Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 25-сентябры № 336-б
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Венгриянын Дьёр-Мошон-Шопрон округунун жергиликтүү администрациясынын ортосундагы Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык-маданий кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | К.А. Боронов |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Венгриянын Дьёр-Мошон-Шопрон округунун жергиликтүү администрациясынын ортосундагы Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык-маданий кызматташуу жөнүндө
МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын жана Венгриянын мыйзамдарынын негизинде аракеттенген, мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана Венгриянын Дьёр-Мошон-Шопрон округунун жергиликтүү администрациясы өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү максатында төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:
1- берене
Ушул Макулдашуунун максаты Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасы жана Венгрия катышуучулары болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык-маданий чөйрөлөрдөгү кызматташтыкты кеңейтүү жана бекемдөө болуп саналат. Тараптар Макулдашууну ак ниеттүү жана натыйжалуу ишке ашыруу максатында ушул Макулдашуунун алкагында өз иштерин талаптагыдай координациялоого бардык күч-аракетин жумшайт.
2- берене
Тараптар өз компетенцияларынын чегинде соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык-маданий чөйрөлөрдөгү кызматташтыкты өнүктүрүүнүн абалын жана келечегин көңүлгө алуу менен төмөнкү багыттар боюнча өз ара байланышта иштешет:
- өз ара соода жүргүзүү;
- өнөр жай;
- инвестициялык иш;
- айыл чарба;
- логистика;
- саламаттык сактоо;
- илим жана техника;
- жаштар саясаты;
- маданий байланыштар;
- туризм.
З-берене
Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык Тараптар ушул Макулдашууну ишке ашыруу максатында программаларды иштеп чыгышат жана кабыл алышат, иш-чараларды еткерушет, ошондой эле айрым программаларды жана долбоорлорду аткаруу, координациялоо жана контролдоо боюнча кызматташтыкты колдоо үчүн биргелешкен комиссияларды жана жумушчу топторду түзүшөт.
Ушул Макулдашууга ылайык конкреттүү долбоорлор, программалар, пландар жана башка келишимдер Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун жана Венгриянын Дьёр-Мошон-Шопрон округунун жергиликтүү администрациясынын чарба жүргүзүүчү субъекттери тарабынан түздөн-түз ишке ашырылат.
Тараптар ушул Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарында белгиленген учурлардан тышкары, чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосунда түзүлгөн келишимдерден жана башка макулдашуулардан келип чыгуучу милдеттенмелер боюнча жоопкерчилик тартышпайт.
4- берене
Тараптар биргелешкен ишканалардын иштеши, оз ара кызыкчылык жараткан биргелешкен долбоорлорду жана программаларды иштеп чыгуу жана жузеге ашыруу кызыкчылыгында оздерунун ыйгарым укуктарынын чегинде зарыл болгон уюштуруучулук, финансылык, экономикалык жана укуктук шарттарды тузушет.
5- берене
Тараптар чарба жүргүзүүчү субъекттердин Тараптар өткөргөн жарманкелерине, көргөзмөлөрүнө жана башка иш-чараларына катышуусуна өбөлгө түзүшөт, ошондой эле соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык-маданий чөйрөлөрдүн ар кандай багыттары боюнча маалымат алмашышат.
6- берене
Тараптар соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык-маданий чөйрөлөрдө делегациялардын жана адистердин алмашуусуна кемек көрсөтүшөт жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосунда кызматташуу мүмкүндүгүн карашат.
7-берене
Тараптар ушул Макулдашуунун негизинде алынган маалыматты берген Тараптын мамлекетинин мыйзамдарына шайкеш келген, ошондой эле маалымат алынган Тараптын жазуу жүзүндөгү уруксаты берилген учурда үчүнчү тарапка берилиши мүмкүн экендигине макулдук беришет.
Мында, Тараптар ушул Макулдашуунун алкагында Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык мамлекеттик, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сырды түзгөн маалыматты алмашышпайт.
8- берене
Тараптар ушул Макулдашууну аткарууга таасирин тийгизиши мүмкүн болгон Кыргыз Республикасынын жана Венфиянын мыйзамдарында баардык киргизилген өзгөрүүлөр жөнүндө бири-бирине билдиришет.
9- берене
Ушул Макулдашуу үчүнчү тараптар менен түзүлгөн келишимдер боюнча Тараптардын укуктарын жана милдеттенмелерин козгобойт.
10- берене
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөө же колдонуу менен байланышкан бардык талаш маселелер сүйлөшүүлөр жана консультациялар аркылуу чечилишет.
11- берене
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашууга өзүнчө протокол менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
12- берене
Ушул Макулдашуу ага кол коюлган күндөн тартьш күчүнө кирет жана беш жыл бою колдонулат.
Эгерде Тараптардын бири тиешелүү мөөнөт аяктаганга чейин үч айдан кечиктирбей Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндө экинчи Тарапты кабарлабаса, анда ушул Макулдашуунун колдонулушу автоматтык түрдө кийинки беш жылга узартылат.
Ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ушул Макулдашуунун алкагында түзүлгөн башка макулдашууларды, контракттарды, келишимдерди, протоколдорду жана программаларды аткаруу боюнча милдеттенмелерди козгобойт.
2020-жылдын "_____"______Будапешт шаарында эки нускада ар бири кыргыз, венгер, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Ушул Макулдашууну чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Тараптар англис тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты | Венгриянын Дьёр-Мошон-Шопрон округунун жергиликтүү администрациясы |