КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 25-ноябры № 384-б
Каржылоо механизми жөнүндө макулдашуунун (Атайын операциялар) алкагында, Бишкек шаарында 2020-жылдын 26-27-ноябрында боло турган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Нарын облусунда айылдарды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасын колдоого багытталган сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү (2-иш-чара) максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Каржылоо механизми жөнүндө макулдашуунун (Атайын операциялар) алкагында, Бишкек шаарында 2020-жылдын 26-27-ноябрында боло турган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Нарын облусунда айылдарды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасын колдоого багытталган сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү (2-иш-чара) үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Расмий делегациянын башчысына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктоочу протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
| А.Э.Новиков |
|
| Тиркеме |
Каржылоо механизми жөнүндө макулдашуунун (Атайын операциялар) алкагында, Бишкек шаарында 2020-жылдын 26-27-ноябрында боло турган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Нарын облусунда айылдарды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасын колдоого багытталган сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү (2-иш-чара) үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын КУРАМЫ
Момунов Сайпидин Эсеналиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары, делегациянын башчысы; |
Байгончоков Мирланбек Конушбекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Ахматов Султан Маматович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Байдылдаев Мурат Курманбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; |
Ободоев Достукбек Абдыгапарович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин директору; |
Динара Дуйшенкул кызы | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальнигинин милдетин аткаруучу; |
Баянбек Тилек | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар жана донордук жардамдарды координациялоо башкармалыгынын донордук жардамдарды координациялоо бөлүмүнүн башчысы; |
Ашимбаев Сабыркул Абасович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Мамбеткулова Асель Жекишовна | - | Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин аткаруучу директорунун орун басары (макулдашуу боюнча). |