Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 13-ноябры № 374-б
Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик уюмдарынан кредит алган зайымчыларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана Кыргыз Республикасынын банктык системасынын туруктуулугун камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-ноябрындагы № 358 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экономиканы турукташтыруу боюнча кыска мөөнөттүү иш-аракеттеринин планы тиркемеге ылайык редакцияда алтынчы глава жана 48-пункт менен толукталсын.
Премьер-министр |
| С.Н.Жапаров |
Тиркеме
№ | Милдеттер | Чаралар | Индикатор/ күтүлүүчү натыйжа | Жооптуулар | Аткаруу мөөнөттөрү | Каржылоо булагы |
Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик уюмдарынан кредит алган зайымчыларга колдоо көрсөтүү | ||||||
48 | Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик уюмдарынан кредит алган зайымчыларга пайыздарды төлөөдөн үч айга бошотуу аркылуу мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана Кыргыз Республикасынын банктык жана финансылык системасынын туруктуулугун камсыздоо | 100,0 миң сомго чейинки суммада берилген кредиттер боюнча толук түшпөй калган пайыздардан/кошмо баалардан келип чыккан чыгымдарды финансы-кредиттик мекемелерге компенсациялоо | Пайыздарды төлөө боюнча зайымчыларга финансылык колдоо көрсөтүү | ФМ, КРУБ (макулдашуу боюнча) | 2020-жылдын 15-марты | Республикалык бюджеттин каражаттары |