Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2020-жылдын 1-декабры № 641
Салмак габаритти контролдоодо жана жасалма курулмалар аркылуу транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымдарды алууда коррупциялык тобокелдиктерди алып салуу, адам факторун минималдаштыруу, ошондой эле транспорт каражаттарынын уруксат берилген салмак габариттик параметрлерин бузуу жөнүндө маалыматты автоматтык түрдө берүүнү киргизүү жана Бишкек-Ош автомобиль жолунда жасалма курулмалар боюнча транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымдарды автоматтык түрдө алуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Транспорт каражаттарынын уруксат берилген салмак габариттик параметрлерин бузуу жөнүндө маалымат берүү боюнча Бишкек-Ош автомобиль жолунда жасалма курулмалар аркылуу транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымдарды автоматтык түрдө алуу кызмат көрсөтүүлөрүнө техникалык-экономикалык негиздеменин жана техникалык тапшырманын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2020-жылдын 20-декабрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын аймагында орнотулган салмак габариттик параметрлердин бузулууларын жана салмак габариттик параметрлерин бузууларды жазып калуу жана Бишкек-Ош автомобиль жолуна жасалма курулмалар боюнча транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымдарды автоматтык түрдө алуу максатында аппараттык-программалык комплекстерди орнотууга техникалык-экономикалык негиздеменин жана техникалык тапшырманын долбоорлорун иштеп чыгып, андан ары пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко зарыл болгон учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана административдик ведомстволорунун жетекчилери ведомстволор аралык жумушчу топтун суроо-талабы боюнча зарыл болгон маалыматты ыкчам тартипте беришсин жана анын ишине ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн.
5. Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөсү ээлеген кызматынан бошогондугуна байланыштуу мүчөлүктөн чыккан учурда анын милдети ушул кызматка жаңы дайындалган адамга өтөт.
6. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги ведомстволор аралык жумушчу топтун жумушчу органы болуп аныкталсын.
7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
| А.Э.Новиков |
|
| Тиркеме |
Транспорт каражаттарынын уруксат берилген салмак габариттик параметрлерин бузуу жөнүндө маалымат берүү боюнча Бишкек-Ош автомобиль жолунда жасалма курулмалар аркылуу транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымдарды автоматтык түрдө алуу кызмат көрсөтүүлөрүнө техникалык-экономикалык негиздеменин жана техникалык тапшырманын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Бердалиев Бакыт Чырмашбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Исмаилов Алтынбек Джапарович | - | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Кармышаков Улукбек Тойчуевич | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Солтобаев Талантбек Осмонбекович | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары; |
Аширходжаев Эркебек Джумабекович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары; |
Ибраимов Азат Эмильбекович | - | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; |
Шатемиров Кубаныч Таалайбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; |
Аданбаев Бердимамат Аданбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун директору; |
Саркулов Ыманалы Кадырбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары; |
Акматов Адылбек Тентимишович | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин автомобиль жана темир жол транспорту башкармалыгынын начальниги; |
Мусабеков Нурмат Болотбекович | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин автомобиль жана темир жол транспорту башкармалыгынын башкы адиси; |
Абдышев Искендер Куватбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын санариптик трансформациялоо башкармалыгынын санариптик талдоо бөлүмүнүн адиси; |
Касымалы уулу Арсланбек | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин директорунун орун басары; |
Аманов Кубанычбек Абдылдаевич | - | "Бишкек-Ош" автомобиль жолу мамлекеттик дирекциясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу; |
Баратова Гульмира Турткуловна | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын Мониторинг борборунун начальниги; |
Осмоналиев Рыскулбек Асанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директору; |
Кайынбаев Нурланбек Бектенбекович | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы жол тармагын реформалоо боюнча иш-чараларды өткөрүүгө көмөктөшүү боюнча консультанттар тобунун жетекчиси; |
Момбеков Бактылуу Аскар уулу | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн эксперти. |