгөн ишкердик иштерге байланыштуу көрсөтүлгөн кызматтарга карата эмгек акыларга, маянага жана башка ушундай сый акыларга карата колдонулат.
19-берене. Студенттер, стажерлор, профессорлор жана окутуучулар
1. Экинчи Макулдашуучу мамлекеттин резиденти болуп эсептелүүчү же бир Макулдашуучу мамлекетке келгенге чейин түздөн-түз эсептелген жана биринчи аталган Макулдашуучу мамлекетте билим алуу же стажировка максатында гана жүргөн студент же стажер жашоо, билим алуу жана стажировка максаттары үчүн алган төлөмдөргө, мындай төлөмдөр ушул Макулдашуучу мамлекеттин чегинен тышкары булактардан келип чыккан шартта, аларга ошол Макулдашуучу мамлекетте салык салынбайт.
2. Макулдашуучу мамлекеттердин бирине, ошол Макулдашуучу мамлекетке университетте, колледжинде же башка таанылган илимий-изилдөө институтунда же башка жогорку билим берүү мекемесинде бир гана окутуу же терең билим алуу (изилдөө) максаты менен эки жылдан ашык эмес убакытка келген, түздөн-түз мындай келүүнүн алдында экинчи Макулдашуучу мамлекетте жашаган профессор же окутуучу мындай окуусу же изилдөөсү үчүн бардык сый акыларга карата бир Макулдашуучу мамлекетте салык төлөөдөн бошотулат.
3. Эгерде мындай изилдөө негизинен конкреттүү адамдын же бир нече жактын жеке кызыкчылыгы үчүн жүргүзүлсө, профессор же окутуучу жүргүзгөн изилдөөсү үчүн алган сый акыга ушул берененин 2-пунктунун жоболору жайылтылбайт.
20-берене. Башка кирешелер
1. Ушул Макулдашуунун мурдагы беренелеринде аталбаган, Макулдашуучу мамлекеттин резидентинин кирешесинин элементтерине, алардын келип чыгуу булактарына карабастан, ошол Мамлекетте гана салык салынууга тийиш.
2. Кыймылсыз мүлктөн түшкөн кирешеден тышкары кирешелерге карата ушул берененин 1-пунктунун жоболору колдонулбайт, ушул Макулдашуунун 6-беренесинин 2-пунктунда аныкталгандай, эгерде мындай кирешелерди алуучу Макулдашуучу мамлекеттин резиденти болуп туруп, экинчи Макулдашуучу мамлекетте жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу ишкердик жүргүзсө, аларга байланыштуу киреше алынган укук же мүлк ушундай туруктуу мекеме менен чындыгында байланышкан. Мындай учурда ушул Макулдашуунун 7-беренесинин жоболору колдонулат.
21-берене. Кош салык салууну болтурбоо методдору
1. Кыргызстанда кош салык салуу төмөнкүдөй четтетилет:
a) Эгерде Кыргызстандын резиденти киреше алса же ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык Венгрияда салык салынышы мүмкүн болгон капиталга ээ болсо, Кыргызстан Венгрияда төлөнгөн киреше салыгына барабар сумманы ушул резиденттин киреше салыгынан кармап калууга жол берет. Кармалган салыктын суммасы жогоруда аталган жобого ылайык Кыргызстанда колдонулуучу ставкалар боюнча ошол салыкка эсептелине турган салыктан ашпоого тийиш.
b) Эгерде Кыргызстандын резиденти ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык Венгрияда гана салык салына турган киреше алса, Кыргызстан бул кирешени Кыргызстанда салык салуу үчүн колдонулуучу салыктык ставканы белгилөө максатында гана салык базасына киргизе алат.
