Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2020-жылдын 20-марты № 171
(КР Премьер-министринин 2020-жылдын 1-сентябрындагы № 374, 2020-жылдын 2-ноябрындагы № 544 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө жана ыкчам чара көрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча оперативдүү штаб (мындан ары - оперативдүү штаб) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Оперативдүү штабга төмөнкүлөр жүктөлсүн:
- Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө жана кырдаалга ыкчам чара көрүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө боюнча чараларды камсыз кылууга тартылган министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча), башка мамлекеттик органдардын жана уюмдардын күчтөрүн жана каражаттарын координациялоо.
3. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) жетекчилери оперативдүү штабдын суроо-талабы боюнча зарыл болгон маалыматты ыкчам тартипте беришсин жана анын ишине көмөк көрсөтүшсүн.
4. Оперативдүү штабдын ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлсүн.
(КР Премьер-министринин 2020-жылдын 1-сентябрындагы № 374 буйругунун редакциясына ылайык)
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча оперативдүү штабдын КУРАМЫ
(КР Премьер-министринин 2020-жылдын 1-сентябрындагы № 374, 2020-жылдын 2-ноябрындагы № 544 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын социалдык блок боюнча вице-премьер-министри, оперативдүү штабдын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри, оперативдүү штабдын төрагасынын орун басары (жалпы координациялоо);
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары, оперативдүү штабдын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).
Оперативдүү штабдын мүчөлөрү:
(Абзац КР Премьер-министринин 2020-жылдын 2-ноябрындагы № 544 буйругуна ылайык күчүн жоготту)
Кыргыз Республикасынын экономикалык блок боюнча вице-премьер-министри;
(Абзац КР Премьер-министринин 2020-жылдын 2-ноябрындагы № 544 буйругуна ылайык күчүн жоготту)
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри;
(Абзац КР Премьер-министринин 2020-жылдын 2-ноябрындагы № 544 буйругуна ылайык күчүн жоготту)
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын Финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Экономика министри;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү;
Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын өкүлү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иштер бөлүмүнүн өкүлү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн өкүлү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү саясаты, экономика жана финансы бөлүмүнүн өкүлү (макулдашуу боюнча).