Загрузка документа…
КР Премьер-министринин 2021-жылдын 15-февралындагы № 80 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2020-жылдын 11-ноябры № 566
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 19-октябрындагы № 488 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин жана вице-премьер-министрлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүүдө:
- 4-главасынын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Сурабалдиева Э.Ж. (Социалдык блок)";
2) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Ишин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, биринчи вице-премьер-министри жана вице-премьер-министрлери тейлеген жана координациялаган мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын тизмегинде:
- 4-главасынын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Сурабалдиева Э.Ж. (Социалдык блок)".
Премьер-министр | С.Н.Жапаров |