2. Венгрияда кош салык салуу төмөнкүдөй четтетилет:
a) Эгерде Венгриянын резиденти ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык Кыргызстанда салык салынышы мүмкүн болгон жана факт жүзүндө салык салынган киреше алса, Венгрия ушул пункттун "b" жана "системасын" пунктчаларынын жоболорун эске алуу менен мындай кирешелерди салыктан бошотот.
b) Эгерде Венгриянын резиденти ушул Макулдашуунун 10, 11 жана 12-беренелеринин жоболоруна ылайык Кыргызстанда салык салынышы мүмкүн болгон кирешелердин түрүн алса, Венгрия Кыргызстанда төлөнгөн салыкка барабар сумманы ошол резиденттин киреше салыгынан кармап калууга уруксат берет. Мындай кармап калуу Кыргызстанда алынган кирешенин мындай беренелерине таандык болгон кармап калууга чейин эсептелген салыктын бөлүгүнөн ашпоого тийиш.
c) Эгерде ушул Макулдашуунун кайсы бир жобосуна ылайык Венгриянын резиденти алган киреше Венгрияда салык төлөөдөн бошотулса, Венгрия ага карабастан мындай резиденттин кирешесинин калган бөлүгүнө салыктын суммасын эсептөөдө салыктан бошотулган кирешени көңүлгө алышы мүмкүн.
d) Ушул пункттун "а" пунктчасынын жоболору Венгриянын резиденти алган кирешеге колдонулбайт, мында Кыргызстан мындай кирешени салыктан бошотуу үчүн ушул Макулдашуунун жоболорун же мындай кирешеге карата ушул Макулдашуунун 10-беренесинин 2-пунктунун, 11 же 12-беренелеринин жоболорун колдонот.
22-берене. Басмырлоого жол бербөө
1. Макулдашуучу мамлекеттин жарандары экинчи Макулдашуучу мамлекетте ошол экинчи Мамлекеттин жарандары ошондой эле шарттарда, тактап айтканда жашоосуна катыштуу дуушар болушу мүмкүн болгон салык салуудан же кандайдыр бир талаптан башка же кыйла түйшүктүү салык салууга же аны менен байланышкан кандайдыр бир талаптарга дуушар болбоого тийиш. Бул жобо ушул Макулдашуунун 1-беренесинин жоболоруна карабастан, бир же эки Макулдашуучу мамлекеттин тең резиденттери болуп эсептелбеген жактарга карата да колдонулууга тийиш.
2. Макулдашуучу мамлекеттин резиденттери болуп саналган жарандыгы жок адамдар экинчи Макулдашуучу мамлекетте ошол экинчи Мамлекеттин жарандары ошондой эле шарттарда, тактап айтканда жашоосуна катыштуу дуушар болушу мүмкүн болгон салык салуудан же кандайдыр бир талаптан башка же кыйла түйшүктүү салык салууга же аны менен байланышкан кандайдыр бир талаптарга дуушар болбойт.
3. Бир Макулдашуучу мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашуучу мамлекетте ээ болгон туруктуу мекемеге салык салуу ошол экинчи Мамлекетте ушундай иш-аракеттерди жүргүзгөн экинчи Мамлекеттин ишканаларына салынган салыктарга караганда ыңгайлуулугу төмөн болбоого тийиш. Бул жобо Макулдашуучу мамлекетти экинчи Макулдашуучу мамлекеттин резиденттерине жарандык статусунун же үй-бүлөлүк милдеттеринин эсебинен салык салуу максатында өздөрүнүн жеке резиденттерине берилүүчү кандайдыр бир жекече жеңилдиктерди, бошотууларды же кармап калууларды берүүгө милдеттендирүү катары чечмеленбөөгө тийиш.
