Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы

№ 622 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2020-жылдын 2-ноябры № 544

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 20-мартындагы № 171 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча оперативдүү штабдын курамында:

- биринчи жана экинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын социалдык блок боюнча вице-премьер-министри, оперативдүү штабдын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри, оперативдүү штабдын төрагасынын орун басары (жалпы координациялоо);";

- бешинчи жана жетинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;

мамлекеттик тилдеги текстинде:

- тогузунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- жыйырма алтынчы абзацындагы "биринчи" деген сөз алып салынсын;

- жыйырма жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өкүлү;";

расмий тилдеги текстинде:

- жыйырма бешинчи абзацындагы "первый" деген сөз алып салынсын;

- жыйырма алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"представитель отдела обороны, правопорядка и чрезвычайных ситуаций Аппарата Правительства Кыргызской Республики;".

 

Премьер-министр

С.Н.Жапаров