Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 25-сентябры № 334-б
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Венгриянын Финансы министрлигинин ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумдун мамлекеттик тилде тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгү менен макулдук берилсин.
Премьер-министр |
| К.А.Боронов |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Венгриянын Финансы министрлигинин ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө МЕМОРАНДУМ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Венгриянын Финансы министрлиги,
Эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилени жана үзүрлүү кызматташууну көңүлгө алып, мамлекеттик финансыларды натыйжалуу башкаруу жана финансылык саясат жаатында кызматташуу кызыкчылыгын билдирип,
Тараптар ортосундагы теңчилик жана өз ара пайданын негизиндеги эки тараптуу кызматташууну андан ары илгерилетүүнү каалоо менен, төмөнкүлөр боюнча өз ара түшүнүшүүгө келишти:
1-берене.
Натыйжалуу кызматташуу максатында Тараптар өз мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык:
а) Тараптардын компетенциясына кирүүчү маанилүү маселелер боюнча маалымат жана тажрыйба алмашат, ага төмөнкүлөр кирет:
- мамлекеттик финансыны натыйжалуу башкаруу;
- бюджеттик, фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча улуттук мыйзамдар;
- республикалык бюджетти түзүү жана аткаруу;
- кассалык каражаттарды финансылык болжолдоо жана башкаруу;
- мамлекеттик кирешелерди болжолдоо;
- ички аудитти контролдоо жана баалоо;
- бюджеттин чыгымдары: даректүүлүк жана натыйжалуулук;
- жергиликтүү бюджеттерди тейлөөнүн методологиясы жана технологиясы;
- мамлекеттик инвестициялар саясатын жүргүзүү;
- эл аралык финансылык уюмдар менен кызматташуу боюнча тажрыйба алмашуу;
- бюджеттик эсеп жана отчеттуулук;
- казыналык системасындагы маалыматтык технологиялар;
- казыналыкты модернизациялоо;
б) Тараптардын кызматкерлеринин ортосундагы жумушчу өз ара тыгыз мамилелерди колдоо жана жардамга муктаждыкты баалоо, эки тараптын ортосундагы мыкты өз ара түшүнүшүүнү илгерилетүү үчүн жогоруда аталган чөйрөдө таанышуу визиттери жана семинарларды өткөрүү;
в) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги үчүн техникалык жана консультациялык жардам берүү.
2-берене.
Ушул Меморандумдун 1-беренесинин жоболорун аткаруу максатында Тараптардын кызматташтыгы төмөнкүдөй негизги формаларда ишке ашырылат:
- Тараптардын компетенциясына тийиштүү маселелер боюнча Тараптардын адистерине таанышуу визиттерин жана жолугушууларын өткөрүү аркылуу тажрыйба алмашуу;
- Тараптардын мамлекеттериндеги казыналык системанын ишин, мамлекеттик финансыны башкарууну жөнгө салуучу мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен таанышуу;
- ушул Меморандумдун алкагында семинарларды, дискуссияларды жана конференцияларды уюштуруу;
- Тараптардын ишинин маселелери боюнча маалымат алмашуу.
3-берене.
Ушул Меморандумдун алкагында өткөрүлүүчү иш-чаралар Тараптардын макулдашуусу боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында жана Венгриянын аймагында өткөрүлөт.
Тараптардын ар бири ушул Меморандумдун алкагында өткөрүлүүчү иш-чаралардын катышуучуларын талкуулануучу маселелерге ылайык өз алдынча дайындашат. Мындай иш-чараларды даярдоодо Тараптар аларды даярдоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана маселелерди алдын ала бири бирине жиберишет, ошондой эле иш-чараларды даярдоого жана ишке ашырууга таасир эте турган бардык өзгөртүүлөр тууралуу бири бирине күн мурунтан маалымдашат.
4-берене.
Ушул Меморандумдун алкагында өткөрүлүүчү иш-чараларга катышуу үчүн Тараптардын өкүлдөрүн иш сапарга жөнөтүүдө, эгерде алдын ала башкача сүйлөшүлбөсө, ар бир Тарап тийиштүү чыгымдарды өздөрү көтөрүшөт.
Кабыл алуучу Тарап, эгерде алдын ала башкача сүйлөшүлбөсө аталган иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды өзү көтөрөт.
5-берене.
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Меморандумга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар өзүнчө протоколдор менен таризделет.
6-берене.
Зарыл болгон учурда Тараптар ушул Меморандумдун алкагында кызматташуунун натыйжалуулугун бекемдөө жана жогорулатуу боюнча маселелерди кароо максатында жумушчу жолугушууларды жана консультацияларды өткөрүшөт.
7-берене.
Ушул Меморандум кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет жана беш жыл аралыгында күчүндө болот. Меморандумдун колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө Тараптардын эч кимиси колдонулуу мөөнөтү аяктаганга алты (6) ай калганга чейин жазуу жүзүндө билдирбесе, Меморандум автоматтык түрдө кийинки беш жылдык мөөнөткө узартылат.
____________ шаарында _____-жылдын "__" _________ англис тилинде эки нускада түзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги үчүн |
| Венгриянын Финансы министрлиги үчүн |