4. Ушул Макулдашуунун 9-беренесинин 1-пунктунун, 11-беренесинин 7-пунктунун же 12-беренесинин 6-пунктунун жоболору колдонулуучу учурларды кошпогондо, бир Макулдашуучу мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашуучу мамлекеттин резидентине төлөгөн пайыздар, роялти жана башка төлөмдөр мындай ишкананын салык салынуучу кирешесин аныктоо максатында биринчи аталган Макулдашуучу мамлекеттин резидентине төлөнгөндөй шарттарда кармап калынууга тийиш. Ушундай эле, бир Макулдашуучу мамлекеттин ишканасынын экинчи Макулдашуучу мамлекеттин резидентине болгон бардык карыздары мындай ишкананын салык салынуучу капиталын аныктоо максатында биринчи аталган Мамлекеттин резиденти менен түзүлгөндөй шарттарда кармап калынууга тийиш.
5. Капиталы экинчи Макулдашуучу мамлекеттин бир же бир нече резиденттерине толук же жарым жартылай түздөн-түз же кыйыр түрдө таандык болгон Макулдашуучу мамлекеттин ишканалары биринчи аталган Мамлекетте бир Мамлекеттин ушуга окшош ишканалары дуушар болгон же дуушар болушу мүмкүн болгон салык салынууга же тиешелүү талаптарга караганда түйшүктүү салык салынууга же кандайдыр бир талапка дуушар болбоого тийиш.
6. Ушул берененин жоболору 2-берененин жоболоруна карабастан, бардык типтеги жана сыпаттоодогу салыктарга колдонулууга тийиш.
23-берене. Өз ара макулдашуу жол-жоболору
1. Эгерде жак бир же эки Макулдашуучу мамлекеттин аракеттери ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык келбеген салык салууга алып келди же алып келет деп эсептесе, ал эки Мамлекеттин тең улуттук мыйзамдарында каралган укуктук коргоо каражаттарына карабастан, өз ишин каалаган Макулдашуучу мамлекеттин компетенттүү органына же анын иши ушул Макулдашуунун 22-беренесинин 1-пунктуна туура келсе, жараны болуп саналган Макулдашуучу мамлекеттин компетенттүү органына бере алат. Арыз ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык келбеген салык салууга алып келүүчү аракеттер жөнүндө бир кабарлоо учурунан тартып 3 (үч) жылдын ичинде берилүүгө тийиш.
2. Компетенттүү орган дооматты негиздүү деп эсептесе жана аталган орган өз алдынча канааттандырарлык чечимге келе албаса, маселени ушул Макулдашууга шайкеш келбеген салык салуудан качуу максатында экинчи Макулдашуучу мамлекеттин компетенттүү органы менен өз ара макулдашуу боюнча чечүүгө умтулат. Жетишилген макулдашуу доонун эскиргендигине карабастан, экинчи Макулдашуучу мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ишке ашырылууга тийиш.
3. Макулдашкан мамлекеттердин компетенттүү органдары ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөгө байланыштуу келип чыккан ар кандай кыйынчылыктарды же шектенүүлөрдү өз ара макулдашуу боюнча чечүүгө умтулушат. Алар ошондой эле ушул Макулдашууда каралбаган учурларда кош салык салуудан качуу боюнча бири-бири менен консультация өткөрүшү мүмкүн.
4. Макулдашуучу мамлекеттин компетенттүү органдары мурдагы пункттардын мазмуну боюнча макулдашууларга жетүү максаттарында бири-бири менен түздөн-түз байланыша алышат. Ушул Макулдашуунун жоболорун аткарууга байланыштуу бардык талаш-тартыштар жана карама-каршылыктар сүйлөшүүлөр жана консультациялар аркылуу чечилиши мүмкүн.
24-берене. Маалымат алмашуу
1. Эгерде мындай салык салуу ушул Макулдашууга каршы келбесе, Макулдашуучу мамлекеттердин компетенттүү органдары ушул Макулдашуунун жоболорун аткарууга же Макулдашуучу мамлекеттердин, же алардын аймактык-административдик бөлүмдөрүнүн же жергиликтүү бийлик органдарынын атынан алынуучу ар кандай түрдөгү салыктарга тиешелүү Макулдашуучу мамлекеттердин улуттук мыйзамдарын аткарууга же колдонууга тиешеси бар ушундай маалыматтарды алмашышат. Маалымат алмашуу ушул Макулдашуунун 1 жана 2-беренелери менен чектелбейт.
