Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2020-жылдын 30-ноябры № 640
Мамлекеттик активдерди башкаруу системасын жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасында акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун иштерин комплекстүү талдоо жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык эксперттик жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ эки айлык мөөнөттө төмөнкүдөй сунуштарды иштеп чыксын:
- мамлекеттик ишканаларды оптималдаштыруу жана кайра уюштуруу боюнча;
- Кыргыз Республикасында акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканаларды жана акционердик коомдорду башкаруу системасын андан ары жакшыртуу жана иштин жыйынтыгын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү боюнча.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко иш процессинде келип чыккан маселелерди чечүү үчүн, зарыл болгондо министрликтердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) кызматкерлерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
4. Аткаруу бийлиги органдарынын жана мамлекеттик ишканалардын жетекчилери ведомстволор аралык жумушчу топтун ишине бардык зарыл болгон материалдар менен камсыздашып, көмөк көрсөтүшсүн.
5. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруу-техникалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго жүктөлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
| А.Э.Новиков |
|
| Тиркеме |
Акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун иштерин комплекстүү талдоо жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык эксперттик жумушчу топтун КУРАМЫ
Орозбеков А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун төрагасы; |
Ахматов С.М. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Исабеков К.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн эксперти; |
Сатарова Э.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин мамлекеттик мүлк саясаты башкармалыгынын начальниги; |
Бахавадинов Э.И. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы; |
Ташбаев И.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун статс-катчысы; |
Дуйшобаев А.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин финансы жана стратегиялык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги; |
Осмонбаев К.А. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин аскердик экономика, экспорттук контроль жана лицензиялоо бөлүмүнүн начальнигинин орун басары; |
Борончиев Ш.И. | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин машина куруу, металлургия жана курулуш материалдары башкармалыгынын начальниги; |
Жээнбеков М.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин энергетика башкармалыгынын начальниги; |
Керимбаев Э.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги; |
Джаликов Б.А. | - | маалыматтык жана кибер коопсуздук боюнча көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Джумадилде у. М. | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Кожогулов Б.К. | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча). |