Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 1-декабры № 389-б
2021-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны өнүктүрүү программасынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча иштерди өз убагында даярдоону жана тартипке келтирүүнү камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. 2021-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны өнүктүрүү программасынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ:
- 2021-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны өнүктүрүү боюнча программанын долбоорун жана 2021-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны өнүктүрүү боюнча программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын долбоорун үч айлык мөөнөттө иштеп чыксын;
- ведомстволор аралык жумушчу топко министрликтердин, ведомстволордун, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун кызматкерлерин зарылдыкка жараша белгиленген тартипте ишке тартуу укугу берилсин.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
| А.Э.Новиков |
|
| Тиркеме |
2021-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны өнүктүрүү программасынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Экономика министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алтынчы саясий департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алтынчы саясий департаментинин кеңешчиси;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Электрондук коммерция ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
"КейДжи Лабс" коомдук фондунун негиздөөчүсү (макулдашуу боюнча).