2. Ушул берененин 1-пунктуна ылайык Макулдашуучу мамлекет тарабынан алынган ар кандай маалымат ушул Макулдашуучу мамлекеттин улуттук мыйзамдарына ылайык алынган маалымат сыяктуу эле жашыруун маалымат катары каралууга тийиш жана ал ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн салыктарды эсептөө же жыйноо, мажбурлап өндүрүү же куугунтуктоо, ошондой эле аларга карата апелляцияларды кароо менен алектенген адамдарга жана бийликке (сотторду же администрациялык органдарды кошкондо) гана маалымдалат. Мындай адамдар же органдар маалыматты ушул максаттар үчүн гана колдонууга тийиш. Алар маалыматты соттук жыйындын жүрүшүндө же соттук чечимдерди кабыл алууда ачыкка чыгара алышат. Жогоруда баяндалгандарга карабастан Макулдашуучу мамлекет тарабынан алынган маалымат эки мамлекеттин мыйзамдарына ылайык мындай маалыматты башка максаттар үчүн пайдаланууга мүмкүн болгон жана маалыматты берип жаткан Мамлекеттин компетенттүү органы мындай пайдаланууга уруксат берген шартта башка максаттар үчүн пайдаланылышы мүмкүн.
3. Кандай гана учур болбосун ушул берененин 1 жана 2-пункттары Макулдашуучу мамлекеттерди төмөнкүлөргө милдеттендирүүчү катары чечмеленүүгө тийиш эмес:
a) ушул же экинчи Макулдашуучу мамлекеттин мыйзамдарына жана административдик практикасына каршы келген административдик чараларды көрүүгө;
b) ушул же экинчи Макулдашуучу мамлекеттин мыйзамдары боюнча же демейдеги административдик практиканын жүрүшүндө алууга мүмкүн болбогон маалыматты берүүгө;
c) кандайдыр бир соода, ишкердик, өнөр жайлык, коммерциялык же кесиптик жашыруун сырды же болбосо соода процессин ачыкка чыгаруучу маалыматты берүүгө же ачыкка чыгаруу мамлекеттик саясатка (ачыкка чыгаруу тартиби) каршы келген маалыматты берүүгө.
4. Эгерде маалымат Макулдашуучу мамлекет тарабынан ушул беренеге ылайык суралып жатса, экинчи Макулдашуучу мамлекет салык салуудагы өзүнүн максаттары үчүн мындай маалыматка муктаж болбосо дагы, экинчи Макулдашуучу мамлекет суралып жаткан маалыматты алуу үчүн өзүнүн чогултуу ыкмаларын пайдаланышы керек. Мурдагы жободо камтылган милдеттенме ушул берененин 3-пунктунун чектөөлөрүнө тийиш болот, бирок мындай чектөөлөр Макулдашуучу мамлекеттин мындай маалыматтарга ички кызыкчылыгы жок болгондугу үчүн гана маалыматты берүүдөн баш тартуусуна мүмкүндүк берет деп чечмеленбеши керек.
5. Ушул берененин 3-пунктунун жоболору эч качан Макулдашуучу мамлекетке маалымат банкта, же башка финансылык мекемеде, дайындалган адамда же агенттикте же ишенимдүү жак катары иштеген адамда сакталгандыктан же ал кандайдыр бир жактын мүлктүк кызыкчылыгына тийиштүү болгондуктан гана маалымат берүүдөн баш тартуусуна мүмкүндүк берет деп чечмеленбеши керек.
25-берене. Дипломатиялык миссиялардын жана консулдук мекемелердин мүчөлөрү
Ушул Макулдашуунун эч кандай жобосу дипломатиялык миссиялардын жана консулдук мекемелердин мүчөлөрүнүн эл аралык укуктун жалпы ченемдеринин же атайын макулдашуулардын негизинде берилген салыктык артыкчылыктарына таасирин тийгизбейт.
26-берене. Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү
Макулдашуучу мамлекеттер өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделет.
27-берене. Жеңилдиктерге чектөөлөр
Ушул Макулдашуунун башка кандай болбосун жоболоруна карабастан, ушул Макулдашуу боюнча артыкчылыктар кирешелердин беренелерине карата берилбеши керек, эгерде бардык тиешелүү фактыларды жана жагдайларды эске алуу менен акылга сыярлык тыянакка келсек, бул артыкчылыкты алуу түз же кыйыр түрдө бул артыкчылыкка алып келүүчү ар кандай келишимдердин же бүтүмдөрдүн негизги максаттарынын бири, буга ушул жагдайларда бул артыкчылыкты берүү Макулдашуунун тиешелүү жоболорунун объектине жана максаттарына шайкеш келе тургандыгы аныкталган учурлар кирбейт.
28-берене. Күчүнө кириши
1. Макулдашуучу мамлекеттер дипломатиялык каналдар аркылуу ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн талап кылынуучу мамлекеттик ички жол-жоболордун аяктагандыгы жөнүндө бир-бирине жазуу жүзүндө кабарлашат.
2. Ушул Макулдашуу аталган берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн акыркы жазуу жүзүндөгү кабарлоону алгандан кийин 30-күнү күчүнө кирет жана анын жоболору төмөнкүлөргө карата күчүнө кирет:
a) төлөө булагынан кармалган салыктарга карата, ушул Макулдашуу күчүнө кирген жылдан кийинки календардык жылдын биринчи январында төлөнгөн же эсептелген суммаларга;
b) башка салыктарга карата - ушул Макулдашуу күчүнө кирген жылдан кийинки календардык жылдын биринчи январынан тартып же андан кийин башталуучу салыктык жылдар үчүн салыктарга.
29-берене. Колдонулушун токтотуу
Ушул Макулдашуу Макулдашуучу мамлекеттердин бири анын колдонулушун токтотконго чейин күчүндө калат. Макулдашуучу мамлекеттердин ар бири ушул Макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып беш жыл өткөндөн кийинки календардык жыл аяктаганга чейин алты ай мурда Макулдашуунун колдонулушун токтотуу жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндө кабарлоо менен ушул Макулдашууну колдонууну токтото алат. Мындай учурда ушул Макулдашуу төмөнкүлөргө карата өз күчүн токтотот:
a) төлөө булагынан кармалган салыктарга карата, кабарлоо берилген жылдан кийинки календардык жылдын биринчи январында төлөнгөн же эсептелген суммаларга;
b) башка салыктарга карата - кабарлоо берилген жылдан кийинки календардык жылдын биринчи январынан тартып же андан кийин башталган салыктык жылдар үчүн салыктарга.
Муну ырастоо үчүн, тиешелүү түрдө ыйгарым укук берилген төмөндө кол койгондор, ушул Макулдашууга жана тиркелген Протоколго кол коюшту.
20___-жылдын "___" _____________ эки нускада, кыргыз, венгер, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасы үчүн |
| Венгрия үчүн |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо, салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууга карата ПРОТОКОЛ
кол коюлду (дата) __________ (жери) _______________
Кыргыз Республикасы менен Венгрия ____________________ кол коюлган Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо, салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууга кошумча төмөнкү жоболорду макулдашты, алар аталган Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат:
1. Ушул Макулдашуу Венгриянын Европа Бирлигине мүчө болушунан келип чыгуучу милдеттенмелерине эч кандай зыян келтирбейт.
Муну ырастоо үчүн, тиешелүү түрдө ыйгарым укук берилген төмөндө кол койгондор, ушул Протоколго кол коюшту.
20___-жылдын "___" _____________ эки нускада, кыргыз, венгер, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасы үчүн |
| Венгрия үчүн |